00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikтен сүйлөйбүз
Кафе-ресторандардын түтүнү Бишкектин абасын канчалык булгайт?
11:04
50 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Илимге жаңы дем: УИАнын өзгөргөн макамы жана келечеги
13:05
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Жаңы окуу жылына Бишкектеги мектептердин даярдыгы кандай?
15:05
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Жума жыйынтыгы
Апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Жазылуу
Кыргызстанда айыл чарба тармагындагы ишкердикти колдоо жана кредиттик ресурстарды натыйжалуу пайдалануу боюнча иштер күчөтүлөт. Бул тууралуу жумушчу кеңешмеде айтылды. Жыйын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин орун басары Мирбек Дүйшеевдин жетекчилиги алдында уюштурулду. Ведомствонун маалыматына караганда, кеңешме "Айыл чарбасында климаттын өзгөрүшүнө туруктуу кошумча нарк чынжырчаларын өнүктүрүү" долбоорунун алкагында өттү. Жыйында кредиттик ресурстарды жайгаштыруу жана өздөштүрүүнүн учурдагы абалы талкууланып, насыя берүүнү тездетүү жолдору каралды. Ошондой эле долбоордун финансылык компонентин ишке ашыруунун натыйжалуулугун жогорулатуу маселелерине көңүл бурулду. Жыйынтыгында тараптар айыл чарба тармагындагы ишкерлерди колдоо, ошондой эле кредиттик каражаттарды өз убагында жана натыйжалуу жайгаштыруу боюнча биргелешкен ишти күчөтүү тууралуу макулдашты.
Быйыл жогорку окуу жайларга 38 миң 915 абитуриент кабыл алынды. Алардын 8 миң 222си гранттык, 31 миң 30у келишимдик негизде билим алат. Бул тууралуу Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин орто кесиптик жана жогорку окуу жайдан кийинки билим берүү башкармалыгынын башчысы Айнура Исираилова «Биринчи радионун» түз эфиринде билдирди. Анын айтымында, 2026-жылдагы кабыл алуу өнөктүгү 15-июлдан 25-августка чейин алты тур менен өткөрүлдү. Быйыл да жогорку окуу жайларга кабыл алуу үчүн 10 миң гранттык орун бөлүнгөн. Анын ичинен 8 миң 222 орунга абитуриенттер кабыл алынып, тиешелүү буйруктар чыгарылды. Ошондой эле быйыл орто кесиптик окуу жайларга — колледждерге жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгынын негизинде кабыл алуу жүргүзүлдү. Учурда Кыргызстанда 85 жогорку окуу жай иштейт. Алардын 30у мамлекеттик, 55и жеке менчик.
Кыргызстанда улуу муундагы жарандарга көңүл бурууга багытталган бир айлык иш-чара башталды. Акция 15-сентябрдан 15-октябрга чейин "Улуу муундагы адамдарга көңүл буруу жана камкордук көрүү" урааны алдында өтөт. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирди. Министрликтин маалыматына ылайык, бир айлыктын алкагында өлкөнүн бардык аймактарында улгайган жарандарды колдоого багытталган түрдүү иш-чаралар уюштурулат. Иш-чаралардын негизги максаты — улгайган адамдардын жашоо сапатын жакшыртуу, аларга камкордук көрсөтүү жана коомдогу улуу муунга болгон урмат-сыйды күчөтүү. Министрлик жарандарды, коомдук бирикмелерди жана бизнес өкүлдөрүн акцияга активдүү катышууга чакырды.
АКШнын Демократияны колдоо боюнча улуттук фонду 2025-финансылык жылында россиялык аудиторияга багытталган жана өлкөдөгү окуяларды чагылдырган медиадолбоорлорго дээрлик 4 миллион доллар бөлгөнүн РИА Новости гранттардын тизмесин талдоодон кийин жазып чыкты. NED* коомерциялык эмес жеке уюм болуп саналат, деген менен көбүнесе АКШнын Мамлекеттик департаменти аркылуу Конгресс тарабынан каржыланат. Россияда бул фонд 2015-жылдан бери ишмердүүлүгү макса
Жаңылыктар түрмөгү
0