https://sputnik.kg/20261009/kavkaz-uchun-bolgon-karmash-1104200716.html
Кавказ үчүн кармаштын жеткен чеги. Тамань жарым аралынын бошотулушу. Видео
Кавказ үчүн кармаштын жеткен чеги. Тамань жарым аралынын бошотулушу. Видео
Sputnik Кыргызстан
Улуу Ата Мекендик согуштун нугун өзгөрткөн кармаштардын бири. Анда контрчабуулга өткөн советтик аскерлер Тамань жарым аралын бошоткон. Бул даталуу окуя мындан... 09.10.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-10-09T19:32+0600
2026-10-09T19:32+0600
2026-10-09T19:32+0600
дүйнөдө
улуу ата мекендик согуш
кавказ
кызыл армия
видео
https://sputnik.kg/img/07e9/0a/09/1097050364_0:219:1000:782_1920x0_80_0_0_8b849ccd80831ea1a65c750798b48b20.jpg
СССРге кол салган Германия Кавказды эки айда алып, Бакуга чейин жетип, андан ары Иран менен Индияга жүрүп кетебиз деген план түзгөн. Алар "Перс коридорунан" өтүп, майдын жетишпеген көйгөйүн чечүүнү көздөшкөн. Нацисттер алгач Кавказдын тереңине жетип барууга жакшылап киришкен, Туапсе менен Грозныйга бир нече ирет аракет кылганы менен анысы ишке аша койгон эмес. Бир нече ирет мизи кайтарылган. Коргонуу согуштарында немец аскерлерин алсыраткан кызыл армиячылар алардын артынан түшөт. Жогоруда айткандай, тараза ташы СССР тарапка оой баштайт. 1943-жылдын 3-январында СССРдин ар улуттан турган аскерлери Моздокту, 11-январда Пятигорскини, 21инде Ставрополду, 12-февралда Краснодарды бошотот. 1943-жылы 4-февралда советтик деңиз аскерлеринен турган десант түшөт. Алгач Новороссийскиде болуп, жээкте анча чоң эмес аймакты 225 күн кармап турат. Ошол кармаш толук бошотулган күн — 1943-жылдын 16-сентябрына чейин уланат, андан соң аймак нацисттерден тазаланат. Кавказ кармашы 442 күнгө созулуп, узактыгы боюнча Улуу Ата Мекендик согуштагы Ленинграддын 900 күндүк коргонуусунан кийинки эле орунда турат.
кавказ
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/0a/09/1097050364_0:126:1000:876_1920x0_80_0_0_254d2b695f94c1482dc05b8a3a454e0a.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, улуу ата мекендик согуш, кавказ, кызыл армия, видео, видео
дүйнөдө, улуу ата мекендик согуш, кавказ, кызыл армия, видео, видео
Кавказ үчүн кармаштын жеткен чеги. Тамань жарым аралынын бошотулушу. Видео
Улуу Ата Мекендик согуштун нугун өзгөрткөн кармаштардын бири. Анда контрчабуулга өткөн советтик аскерлер Тамань жарым аралын бошоткон. Бул даталуу окуя мындан 82 жыл мурда дал ушул күнү болгон.
СССРге кол салган Германия Кавказды эки айда алып, Бакуга чейин жетип, андан ары Иран менен Индияга жүрүп кетебиз деген план түзгөн. Алар "Перс коридорунан" өтүп, майдын жетишпеген көйгөйүн чечүүнү көздөшкөн.
Нацисттер алгач Кавказдын тереңине жетип барууга жакшылап киришкен, Туапсе менен Грозныйга бир нече ирет аракет кылганы менен анысы ишке аша койгон эмес. Бир нече ирет мизи кайтарылган.
Коргонуу согуштарында немец аскерлерин алсыраткан кызыл армиячылар алардын артынан түшөт.
Жогоруда айткандай, тараза ташы СССР тарапка оой баштайт. 1943-жылдын 3-январында СССРдин ар улуттан турган аскерлери Моздокту, 11-январда Пятигорскини, 21инде Ставрополду, 12-февралда Краснодарды бошотот.
1943-жылы 4-февралда советтик деңиз аскерлеринен турган десант түшөт. Алгач Новороссийскиде болуп, жээкте анча чоң эмес аймакты 225 күн кармап турат. Ошол кармаш толук бошотулган күн — 1943-жылдын 16-сентябрына чейин уланат, андан соң аймак нацисттерден тазаланат.
Кавказ кармашы 442 күнгө созулуп, узактыгы боюнча Улуу Ата Мекендик согуштагы Ленинграддын 900 күндүк коргонуусунан кийинки эле орунда турат.