Кыргыз музыкасынын тирүү энциклопедиясы болгон Балбай Алагушев. Эскерүү
19:04 15.09.2026 (Жаңыртылды: 10:21 12.10.2026)

© из личного архива Балбая Алагушева
Жазылуу
“Туяк” программасында КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер, композитор Тимур Саламатов Балбай Алагушев кыргыз музыкасынын тирүү энциклопедиясы болгонун, бүтүндөй институт аткарчу ишти жалгыз өзү жасап койгонун айтып эскерди.
Анын айтымында, Алагушев кыргыздын музыкалык маданиятын, тарыхын, залкар адамдарын абдан терең билген. Өзгөчө элдик таланттардын үнүн жаздырып, архивдерди сактап калууга кошкон салымы чоң.
Тимур Саламатов: Балбай Алагушев кыргыз музыкасынын тирүү энциклопедиясы болгон
"Агай кыргыздын өнөрпоздорун издеп таап, алардын чыгармачылыгын иликтеп, кийинки муунга жеткирүүгө көп эмгек жасаган. Эмгегин бир-эки сөз менен айтып берүү мүмкүн эмес. Кыргыздын музыкасын изилдегенде Алагушевдин эмгектерин сөзсүз карайсың. Бүгүн студенттер ошону менен билим алууда. Китептери, жазып алган материалдары, изилдөөлөрү кыргыз музыкасынын тарыхы үчүн абдан маанилүү. Балбай агайдын кыргыздын өнөрүнө болгон сүйүүсү абдан күчтүү эле. Кыргыздын ар бир ыры, күүсү, обону, ар бир өнөрпозу маанилүү болчу. Ошондуктан агай билгенин, укканын, изилдегенин кагазга түшүрүп, кийинки муунга калтырууга аракет кылды. Бүгүн биз анын эмгегин дагы да терең баалашыбыз керек”, — деди композитор Саламатов.
Ал Балбай Алагушевдин өзгөчө сапаттарынын бири улуттук мураска болгон мамилеси экенин кошумчалады.