Ошентип Кыргызстан кайрадан дүйнөлүк көчмөндөр маданиятынын борборуна айланды. Дүйнөнүн ар тарабынан келген 3 000ге чукул спортчу этноспорттук таймаштарда күч сынашууда. Бул ири майрамга 113 мамлекет өз өкүлдөрүн жөнөткөн. Ысык-Көлдүн жээгиндеги Чолпон-Ата шаарынын ат майданында жана "Газпром" ден соолукту чыңдоо комплексинде негизги спорттук мелдештер кызуу жүрүүдө. Ал эми Кырчын капчыгайында жүздөгөн боз үйлөрдөн турган өзгөчө этношаарча курулуп, анда кол өнөрчүлөрдүн көргөзмө-жарманкелери, улуттук тамак-аш сынактары, маданий программалар жана салбуурун салттуу аңчылык оюндары уюштурулган. Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары — элдердин ортосундагы достуктун, тынчтыктын жана улуу көчмөн маданиятын эске салып даңктаган ири маданий иш-чара.
Бул күндөрү Ысык-Көл аймагынын бир нече жеринде Көчмөндөр оюндары өтүп жатат.
Ошентип Кыргызстан кайрадан дүйнөлүк көчмөндөр маданиятынын борборуна айланды.
Дүйнөнүн ар тарабынан келген 3 000ге чукул спортчу этноспорттук таймаштарда күч сынашууда. Бул ири майрамга 113 мамлекет өз өкүлдөрүн жөнөткөн.
Ысык-Көлдүн жээгиндеги Чолпон-Ата шаарынын ат майданында жана "Газпром" ден соолукту чыңдоо комплексинде негизги спорттук мелдештер кызуу жүрүүдө.
Ал эми Кырчын капчыгайында жүздөгөн боз үйлөрдөн турган өзгөчө этношаарча курулуп, анда кол өнөрчүлөрдүн көргөзмө-жарманкелери, улуттук тамак-аш сынактары, маданий программалар жана салбуурун салттуу аңчылык оюндары уюштурулган.
Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары — элдердин ортосундагы достуктун, тынчтыктын жана улуу көчмөн маданиятын эске салып даңктаган ири маданий иш-чара.