00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Жазылуу
Манас шаарында 410 окуучуга ылайыкталган "Акылман" президенттик лицейи ачылды. Анын ачылыш аземине министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев катышканын өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады. Жаңы лицейге үч этаптуу сынактан өткөн 144 окуучу 7-8-класстарга кабыл алынган. Билим берүү мекемесинде окуучулар үчүн 35 заманбап класс, профилдик лабораториялар, спорт залы, бассейн, жыйындар залы жана спорт аянтчалары түзүлгөн. Касымалиев окуу корпустарын көрүп чыгып, мугалимдер жана окуучулар менен баарлашты. Өкмөт башчы жакшы имарат биринчи гана кадам экенин, андан аркы сапарды мугалимдин эмгеги, окуучунун аракети жана мектептеги күчтүү билим чөйрөсү аныктаарын белгиледи. Ошондой эле ал президенттин тапшырмасына ылайык, "Акылман" лицейин бүтүргөн окуучуларга адистикке ээ болгондон кийин жумуш менен камсыз кылууда артыкчылык берилерин кошумчалады.
Садыр Жапаров президенттик шайлоого кызматын тапшырбай туруп катыша алат. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасынын орун басары Лейла Лурова Sputnik агенттигине билдирди. Анын айтымында, мындай норма мыйзамда каралган. "Иштеп жаткан өлкө башчысы өз ыйгарым укуктарын тапшырбай туруп кийинки президенттик шайлоого талапкерлигин кое алат", — деп түшүндүрдү Лурова. Эскерте кетсек, кезектеги президенттик шайлоо 2027-жылдын 27-январына белгиленген.
Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) аймагында жаңы үзүлгөн жана тоңдурулган помидор, калемпир, баклажанды ташууга коюлган талап жеңилдетилди. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирди. Тактап айтканда, жашылчаларда пепино мозаикасынын вирусу (PepMV) жок болушу керек деген талап алып салынды. Маалыматка ылайык, жаңы талаптын жоюлушу аталган жашылчаларды ЕАЭБ өлкөлөрүнө экспорттоону жана ташууну жеңилдетет. Мындан тышкары, чечим ишкерлердин чыгымын азайтууга шарт түзөрү белгиленди. Жаңы өзгөртүү ЕАЭБдин аймагында жашылча-жемиш соодасын жеңилдетүүгө багытталган.
РФ элчилиги Мамдума депутаттарын шайлоодо Кыргызстандагы шайлоочулар активдүү болот деп күтүп жатат. Бул туурасында элчи Сергей Вакунов билдирди. Убакытты үнөмдөө үчүн өзүнчө бөлмөлөр уюштурулат. Ал жерде бир нече адам бир учурда, ар бири өз кабинасында добуш бере алат. Бишкектеги элчиликте, Оштогу башкы консулдукта, ошондой эле Кант жана Караколдогу аскер бөлүктөрүндө ачылган участкалар саат 8:00дөн 20:00гө чейин иштейт. Добуш берүү 20-сентябрда өтөт.
ЭМИ ВАЛЮТА КУРСУ МЕНЕН ТААНЫШЫП АЛЫҢЫЗДАР: Улуттук банктын билдирүүсү боюнча ушул тапта: 1 АКШ доллары 87 сом 45 тыйынга евро 100 сом 86 тыйын юань 13 сом 3 тыйынга рубль 1 сом 3 тыйынга Казак тенгеси 20 тыйынга барабар
МУНАЙ БААСЫ Бишкекте орточо эсеп менен алганда Аи 92 үлгүсүндөгү бензиндин литри 87 сом 90 тыйындан баштап сатылууда. АИ 95 улгусундогу май 109 сом 90 тыйындан, Дизель майы литрине 99 сом 90 тыйынга бааланса, унаа газынын литри 48 сом 80 тыйындан сатылууда.
Аба ырайы14-сентябрга караган түнү өлкө аймагында жаан-чачын жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Дүйшөмбүдө республиканын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Ал эми дыйканчылык кылган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу Кыргыз гидрометеорология билдирди. Жалпысынан алганда абанын температурасы Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +28...+33, Ысык-Көл регионунда +23...+28, Нарын, Талас аймактарында +25...+30 градуска жетет. Термометрдин көрсөткүчү Бишкек, Ош шаарларында +30...+32, ал эми Чолпон-Атада +24...+26 градусту көрсөтөт.
Жаңылыктар түрмөгү
0