https://sputnik.kg/20260807/rf-oshto-logistikalyk-borborlordu-kuruuga-kyzykdar-1102851113.html
Россия Ошто логистикалык борборлорду курууга кызыкдар
Россия Ошто логистикалык борборлорду курууга кызыкдар
Sputnik Кыргызстан
БОСТЕРИ, 7-авг. — Sputnik. Россия Кыргызстанда, анын ичинде Ош шаарында жана башка аймактарда логистикалык борборлорду өнүктүрүүгө кызыкдар. Бул тууралуу... 07.08.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-08-07T13:34+0600
2026-08-07T13:34+0600
2026-08-07T13:34+0600
кыргызстан
россия
ош
логистикалык борбор
айыл чарба
ишкер
https://sputnik.kg/img/07ea/08/07/1102850209_0:241:2560:1681_1920x0_80_0_0_76c8669338474bf6241d2335b6a5ce85.jpg
БОСТЕРИ, 7-авг. — Sputnik. Россия Кыргызстанда, анын ичинде Ош шаарында жана башка аймактарда логистикалык борборлорду өнүктүрүүгө кызыкдар. Бул тууралуу Иркутск облусунун губернатору Игорь Кобзев Кыргыз-Россия экономикалык форумунда билдирди. Анын айтымында, мындай инфраструктураны өнүктүрүү кыргызстандык айыл чарба продукцияларын, өзгөчө жашылча-жемиштерди Россиянын рыногуна жеткирүүгө шарт түзөт. Губернатор россиялык инвесторлор мындай инфраструктуралык долбоорлорду каржылоо мүмкүнчүлүгүн карап чыгууга даяр экенин белгиледи. Бул багыттагы иштер Кыргыз-Россия өнүктүрүү фонду менен түзүлгөн меморандумдун алкагында жүргүзүлөрү айтылды. Мындан тышкары, тараптар ишкерлердин түз байланыштарын күчөтүүнү пландашууда. Россиялык бизнес-өкүлдөр Ош шаарына келип, ишкерлердин катышуусунда бир катар иш-чараларды өткөрүүнү көздөп жатышат.
https://sputnik.kg/20260807/rossiyalyk-investitsiyalar-ostu-1102846697.html
ош
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/08/07/1102850209_0:0:2560:1920_1920x0_80_0_0_36d8f1d153b0cf7c9bbfaf0aed8a887a.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, россия, ош, логистикалык борбор, айыл чарба, ишкер
кыргызстан, россия, ош, логистикалык борбор, айыл чарба, ишкер
Россия Ошто логистикалык борборлорду курууга кызыкдар
БОСТЕРИ, 7-авг. — Sputnik. Россия Кыргызстанда, анын ичинде Ош шаарында жана башка аймактарда логистикалык борборлорду өнүктүрүүгө кызыкдар. Бул тууралуу Иркутск облусунун губернатору Игорь Кобзев Кыргыз-Россия экономикалык форумунда билдирди.
Анын айтымында, мындай инфраструктураны өнүктүрүү кыргызстандык айыл чарба продукцияларын, өзгөчө жашылча-жемиштерди Россиянын рыногуна жеткирүүгө шарт түзөт.
"Ошто жана башка аймактарда логистикалык борборлорду өнүктүрүүгө кызыкдарбыз. Биз үчүн биринчи керектөөдөгү азыктар, анын ичинде мөмө-жемиш менен жашылчалар, өзгөчө күз-кыш мезгилинде маанилүү. Ар кандай варианттарды кароого даярбыз, — деди Кобзев.
Губернатор россиялык инвесторлор мындай инфраструктуралык долбоорлорду каржылоо мүмкүнчүлүгүн карап чыгууга даяр экенин белгиледи. Бул багыттагы иштер Кыргыз-Россия өнүктүрүү фонду менен түзүлгөн меморандумдун алкагында жүргүзүлөрү айтылды.
Мындан тышкары, тараптар ишкерлердин түз байланыштарын күчөтүүнү пландашууда. Россиялык бизнес-өкүлдөр Ош шаарына келип, ишкерлердин катышуусунда бир катар иш-чараларды өткөрүүнү көздөп жатышат.