00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:00
5 мин
18:51
8 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Если разобраться...
Что объединяет победу 12:0, цифровой сом и экспорт меда
12:05
0 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
ММК фондунун 2027-жылга бюджети: саламаттык сактоо системасында кайсы багыттар артыкчылыктуу?
13:04
39 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Кыргызстанда ымыркайлардын чарчап калуусунун себептери жана перинаталдык жардамдын сапаты
15:05
50 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Жума жыйынтыгы
Апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Жазылуу
Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарында VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары жыйынтыкталды. Иш-чара ордо калаадагы "Бишкек Аренада" салтанаттуу ачылып, ага бир катар өлкөнүн президенттери катышты. Параддан 100дөн ашуун өлкөнүн 3000дей спортчусу өтүп, аземге дүйнөнүн булуң-бурчунан меймандар чакырылган. Көчмөндөр оюндарынын спорттук жана маданий бөлүгү Ысык-Көлдө: ипподромдо, Кырчын жайлоосунда, "Газпром" спорт комплексинде, "Рух-Ордодо", "Номад" борборунда өттү. Кырчында уюштурулган "Көчмөндөр ааламы" этношаарчасында өлкөнүн жети дубанынын ордосу түшүп, көчмөндөрдүн кол өнөрчүлүгү көрсөтүлдү. Оюндардын жабылыш аземи Чолпон-Атадагы ат майданда болуп, эстафета Россияга өттү. Көчмөндөр оюндарынын символу болгон суу көөкөрү министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Татарстандын раиси Рустам Миннихановго тапшырды. Салтанат чоң программадагы концерт менен коштолуп, дрон-шоу тартууланып, фейерверк менен соңуна чыкты.
Талас шаарында 10-11-сентябрь күндөрү базар жана соода жайлары иштебей турганын калаа мэриясы билдирди. Муниципалитет мындай чараларды санитардык иштерге байланыштырган. Убактылуу жабыла турган жайлардын катарында борбордук базар, кийим-кече, курулуш материалдарын, автотетик саткан дүкөндөр, дөңгөлөк оңдогон жайлар (вулканизация) бар. Ал эми кафе жана тамактануучу жайлар, азык-түлүк дүкөндөрү кадимки тартипте иштей бермекчи. Эскерте кетсек, быйыл Эгемендүүлүк күнү Таласта 11-12-сентябрь күндөрү белгиленет. Ушу тапта көз карандысыздыктын 35 жылдыгына арналган майрамга даярдык кызуу жүрүүдө. 5 000 орундуу жаңы стадион жана "Баластан" балдар борборунун ачылышы каралган. Шаар бийлиги бул күндөрү ырчылардан Arash, Fly Project, K-Maro, Nana, Hi-Fi, Согдиана жана Кайрат Нуртас келерин билдирген. Мындан тышкары, дрон-шоу жана фейерверк болот.
Америка президенти Дональд Трамп Ай АКШнын менчиги экенин айтууда. Бул тууралуу өлкө башчысы социалдык тармагына жазганын РИА Новости билдирди. https://ria.ru/20260906/luna-2115923436.html "Ай биздики", — деп жазган Ак үйдүн ээси америкалык желектин сүрөтүнүн алдына. Трамп буга чейин да келечекте Айдагы кандайдыр бир объект анын урматына аталышы мүмкүн дегендей кылган. Бирок Ай жалпы адамзатка таандык болуп, кимдир бирөөнүн менчиги экенин билдирген дооматтардын юридикалык негизи жоктугун Канаданын Британдык Колумбия университетинин астрономия боюнча ардактуу профессору Джейми Мэттьюс билдирген. "Эч ким Айды менчиктей албайт. Бул тууралуу Космос жөнүндөгү келишимде айтылган. Мындан 50 жыл мурда АКШ астронавттарынын биринчи болуп Айга конгону да ага ээлик кылууга укук бербейт", — деген ал РИА Новостиге.
УКМК мамлекеттик кызматкерлерге эскирген кызматтык унааларды сатып алууда артыкчылык берүүнү сунуштады. Коопсуздук комитетинин маалыматына караганда, мамлекеттик органдарда колдонулбай калган же автопарк жаңыланып жаткандыктан сатууга чыгарылган транспорт каражаттары бар. Мыйзам боюнча, мындай унаалар электрондук аукцион аркылуу же башка белгиленген тартип менен сатылышы керек. Атайын кызмат дал ушул унааларды сатуу тартибине кошумча механизм киргизүүнү сунуштоодо. Негизги жагдайлар: мамлекеттик орган кызматтык унааны өз кызматкерлерине сатуу боюнча өтүнүч менен кайрылат. Сатып алууну каалаган кызматкерлердин арасынан кезек түзүлүп, унаа ошого жараша сунушталат. унаанын наркы базар баасы менен аныкталат. Аны көз карандысыз баалоочу белгилейт. Арзандатылган же жеңилдетилген баа каралбайт. кезекте турган кызматкерлердин баары унааны сатып алуудан баш тарткан учурда гана көлүк электрондук аукционго чыгарылат. сунушталган механизм айрым учурларда мамлекеттик органдардын автопаркын тезирээк жаңылоого мүмкүнчүлүк берери белгиленген.
Жаңылыктар түрмөгү
0