00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
3 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
4 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
7 мин
Особый акцент
Почему пропадает голос — беседа с ЛОР-врачом о болезнях горла
14:08
62 мин
Ачык кеп
Унаа жууп, бак сугарып... Ичүүчү сууну туура жана үнөмдүү пайдаланып жатабызбы?
15:05
37 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Жума жыйынтыгы
Апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
9 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Жазылуу
Транспорт министрлиги Кыргызстанда бир чакырым жол канчага куруларын айтты Кыргызстанда бир чакырым жол канчага курулары Жогорку Кеңештин тармактык комитетинде белгилүү болду. Транспорт жана коммуникация министринин орун басары Бактылуу Момбеков төрт тилкелүү жолдун бир чакырымы 1,3-1,8 миллион долларга салынарын айтты. Ал эми эки тилкелүү жолдун бир чакырымы 800 миң доллардан 1 миллион долларга чейин курулат. "Шаар ичинде жол куруу кымбатыраак болот. Себеби коммуникацияларды (суу, электр, байланыш жана башка тармактарды) көчүрүү жана башка кошумча иштер бар. Мындай учурда бир чакырым жолдун баасы 1,2-1,3 миллион долларга чейин жетиши мүмкүн", — деди Момбеков.
Кыргызстанда Кыргыз-Кытай эл аралык технологияларды трансферттөө борборунун филиалы ачылды. Борбор эки өлкөнүн технологиялык, инвестициялык жана өнөр жай тармагындагы кызматташтыгын өнүктүрүүгө багытталган. Анын негизги милдеттери — Кытайдан заманбап технологияларды жана жабдууларды тартуу, биргелешкен ишканаларды түзүү, өндүрүштү локалдаштыруу жана инвестиция тартууга көмөктөшүү. Ачылыш аземине Соода-өнөр жай палатасынын президенти Темир Сариев, мамлекеттик органдардын өкүлдөрү жана Үрүмчү шаарынын мэри Шэнь Лин баштаган кытайлык делегация катышты. Борбор долбоорлорду идеядан тартып өндүрүш ишке киргенге чейин коштоп, технологияларды жана ишенимдүү өнөктөштөрдү издөөдө бирдиктүү механизм катары иш алып барат.
Транспорттук көзөмөл чөйрөсүндөгү кызмат адамдары салмак-габариттик ченемдерди бузган оор жүк ташуучу унаалардын тоскоолдуксуз өтүшүнө шарт түзгөн коррупциялык схема уюштурушканы аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди. Маалыматка ылайык, Жерде жүрүүчү жана суу транспорту департаментинин айрым жетекчилери, ошондой эле Чүй облусундагы транспорттук жана салмак-габариттик көзөмөл пунктунун жооптуу кызматкерлери мыйзам бузууларды каттабай, тиешелүү чараларды көрбөстөн жүк ташуучу унааларды өткөрүп турушкан. Бул үчүн кызмат адамдары системалуу түрдө 2 миң сомдон 20 миң сомго чейин акча алып турушканы аныкталган. Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси ("Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу") менен иш козголгон. Учурда тергөө жүрүп жатат. Башкы көзөмөл органы кылмышка тиешеси барлар кармалган-кармалбаганын тактаган жок.
АКШ президенти Дональд Трамп Иран менен тирешүү жөнгө салынгандан кийин башка мамлекеттер Ормуз кысыгы үчүн акча төлөп бериши керек деген билдирүү менен чыкты. Муну ал аталган кысыктагы коопсуздукту камсыздоого Вашингтон акча коротту деп негиздеген. "Мунай Ормуз кысыгы аркылуу ташылууда. Бизге такыр жардам бербеген өлкөлөр бул көз боемочулукка чек коюлганда АКШнын чыгымдарын сөзсүз төлөп бериши керек", — деп Трамп Truth Social социалдык тармагындагы баракчасына жазган. Буга чейин да Ак үйдүн кожоюну башка мамлекеттерди соода кемелеринин коопсуздугун өз алдынча сактоого же деңиз жолдорун коргогону үчүн Вашингтонго акы төлөп турууну бир нече ирет айткан.
Жаңылыктар түрмөгү
0