https://sputnik.kg/20260915/1103683299.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Sputnik Кыргызстан
Манас шаарында 410 окуучуга ылайыкталган "Акылман" президенттик лицейи ачылды Анын ачылыш аземине министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев катышканын... 15.09.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-09-15T17:00+0600
2026-09-15T17:00+0600
2026-09-15T17:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/09/0f/1103683133_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_5a65130fb7152077c6aecd0ab68df00d.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Sputnik Кыргызстан
Манас шаарында 410 окуучуга ылайыкталган "Акылман" президенттик лицейи ачылды Анын ачылыш аземине министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев катышканын өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады. Жаңы лицейге үч этаптуу сынактан өткөн 144 окуучу 7-8-класстарга кабыл алынган. Билим берүү мекемесинде окуучулар үчүн 35 заманбап класс, профилдик лабораториялар, спорт залы, бассейн, жыйындар залы жана спорт аянтчалары түзүлгөн. Касымалиев окуу корпустарын көрүп чыгып, мугалимдер жана окуучулар менен баарлашты. Өкмөт башчы жакшы имарат биринчи гана кадам экенин, андан аркы сапарды мугалимдин эмгеги, окуучунун аракети жана мектептеги күчтүү билим чөйрөсү аныктаарын белгиледи. Ошондой эле ал президенттин тапшырмасына ылайык, "Акылман" лицейин бүтүргөн окуучуларга адистикке ээ болгондон кийин жумуш менен камсыз кылууда артыкчылык берилерин кошумчалады.
Кыргызстан жарандарынын Казакстанга кирүүсүндө QazETA электрондук системасын колдонуу азырынча милдеттүү эмес. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди. Ага ылайык, учурда QazETA системасы сынамык режимде иштеп жатат. Кыргыз жарандарынын Казакстандын аймагына кирүү жана ал жакта жүрүү тартиби өзгөрө элек. ТИМ миграциялык эрежелерге өзгөртүү киргизилсе же казак тараптан расмий маалымат түшсө элге кабарлап коерун айтты. Белгилей кетсек, QazETA — Казакстанга кирген чет өлкөлүк жарандар үчүн кирүү, болуу жана миграциялык кызматтарды санариптештирүүгө багытталган мамлекеттик платформа. Ал "бирдиктүү терезе" принциби менен иштейт. Платформанын негизги бөлүктөрүнүн бири — ETA (Electronic Travel Authorization). Ал визасыз кирүү укугу бар айрым өлкөлөрдүн жарандарына Казакстанга сапар тартар алдында электрондук уруксат алууга мүмкүнчүлүк берет. Сыналып жаткан система толук ишке киргенде айрым өлкөлөрдүн жарандарына жол жүрөр алдында электрондук уруксат алуу талабы коюлушу мүмкүн.
Екатеринбург шаарында өтүп жаткан жаштардын дүйнөлүк фестивалына 200 кыргызстандык катышууда Бул тууралуу РФ Мамдумасынын вице-спикери, патриоттук кыймылдын жетекчиси Борис Чернышов билдирди. Анын айтымында, фестивалдын катышуучулары Улуу Ата Мекендик согуш мезгилинен бери сакталып келген үй-бүлөлүк баалуу буюмдарын да ала келишкен. Бул буюмдар муундан муунга өтүп, жалпы Жеңиштин жана көп улуттуу өлкөнүн эрдигинин тарыхын сактап келет.
Украинадагы күчтөп мобилизациялоо акыры кыз-келиндерге да жетет. Бул тууралуу Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров билдирди. Аткаминер Украинадагы абалга байланыштуу тегерек столго катышкан. Ал Киев баш болгон шаарларда эркектерди күчкө салып алып кетип, андан ары фронтко жөнөтүп жаткан окуялар көбөйүп кеткенин эске салды. "Эч кандай чакыруусу жок, маалымдар кылбастан эле көчөдөн жаш-кары дебей эркектерди жүктөп барып, фронтко жөнөтүп жиберген окуялардан баарыбыздын кабарыбыз бар. Мындай көрүнүшкө аялдар да кабыларынан эч күмөнүм жок", — деди Лавров.
Манас шаарында 410 окуучуга ылайыкталган "Акылман" президенттик лицейи ачылды Анын ачылыш аземине министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев катышканын өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады. Жаңы лицейге үч этаптуу сынактан өткөн 144 окуучу 7-8-класстарга кабыл алынган. Билим берүү мекемесинде окуучулар үчүн 35 заманбап класс, профилдик лабораториялар, спорт залы, бассейн, жыйындар залы жана спорт аянтчалары түзүлгөн. Касымалиев окуу корпустарын көрүп чыгып, мугалимдер жана окуучулар менен баарлашты. Өкмөт башчы жакшы имарат биринчи гана кадам экенин, андан аркы сапарды мугалимдин эмгеги, окуучунун аракети жана мектептеги күчтүү билим чөйрөсү аныктаарын белгиледи. Ошондой эле ал президенттин тапшырмасына ылайык, "Акылман" лицейин бүтүргөн окуучуларга адистикке ээ болгондон кийин жумуш менен камсыз кылууда артыкчылык берилерин кошумчалады.Кыргызстан жарандарынын Казакстанга кирүүсүндө QazETA электрондук системасын колдонуу азырынча милдеттүү эмес. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди. Ага ылайык, учурда QazETA системасы сынамык режимде иштеп жатат. Кыргыз жарандарынын Казакстандын аймагына кирүү жана ал жакта жүрүү тартиби өзгөрө элек. ТИМ миграциялык эрежелерге өзгөртүү киргизилсе же казак тараптан расмий маалымат түшсө элге кабарлап коерун айтты. Белгилей кетсек, QazETA — Казакстанга кирген чет өлкөлүк жарандар үчүн кирүү, болуу жана миграциялык кызматтарды санариптештирүүгө багытталган мамлекеттик платформа. Ал "бирдиктүү терезе" принциби менен иштейт. Платформанын негизги бөлүктөрүнүн бири — ETA (Electronic Travel Authorization). Ал визасыз кирүү укугу бар айрым өлкөлөрдүн жарандарына Казакстанга сапар тартар алдында электрондук уруксат алууга мүмкүнчүлүк берет. Сыналып жаткан система толук ишке киргенде айрым өлкөлөрдүн жарандарына жол жүрөр алдында электрондук уруксат алуу талабы коюлушу мүмкүн. Екатеринбург шаарында өтүп жаткан жаштардын дүйнөлүк фестивалына 200 кыргызстандык катышууда Бул тууралуу РФ Мамдумасынын вице-спикери, патриоттук кыймылдын жетекчиси Борис Чернышов билдирди. Анын айтымында, фестивалдын катышуучулары Улуу Ата Мекендик согуш мезгилинен бери сакталып келген үй-бүлөлүк баалуу буюмдарын да ала келишкен. Бул буюмдар муундан муунга өтүп, жалпы Жеңиштин жана көп улуттуу өлкөнүн эрдигинин тарыхын сактап келет.Украинадагы күчтөп мобилизациялоо акыры кыз-келиндерге да жетет. Бул тууралуу Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров билдирди. Аткаминер Украинадагы абалга байланыштуу тегерек столго катышкан. Ал Киев баш болгон шаарларда эркектерди күчкө салып алып кетип, андан ары фронтко жөнөтүп жаткан окуялар көбөйүп кеткенин эске салды. "Эч кандай чакыруусу жок, маалымдар кылбастан эле көчөдөн жаш-кары дебей эркектерди жүктөп барып, фронтко жөнөтүп жиберген окуялардан баарыбыздын кабарыбыз бар. Мындай көрүнүшкө аялдар да кабыларынан эч күмөнүм жок", — деди Лавров.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/09/0f/1103683133_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_fe8d82fff74da008ba38d747168b4f94.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио