https://sputnik.kg/20260915/1103679342.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Sputnik Кыргызстан
Садыр Жапаров президенттик шайлоого кызматын тапшырбай туруп катыша алат. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасынын орун басары Лейла Лурова... 15.09.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-09-15T15:00+0600
2026-09-15T15:00+0600
2026-09-15T15:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/09/0f/1103679175_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_5922670a8a96e7b5c42a16093fb5fb26.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Sputnik Кыргызстан
Садыр Жапаров президенттик шайлоого кызматын тапшырбай туруп катыша алат. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасынын орун басары Лейла Лурова Sputnik агенттигине билдирди. Анын айтымында, мындай норма мыйзамда каралган. "Иштеп жаткан өлкө башчысы өз ыйгарым укуктарын тапшырбай туруп кийинки президенттик шайлоого талапкерлигин кое алат", — деп түшүндүрдү Лурова. Эскерте кетсек, кезектеги президенттик шайлоо 2027-жылдын 27-январына белгиленген.
Министрлер кабинети жаңы окуу жылын мындан ары дайыма 15-сентябрда баштоону талкуулаган жыйын өткөрөт. Бул туурасында агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева УТРКда айтты. Ал балдар мал карап же туризм тармагында иштеп калып, сабакты калтырып койгон учурларга токтолду. Окуучунун ден соолугуна жана билим берүүгө зыянын тийгизбей турган система керектигин кошумчалаган. "Дүйнөдө окуу жылы 15-сентябрда башталган практика жок. Бул — ыңгайлуу график. Маселен, климатка байланыштуу каникул узарып да калат. Мындан трагедия кылып кереги жок", — деген Кендирбаева.
Парламентте депутаттардын сүрөтү түшүрүлгөн кружкалардын чоо-жайын Жогорку Кеңеш аппаратынын жетекчиси Алмасбек Абытов Sputnik агенттигине түшүндүрүп берди. Анын айтымында, сувенир кружкаларды чыгарууну ЖК төрагасы Марлен Маматалиев колдогон. Демилге парламентти жана өлкөнү таанытууну көздөйт. "Көптөгөн парламенттерде сувенирлер жана символикасы түшүрүлгөн буюмдар сатылган чакан дүкөндөр же бурчтар бар. Бизде да депутаттар белекке бере ала турган кружкалар, баштыктар, шахмат жана башка сувенирлер болушун каалайбыз. Бул таң кала турган деле нерсе эмес. Ушундай жол менен парламентти жана өлкөбүздү таанытууну көздөп жатабыз", — деди ал.
Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) аймагында жаңы үзүлгөн жана тоңдурулган помидор, калемпир, баклажанды ташууга коюлган талап жеңилдетилди. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирди. Тактап айтканда, жашылчаларда пепино мозаикасынын вирусу (PepMV) жок болушу керек деген талап алып салынды. Маалыматка ылайык, жаңы талаптын жоюлушу аталган жашылчаларды ЕАЭБ өлкөлөрүнө экспорттоону жана ташууну жеңилдетет. Мындан тышкары, чечим ишкерлердин чыгымын азайтууга шарт түзөрү белгиленди. Жаңы өзгөртүү ЕАЭБдин аймагында жашылча-жемиш соодасын жеңилдетүүгө багытталган.
Шотландия, Уэльс жана Түндүк Ирландия өз киндигин өзү кесип, Улуу Британиянын курамынан чыкканы жатат Аталган үч өлкөнүн лидерлери өз тагдырын аныктоо укугу боюнча меморандумга кол коюшту. Документ аларга референдум өткөрүп, Улуу Британиянын курамынан чыгуу мүмкүнчүлүгүн карап чыгууга жол ачат. Ошол эле учурда үч аймактын максаттары ар башка. Түндүк Ирландия Ирландия Республикасы менен кайра биригүүнү көздөйт. Шотландия 2031-жылга чейин көз карандысыздык боюнча референдум өткөрүүгө белсенип жатат. Ал эми Уэльс өзүнө кошумча ыйгарым укуктарды берүүнү талап кылууда. Шотландиянын премьери Жон Суиннинин айтымында, сурамжылоолор шотландиялыктардын бир бөлүгү Британиядан бөлүнүүнү колдоого даяр экенин көрсөтүп жатат. Ал арада Британиянын премьер-министринин кеңсеси өлкөнүн бөлүнүп-жарылышын колдобой турганын билдирип, демилгечилерди реформа аркылуу экономикалык кыйынчылыктарды чечүү үчүн биргелешип иштешүүгө чакырды.
Садыр Жапаров президенттик шайлоого кызматын тапшырбай туруп катыша алат. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасынын орун басары Лейла Лурова Sputnik агенттигине билдирди. Анын айтымында, мындай норма мыйзамда каралган. "Иштеп жаткан өлкө башчысы өз ыйгарым укуктарын тапшырбай туруп кийинки президенттик шайлоого талапкерлигин кое алат", — деп түшүндүрдү Лурова. Эскерте кетсек, кезектеги президенттик шайлоо 2027-жылдын 27-январына белгиленген. Министрлер кабинети жаңы окуу жылын мындан ары дайыма 15-сентябрда баштоону талкуулаган жыйын өткөрөт. Бул туурасында агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева УТРКда айтты. Ал балдар мал карап же туризм тармагында иштеп калып, сабакты калтырып койгон учурларга токтолду. Окуучунун ден соолугуна жана билим берүүгө зыянын тийгизбей турган система керектигин кошумчалаган. "Дүйнөдө окуу жылы 15-сентябрда башталган практика жок. Бул — ыңгайлуу график. Маселен, климатка байланыштуу каникул узарып да калат. Мындан трагедия кылып кереги жок", — деген Кендирбаева. Парламентте депутаттардын сүрөтү түшүрүлгөн кружкалардын чоо-жайын Жогорку Кеңеш аппаратынын жетекчиси Алмасбек Абытов Sputnik агенттигине түшүндүрүп берди. Анын айтымында, сувенир кружкаларды чыгарууну ЖК төрагасы Марлен Маматалиев колдогон. Демилге парламентти жана өлкөнү таанытууну көздөйт. "Көптөгөн парламенттерде сувенирлер жана символикасы түшүрүлгөн буюмдар сатылган чакан дүкөндөр же бурчтар бар. Бизде да депутаттар белекке бере ала турган кружкалар, баштыктар, шахмат жана башка сувенирлер болушун каалайбыз. Бул таң кала турган деле нерсе эмес. Ушундай жол менен парламентти жана өлкөбүздү таанытууну көздөп жатабыз", — деди ал.Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) аймагында жаңы үзүлгөн жана тоңдурулган помидор, калемпир, баклажанды ташууга коюлган талап жеңилдетилди. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирди. Тактап айтканда, жашылчаларда пепино мозаикасынын вирусу (PepMV) жок болушу керек деген талап алып салынды. Маалыматка ылайык, жаңы талаптын жоюлушу аталган жашылчаларды ЕАЭБ өлкөлөрүнө экспорттоону жана ташууну жеңилдетет. Мындан тышкары, чечим ишкерлердин чыгымын азайтууга шарт түзөрү белгиленди. Жаңы өзгөртүү ЕАЭБдин аймагында жашылча-жемиш соодасын жеңилдетүүгө багытталган. Шотландия, Уэльс жана Түндүк Ирландия өз киндигин өзү кесип, Улуу Британиянын курамынан чыкканы жатат Аталган үч өлкөнүн лидерлери өз тагдырын аныктоо укугу боюнча меморандумга кол коюшту. Документ аларга референдум өткөрүп, Улуу Британиянын курамынан чыгуу мүмкүнчүлүгүн карап чыгууга жол ачат. Ошол эле учурда үч аймактын максаттары ар башка. Түндүк Ирландия Ирландия Республикасы менен кайра биригүүнү көздөйт. Шотландия 2031-жылга чейин көз карандысыздык боюнча референдум өткөрүүгө белсенип жатат. Ал эми Уэльс өзүнө кошумча ыйгарым укуктарды берүүнү талап кылууда. Шотландиянын премьери Жон Суиннинин айтымында, сурамжылоолор шотландиялыктардын бир бөлүгү Британиядан бөлүнүүнү колдоого даяр экенин көрсөтүп жатат. Ал арада Британиянын премьер-министринин кеңсеси өлкөнүн бөлүнүп-жарылышын колдобой турганын билдирип, демилгечилерди реформа аркылуу экономикалык кыйынчылыктарды чечүү үчүн биргелешип иштешүүгө чакырды.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/09/0f/1103679175_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_fdcbfd568c2f77387334cf2d3ec74067.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио