https://sputnik.kg/20260809/-rossiya-aksh-kural-zharak-nato--1102881324.html
Мамдеп: Түркиядагы америкалык курал-жарак Киевге берилиши мүмкүн
Мамдеп: Түркиядагы америкалык курал-жарак Киевге берилиши мүмкүн
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 9-авг. — Sputnik. АКШнын Мамлекеттик департаменти Конгресске Түркияда жайгашкан америкалык курал-жарак системаларын Украинага өткөрүп берүү пландалып... 09.08.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-08-09T10:40+0600
2026-08-09T10:40+0600
2026-08-09T10:57+0600
дүйнөдө
россия
украина
акш
нато
курал-жарак
согуш
https://sputnik.kg/img/07ea/08/09/1102880954_0:160:3072:1888_1920x0_80_0_0_5dc77727af65b9316ff1d1ba04fbba9f.jpg
БИШКЕК, 9-авг. — Sputnik. АКШнын Мамлекеттик департаменти Конгресске Түркияда жайгашкан америкалык курал-жарак системаларын Украинага өткөрүп берүү пландалып жатканын кабарлады. Алардын арасында MLRS залптык реактивдүү системаларынын учуруучу түзүлүштөрү жана ATACMS баллистикалык ракеталары бар. Бул тууралуу Конгресстин расмий документтеринде айтылганын РИА Новости жазды. Курал-жаракты MKE, ASFAT жана ARCA Savunma деген түркиялык жеке компаниялар, болгариялык VTIC International Ltd. жеке компаниясы, америкалык Pansophico жана Patriot Defense Group аттуу жеке компаниялар аркылуу жеткирүү пландалып жатканы да маалым болду. Россия Украинага курал берүүнүн өзү абалды жөнгө салууга тоскоолдук жаратып, НАТО өлкөлөрүн от менен ойноп, жаңжалга аралаштырарын эскертип келет. ТИМ башчысы Сергей Лавров Украинага курал-жарак ташыган бардык күчтөр расмий түрдө РФтин Куралдуу күчтөрүнүн бутасына айланарын айткан. Кремль Батыштын Украинаны курал-жарак менен камсыздаган адаты жакшылыкка алып келбешин, сүйлөшүүлөргө кедергисин тийгизерин билдирген.
https://sputnik.kg/20260808/ukraina-munay-tashygan-kemelerge-sokku-urbayt-1102871732.html
украина
акш
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/08/09/1102880954_171:0:2902:2048_1920x0_80_0_0_69f6928cb8de19fdb7c125e2a256fb3d.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, россия, украина, акш, нато, курал-жарак, согуш
дүйнөдө, россия, украина, акш, нато, курал-жарак, согуш
БИШКЕК, 9-авг. — Sputnik. АКШнын Мамлекеттик департаменти Конгресске Түркияда жайгашкан америкалык курал-жарак системаларын Украинага өткөрүп берүү пландалып жатканын кабарлады. Алардын арасында MLRS залптык реактивдүү системаларынын учуруучу түзүлүштөрү жана ATACMS баллистикалык ракеталары бар. Бул тууралуу Конгресстин расмий документтеринде айтылганын
РИА Новости жазды.
"Тиркелген документте көрсөтүлгөн келишим Украинанын өкмөтүнө 12 даана M270 MLRS үлгүсүндөгү залптык реактивдүү системасынын учуруучу түзүлүшүн, чачырап жарылган ок-дары (DPICM) менен жабдылган 2524 даана M26 пилотсуз ракетасын жана 203 мм калибрдеги DPICM менен жабдылган 47 миң M509A1 снарядын кайтарымсыз өткөрүп берүүнү карайт", — деп документте айтылат.
Курал-жаракты MKE, ASFAT жана ARCA Savunma деген түркиялык жеке компаниялар, болгариялык VTIC International Ltd. жеке компаниясы, америкалык Pansophico жана Patriot Defense Group аттуу жеке компаниялар аркылуу жеткирүү пландалып жатканы да маалым болду.
Россия Украинага курал берүүнүн өзү абалды жөнгө салууга тоскоолдук жаратып, НАТО өлкөлөрүн от менен ойноп, жаңжалга аралаштырарын эскертип келет. ТИМ башчысы Сергей Лавров Украинага курал-жарак ташыган бардык күчтөр расмий түрдө РФтин Куралдуу күчтөрүнүн бутасына айланарын айткан. Кремль Батыштын Украинаны курал-жарак менен камсыздаган адаты жакшылыкка алып келбешин, сүйлөшүүлөргө кедергисин тийгизерин билдирген.