https://sputnik.kg/20260831/kiyev-olgon-zhookerlerinin-soogun-alyp-ketuudon-bash-tartuuda-1103312349.html
Мирошник: өлгөн жоокер көп, Киев алардын сөөгүн алып кетүүдөн баш тартууда
Мирошник: өлгөн жоокер көп, Киев алардын сөөгүн алып кетүүдөн баш тартууда
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 31-авг. — Sputnik. Киев бийлиги курман болгон украиналык жоокер көп болгондуктан сөөктөрдү алып кетүүдөн баш тартууда. Бул туурасында Россиянын Тышкы... 31.08.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-08-31T11:18+0600
2026-08-31T11:18+0600
2026-08-31T11:18+0600
россиянын донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
дүйнөдө
украина
россия
родион мирошник
атайын операция
сөөк
https://sputnik.kg/img/07e9/0b/07/1097687234_0:160:3072:1888_1920x0_80_0_0_83f65c6455a69e6a20765b7182f29ea6.jpg
БИШКЕК, 31-авг. — Sputnik. Киев бийлиги курман болгон украиналык жоокер көп болгондуктан сөөктөрдү алып кетүүдөн баш тартууда. Бул туурасында Россиянын Тышкы иштер министрлигинин өзгөчө тапшырмалар боюнча элчиси Родион Мирошник айтканын РИА Новости жазды. Элчинин айтымында, украин бийлиги өлгөн аскерлер тууралуу маалыматты жашырып, каза болгондордун жакындарына кенемте төлөп бергиси келбейт. "Бул абдан чоң акча, ошондуктан Киев украин аскерлеринин үй-бүлөсүнө кенемте төлөп берүү жараянын болушунча татаалдаштыруу үчүн ашыкча талаптарды коюп, процессти атайлап создуктуруп жатат", — деп белгилеген элчи. Россия тарап Украина бийлиги өлгөндөрдүн санын жашыруу максатында набыт болгон жоокерлерди дайынсыздардын тизмесине киргизип, өлүм статистикасын атайын азайтып жатканын айткан эле. Алсак, 2025-жылдын сентябрь айында Россиянын күч түзүмдөрү РИА Новости агенттигине бир фактыны айтып беришкен. Украин армиясынын 425-өзүнчө чабуул коюучу "Скала" полкунун жоокерлеринин жакындары ошол кездеги дайынсыз жоголгондорду эсептеп, саны бүтүндөй бир батальондун курамына тете деген жыйынтыкка келишкен.
https://sputnik.kg/20260705/ukraina-zhookerlerinin-soogun-alyp-ketuudon-bash-tartty-1102249903.html
украина
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/0b/07/1097687234_171:0:2902:2048_1920x0_80_0_0_dcd70a0f35d7ebcd9473752fda973159.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, украина, россия, родион мирошник, атайын операция, сөөк
дүйнөдө, украина, россия, родион мирошник, атайын операция, сөөк
БИШКЕК, 31-авг. — Sputnik. Киев бийлиги курман болгон украиналык жоокер көп болгондуктан сөөктөрдү алып кетүүдөн баш тартууда. Бул туурасында Россиянын Тышкы иштер министрлигинин өзгөчө тапшырмалар боюнча элчиси Родион Мирошник айтканын
РИА Новости жазды.
"Өлүк өтө көп болгондуктан биз украин тарапка гуманитардык тыныгуу жарыялап, каза болгон аскерлеринин сөөктөрүн өздөрү алып кетишин сунуштаганбыз. Бирок Киев биздин мындай гуманитардык сунуштарыбыздан саясий кыйкым издеп келет да, аны айласы түгөнгөн учурда гана кабыл алат", — деди Мирошник.
Элчинин айтымында, украин бийлиги өлгөн аскерлер тууралуу маалыматты жашырып, каза болгондордун жакындарына кенемте төлөп бергиси келбейт.
"Бул абдан чоң акча, ошондуктан Киев украин аскерлеринин үй-бүлөсүнө кенемте төлөп берүү жараянын болушунча татаалдаштыруу үчүн ашыкча талаптарды коюп, процессти атайлап создуктуруп жатат", — деп белгилеген элчи.
Россия тарап Украина бийлиги өлгөндөрдүн санын жашыруу максатында набыт болгон жоокерлерди дайынсыздардын тизмесине киргизип, өлүм статистикасын атайын азайтып жатканын айткан эле.
Алсак, 2025-жылдын сентябрь айында Россиянын күч түзүмдөрү РИА Новости агенттигине бир фактыны айтып беришкен. Украин армиясынын 425-өзүнчө чабуул коюучу "Скала" полкунун жоокерлеринин жакындары ошол кездеги дайынсыз жоголгондорду эсептеп, саны бүтүндөй бир батальондун курамына тете деген жыйынтыкка келишкен.