00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Илимге жаңы дем: УИАнын өзгөргөн макамы жана келечеги
13:05
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Жаңы окуу жылына Бишкектеги мектептердин даярдыгы кандай?
15:05
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Жума жыйынтыгы
Апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
11 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Жазылуу
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Корея Республикасына болгон расмий сапарынын алкагында Сеул шаарындагы Улуттук мемориалга барып, гүл коюу салтанатына катышты.Мамлекет башчысы Кореянын көз карандысыздыгы үчүн курман болгон баатырлардын жаркын элесине таазим этип, ардактуу коноктордун китебине эскерүү жазуусун калтырды.Сапардын алкагында президенттин Кореянын жогорку жетекчилиги менен эки тараптуу жолугушуусу мерчемделген. Ошондой эле Жапаров “Борбор Азия — Корея Республикасы” биринчи саммитине катышат.Мындан тышкары, өлкө башчы бизнес-саммиттин атайын сессиясына катышары күтүлүүдө.
Мектептерде окуу китептери таңсык болуп жаткан маалда мамлекеттик басмаканадан чыккан китептер базарларда эркин сатылууда. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев билдирди.Эл өкүлү ата-энелерден мектептерде китеп жетишпей жатканы тууралуу көптөгөн даттануулар түшүп жатканын белгилеп, өзү "Дордой" базарынан 3-класстын жаңы басылып чыккан "Математика" китебин 650 сомго сатып алганын кабарлады.Анын айтымында, китепте “сатууга тыюу салынат” деген жазуу болгонуна карабастан, базардагы текчелерде үйүлүп турат. Ал эми Агартуу министрлиги мамлекеттик мектептер үчүн даярдалган окуу китептеринин базарларда, дүкөндөрдө жана интернетте сатылып жатканын тастыктады. Ушуга байланыштуу министрлик Башкы прокуратура, УКМК жана ИИМге кайрылып, чара көрүүнү өтүндү. Ал эми менчик мектептер окуу китептерин “Учкун” басмаканасы менен келишим түзүү менен гана сатып ала алары белгиленген.
Кыргызстандагы Корумду чокусунда дайынсыз жоголгон беларустук альпинист Николай Свиридовду издөө иштери расмий түрдө токтотулду. Бул тууралуу издөө-куткаруу тобунун катышуучусу Александр Смирнов билдирди.Анын айтымында, куткаруучулар колунан келген бардык аракеттерди жасап, мүмкүн болгон версиялардын баарын текшерип чыгышкан, бирок натыйжа болгон эмес."Учурда кар жаай баштады, куткаруучулар тоодон түшүп жатат. Издөө иштерин кайра баштоону пландаган жокпуз. Бул чарчап калгандыктан эмес, колубуздан келгендин баарын кылып көрүп, кабыл алынган чечим болду. Бардык версиялар текшерилди, колдо болгон бардык мүмкүнчүлүктөр пайдаланылды. Николай Корумдуда калды. Биз издөөнү токтоттук, бирок аны эстен чыгарбайбыз”, — деп жазды Смирнов.Куткаруучу ошондой эле издөө операциясына тартылган бардык катышуучуларга, техника, каражат, байланышты камсыздоого жана убактысын бөлүп көмөк көрсөткөн тараптарга ыраазычылык билдирди.Белгилей кетсек, Корумду чокусунда дайынсыз жоголгон үчүнчү альпинист Николай Свиридовду издөө иштери 13-сентябрда жанданган болчу.
Кыргызстан жарандарынын Казакстанга кирүүсүндө QazETA электрондук системасын колдонуу азырынча милдеттүү эмес. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди.Ага ылайык, учурда QazETA системасы сынамык режимде иштеп жатат. Кыргыз жарандарынын Казакстандын аймагына кирүү жана ал жакта жүрүү тартиби өзгөрө элек. ТИМ миграциялык эрежелерге өзгөртүү киргизилсе же казак тараптан расмий маалымат түшсө элге кабарлап коерун айтты. Белгилей кетсек, QazETA — Казакстанга кирген чет өлкөлүк жарандар үчүн кирүү, болуу жана миграциялык кызматтарды санариптештирүүгө багытталган мамлекеттик платформа. Ал "бирдиктүү терезе" принциби менен иштейт.
Жаңылыктар түрмөгү
0