00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
6 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

"Жез тумшуктар". Немец жоокерлерин түшүнөн чочуткан советтик учкуч кыздардын баяны

© SputnikКыз-келиндердин авиациялык полку. Архив
Кыз-келиндердин авиациялык полку. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.10.2026
Жазылуу
Алардан немецтик аскерлер абдан коркушкан, бул кыздар душманга жерден эмес, асмандан кооптуулук жаратып, жүрөк үшүн алган.
БИШКЕК, 8-окт. — Sputnik. 1941-жылы 8-октябрда СССР лидери Иосиф Сталиндин Кызыл армия күчтөрүнөн аялдардын авиациялык полкун түптөө боюнча буйругу чыккан.
Аялдардын авиациялык полкунун башчылыгына штурман Марина Раскова дайындалган. Опера ырчысы менен мугалимдин кызы Раскова 1931-жылдын октябрында Жуковский атындагы Абадагы аскерлер академиясынын аэронавигациялык лабораториясына ишке орношкон.
1938-жылы ал Валентина Гризодубова жана Полина Осипенко менен бирге Москвадан Ырааккы Чыгышка чейин ортодо эч жерге конбой, токтобой учкан. Аны менен дүйнөлүк рекорд коюшкан.
Түзүлүп, аскердик даярдыктан өткөндөн кийин жаш кыздардан куралган 588-түнкү авиациялык полк Түштүк фронттун 218-авиадивизиясынын курамына киргизилет.
4-аба армиясынын башчысы Константин Вершинин кыздардын майданга адеп келгенин эскерген.
— Жолдош жетекчи, 112 кыз келди. Аларды эмне кылабыз? — деп сураган нааразы болгонсуган үн менен дивизиянын командири андан.
"Алар — жөн кыздар эмес, учкучтар. Башкалардай эле душмандар менен салгылашат. Аларды дароо согушка жөнөтпөй, курамга акырындап көндүр", — деген Вершинин.
Улуу Ата Мекендик согуштун башынан аягына чейин кыздар 23 миңден ашык ирет учуп, үч миңге чукул авиабомба таштаган. Алды-кийин согушта эч ким колдонуп көрбөгөн У-2 үлгүсүндөгү бипландарды (эки капталындагы канаттары экиден болот — ред.) колдонушкан. Учактын каркасы жыгачтан жасалып, тулкусу фанера менен жабдылган. Эң жогорку ылдамдыгы саатына 100 чакырымдай эле.
"Бир жолу экипаж тапшырмадан кайтып келгенде аба кемеси 30 жеринен тешилип, шассиси үзүлүп, борбордук канаты менен фюзеляжы талкаланган экен. Учкучтар үч күнгө чейин аба көлүксүз калабыз деп турганда механик кыздар аны 10 саатта оңдоп, катарга тизип коюшкан", — деп эскерген полктун пилоту Ирина Дрягина.
23 учкуч кыз Советтер Союзунун Баатыры болгон. Немецтер "түнкү жез тумшуктар" деп атап алышкан бул каарман кыздар эсептей келгенде баш-аягы 28 676 саат же 1 191 күн асманда жүргөн экен.
СССР менен Югославия элинин немецтерге каршы чабуулу. Видео   - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.09.2026
Немецтерди жеңүүдөгү достуктун күчү. 82 жыл мурдагы окуяны баяндаган видео
Жаңылыктар түрмөгү
0