https://sputnik.kg/20261030/patrushev-natonu-iri-sogushka-chygaruuga-umtulganyn-aytyptady--1104608392.html
Патрушев НАТО, ЕБ жана Британиянын ири согуш чыгарууга умтулганын айыптады
Патрушев НАТО, ЕБ жана Британиянын ири согуш чыгарууга умтулганын айыптады
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 30-окт. — Sputnik. НАТО, Евробиримдик, Улуу Британия Европада ири согуш чыгарууга болгон күчүн жумшап, айрыкча Балтика жана Кара деңиз тараптан... 30.10.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-10-30T11:51+0600
2026-10-30T11:51+0600
2026-10-30T15:23+0600
дүйнөдө
россия
батыш
европа биримдиги
николай патрушев
согуш
геосаясат
https://sputnik.kg/img/07e7/04/0d/1074418293_0:0:2938:1654_1920x0_80_0_0_9a60dadf7b7e038e3f95b7111fa03d38.jpg
БИШКЕК, 30-окт. — Sputnik. НАТО, Евробиримдик, Улуу Британия Европада ири согуш чыгарууга болгон күчүн жумшап, айрыкча Балтика жана Кара деңиз тараптан коркунуч келтирип жатат. Бул туурасында РФ президентинин жардамчысы, Деңиз коллегиясынын төрагасы Николай Патрушев айтты. Ал Батыштын саясаты элди жана анын тынчтыгын сактоого каршы келип жатканын айткан. Анын айтымында, бул жерде кыянаттык кылбоо деген маанайда аларга кайрылуунун кажети жок. Президенттинин жардамчысы Россия үчүн ар кандай кыйчалыш маселени тынчтык жолу менен чечүү башкы орунда турарын эске салган. Ал РФке күч колдонууга аракет кылгандарга өздөрүнө жараша татыктуу жооп болорун баса белгилеген.
https://sputnik.kg/20260918/nato-menen-rossiya-kagylyshuu-1103763939.html
батыш
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e7/04/0d/1074418293_22:0:2753:2048_1920x0_80_0_0_7ee164a629c95b02036c676955e463ce.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, россия, батыш, европа биримдиги, николай патрушев, согуш, геосаясат
дүйнөдө, россия, батыш, европа биримдиги, николай патрушев, согуш, геосаясат
БИШКЕК, 30-окт. — Sputnik. НАТО, Евробиримдик, Улуу Британия Европада ири согуш чыгарууга болгон күчүн жумшап, айрыкча Балтика жана Кара деңиз тараптан коркунуч келтирип жатат. Бул туурасында РФ президентинин жардамчысы, Деңиз коллегиясынын төрагасы Николай Патрушев айтты.
"НАТО, ЕБ жана Лондон Европада чоң согуштун отун тутандырууга жан үрөп аракет кылууда. Коркунучтар Балтика менен Кара деңиз тараптан өзгөчө көп", — деди Патрушев Россиянын Аскердик-деңиз флотунун 330 жылдыгына карата "Российская газета" басылмасына берген интервьюсунда.
Ал Батыштын саясаты элди жана анын тынчтыгын сактоого каршы келип жатканын айткан.
"Бул акваторияларда жана аларга чектеш аймактарда согуш чыгаруу — Россия менен тынчтык кызматташуусуна муктаж өз элинин кызыкчылыктарын бүгүн биротоло унуткан европалык элитанын максат кылган саясаты", — деп кошумчалаган Патрушев.
Анын айтымында, бул жерде кыянаттык кылбоо деген маанайда аларга кайрылуунун кажети жок.
"Эл аралык деңиз укугу да мында алсыз, анткени Батыш өлкөлөрү аны эбактан бери эле көзгө илбей, тоготпой келет", — деген Патрушев.
Президенттинин жардамчысы Россия үчүн ар кандай кыйчалыш маселени тынчтык жолу менен чечүү башкы орунда турарын эске салган.
Ал РФке күч колдонууга аракет кылгандарга өздөрүнө жараша татыктуу жооп болорун баса белгилеген.