https://sputnik.kg/20260827/sovettik-zhookerlerdin-tarykhta-kalgan-dagy-bir-kaarmandygy-talllin-operatsiyasy-1103241406.html
Советтик жоокерлердин тарыхта калган дагы бир каармандыгы — Таллин операциясы. Видео
Советтик жоокерлердин тарыхта калган дагы бир каармандыгы — Таллин операциясы. Видео
Sputnik Кыргызстан
Улуу Ата Мекендик согуштун жүрүшүндө тарыхта калган салгылаштардын бири Эстониянын борборун бошотуу боюнча операция болгон. Бүгүн ошол даталуу окуяга 85 жыл... 27.08.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-08-27T20:59+0600
2026-08-27T20:59+0600
2026-08-27T20:59+0600
улуу ата мекендик согуш
ссср
таллин
эстония
советтик жоокерлер
эрдик
бошотуу
https://sputnik.kg/img/07ea/08/1b/1103242211_0:155:3000:1843_1920x0_80_0_0_6a88f5cf8d07eeed2a5f8e63274fbc59.jpg
1941-жылдын 27-августунда "Таллин жарып өтүүсү" деп аталган операция башталган. Бул Балтикадагы советтик флотту сактап калганы менен көп адамдын өмүрүн алган. Улуу Ата Мекендик согуштун башында Таллин Балтика флотунун негизги базасы болчу. Командачылык ал жерге каршылаштардын келишин күткөн эмес. Бирок чыккынчылык менен кол салуу гитлерчилерге шаарды курчоого алып, анын ичиндеги бөлүктөрдү колдоодон ажыратууга мүмкүндүк берген. Аны жарып өтүү үчүн атайын согуштук операцияны баштоо керек эле. Балтика флотунун кемелери Кронштадтка багытталган "Таллин жарып өтүүсү" операциясын баштаган. 28-августта Таллинден бортунда 40 миңге чукул киши бар 225 кеме аттанган. Флот менен кошо 20-30 миңге чукул адамды эвакуациялашкан. Анын ичинде армия, жай жарандар жана Эстон ССРинин өкмөтү болгон. Ленинградга жетиш үчүн Фин булуңунан өтүүгө туура келген. Душмандардын минасынан, фашисттердин бомбалоосунан 15000ден ашык адам көз жумган. Куткарылгандардын арасында кийин жылдызга айланган опера ырчысы Георг Отс да болгон. Отс отурган транспорттук кемени немец бомбалагычтары талкалап, бирок аны жакын өтүп бара жаткан минадан тазалоочу кеме куткарып калган. 30-августта Кронштадттагы мелжеген жерге 165 кеме жеткен.
ссср
таллин
эстония
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/08/1b/1103242211_168:0:2832:1998_1920x0_80_0_0_872f2550876fe4a65a9a9cff96d74873.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
улуу ата мекендик согуш, ссср, таллин, эстония, советтик жоокерлер, эрдик, бошотуу, видео
улуу ата мекендик согуш, ссср, таллин, эстония, советтик жоокерлер, эрдик, бошотуу, видео
Советтик жоокерлердин тарыхта калган дагы бир каармандыгы — Таллин операциясы. Видео
Улуу Ата Мекендик согуштун жүрүшүндө тарыхта калган салгылаштардын бири Эстониянын борборун бошотуу боюнча операция болгон. Бүгүн ошол даталуу окуяга 85 жыл болду.
1941-жылдын 27-августунда "Таллин жарып өтүүсү" деп аталган операция башталган. Бул Балтикадагы советтик флотту сактап калганы менен көп адамдын өмүрүн алган.
Улуу Ата Мекендик согуштун башында Таллин Балтика флотунун негизги базасы болчу. Командачылык ал жерге каршылаштардын келишин күткөн эмес. Бирок чыккынчылык менен кол салуу гитлерчилерге шаарды курчоого алып, анын ичиндеги бөлүктөрдү колдоодон ажыратууга мүмкүндүк берген. Аны жарып өтүү үчүн атайын согуштук операцияны баштоо керек эле.
Балтика флотунун кемелери Кронштадтка багытталган "Таллин жарып өтүүсү" операциясын баштаган. 28-августта Таллинден бортунда 40 миңге чукул киши бар 225 кеме аттанган. Флот менен кошо 20-30 миңге чукул адамды эвакуациялашкан. Анын ичинде армия, жай жарандар жана Эстон ССРинин өкмөтү болгон.
Ленинградга жетиш үчүн Фин булуңунан өтүүгө туура келген. Душмандардын минасынан, фашисттердин бомбалоосунан 15000ден ашык адам көз жумган.
Куткарылгандардын арасында кийин жылдызга айланган опера ырчысы Георг Отс да болгон. Отс отурган транспорттук кемени немец бомбалагычтары талкалап, бирок аны жакын өтүп бара жаткан минадан тазалоочу кеме куткарып калган.
30-августта Кронштадттагы мелжеген жерге 165 кеме жеткен.