https://sputnik.kg/20260925/smolenskini-sovettik-zhookerler-boshotkon-video-1103901002.html
Курман болгон 110 миң адам, 13 топ мүрзө. Смоленскинин бошотулганын баяндаган видео
Курман болгон 110 миң адам, 13 топ мүрзө. Смоленскинин бошотулганын баяндаган видео
Sputnik Кыргызстан
Улуу Ата Мекендик согуштун оту алоолонуп турганда мезгилдери, 83 жыл мурда, дал ушул күнү советтик жоокерлер немецтик баскынчыларды Смоленскиден кууп чыккан. 25.09.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-09-25T20:14+0600
2026-09-25T20:14+0600
2026-09-25T20:14+0600
ссср
улуу ата мекендик согуш
смоленск
нацисттер
баскынчы
советтик жоокерлер
https://sputnik.kg/img/07ea/09/19/1103900765_0:0:634:358_1920x0_80_0_0_de5237aa890d98ff2a7924d8fbb625e2.jpg
Тарыхта калган маанилүү бул окуянын так датасын айтсак, 1943-жылдын 25-сентябры, күз айы эле. Смоленскини бошотуу чабуулдук стратегиялык "Суворов" операциясынын бир бөлүгү болгон. Анын алкагында Спас-Деменск, Ельня-Дорогобуж, Духовщина-Демидов жана Смоленск-Рославль операциялары жүргүзүлгөн. Немецтер "Смоленск дарбазасын" кармап турууга чоң маани беришкен. Ал Днепр менен Батыш Двина ортосундагы аймак болчу. Эгер аны колдон чыгарса Москвага бомба таштоого ыңгайлуу аэродромдорунан ажырап калмак. Ошондуктан бул аймактар оккупацияда турган кезде немецтер туткундардын, элдин күчү менен беш катмарлуу кубаттуу коргонуу түзүшкөн. "Суворов" операциясындагы жеңиш үчүн 110 миң адам өмүрүн берген. Учурда Смоленскиде боордоштордун 13 мүрзөсү турат. Ал жерге жашырылган 48 миң адамдын аты-жөнү такталбай калган.
ссср
смоленск
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/09/19/1103900765_77:0:609:399_1920x0_80_0_0_697e0fa8becfe65ec90380324e13e31c.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
ссср, улуу ата мекендик согуш, смоленск, нацисттер, баскынчы, советтик жоокерлер, видео
ссср, улуу ата мекендик согуш, смоленск, нацисттер, баскынчы, советтик жоокерлер, видео
Курман болгон 110 миң адам, 13 топ мүрзө. Смоленскинин бошотулганын баяндаган видео
Улуу Ата Мекендик согуштун оту алоолонуп турганда мезгилдери, 83 жыл мурда, дал ушул күнү советтик жоокерлер немецтик баскынчыларды Смоленскиден кууп чыккан.
Тарыхта калган маанилүү бул окуянын так датасын айтсак, 1943-жылдын 25-сентябры, күз айы эле.
Смоленскини бошотуу чабуулдук стратегиялык "Суворов" операциясынын бир бөлүгү болгон. Анын алкагында Спас-Деменск, Ельня-Дорогобуж, Духовщина-Демидов жана Смоленск-Рославль операциялары жүргүзүлгөн.
"Шаарда жүрүүгө мүмкүн эмес эле: баары күйүп, бөлүнүп-чачылып, чакчелекей түшүп жатты. Мунун баарын эстегенде жүрөк ооруйт, унута да албайсың", — деп партизандык отряддын командири Александр Хомич эстеген.
Немецтер "Смоленск дарбазасын" кармап турууга чоң маани беришкен. Ал Днепр менен Батыш Двина ортосундагы аймак болчу. Эгер аны колдон чыгарса Москвага бомба таштоого ыңгайлуу аэродромдорунан ажырап калмак.
Ошондуктан бул аймактар оккупацияда турган кезде немецтер туткундардын, элдин күчү менен беш катмарлуу кубаттуу коргонуу түзүшкөн.
"Суворов" операциясындагы жеңиш үчүн 110 миң адам өмүрүн берген. Учурда Смоленскиде боордоштордун 13 мүрзөсү турат. Ал жерге жашырылган 48 миң адамдын аты-жөнү такталбай калган.