https://sputnik.kg/20260807/rossiyalyk-investitsiyalar-ostu-1102846697.html
Россиядан келген инвестиция 2026-жылдын биринчи кварталында 26%га өстү
Россиядан келген инвестиция 2026-жылдын биринчи кварталында 26%га өстү
Sputnik Кыргызстан
ЧОЛПОН-АТА, 7-авг. — Sputnik. Россиялык компаниялар жана инвесторлор Кыргызстандын экономикасында активдүү роль ойнойт. Бул тууралуу Кыргыз-Россия аймактар... 07.08.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-08-07T11:51+0600
2026-08-07T11:51+0600
2026-08-07T12:03+0600
кыргызстан
россия
равшанбек сабиров
бизнес
инвестициялар
кызматташуу
https://sputnik.kg/img/07e9/0b/0b/1097772082_0:160:3072:1888_1920x0_80_0_0_1cd957e49fe79faba328f420d181aea9.jpg
ЧОЛПОН-АТА, 7-авг. — Sputnik. Россиялык компаниялар жана инвесторлор Кыргызстандын экономикасында активдүү роль ойнойт. Бул тууралуу Кыргыз-Россия аймактар аралык конференциясында Улуттук инвестиция агенттигинин директору Равшанбек Сабиров билдирди. Анын айтымында, Кыргызстанда россиялык 1800дөн ашуун компания иш алып барат. Бул өлкөдөгү чет элдик өнөктөштөр менен түзүлгөн биргелешкен ишканалардын үчтөн бир бөлүгүн түзөт. 2026-жылдын биринчи кварталында Россиядан келген инвестициянын көлөмү 26 пайызга өскөн. Ал эми эки өлкөнүн ортосундагы жалпы соода 5 миллиард доллардан ашкан. Сабиров Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун ролун өзгөчө белгиледи. Фонд өлкөнүн ар кайсы аймактарында ири долбоорлорду ишке ашырууда. Алардын арасында гидроэлектр станцияларын, цемент заводун куруу, чакан ГЭСтерди өнүктүрүү, туризм тармагындагы объектилерди жаңылоо, ошондой эле айыл чарба жана кайра иштетүү багытындагы долбоорлор бар. Кызматташуунун келечектүү багыттары катары энергетика, кайра жаралуучу энергия булактары, тоо-кен тармагы, агроөнөр жай комплекси, туризм, санариптик экономика жана транспорттук-логистикалык инфраструктура аталды.
https://sputnik.kg/20260807/rossiyalyk-investorlorgo-koldoo-korsotulot-1102845062.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/0b/0b/1097772082_171:0:2902:2048_1920x0_80_0_0_0347a5a770a136a6c2b8d6d6e9034b09.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, россия, равшанбек сабиров, бизнес, инвестициялар, кызматташуу
кыргызстан, россия, равшанбек сабиров, бизнес, инвестициялар, кызматташуу
ЧОЛПОН-АТА, 7-авг. — Sputnik. Россиялык компаниялар жана инвесторлор Кыргызстандын экономикасында активдүү роль ойнойт. Бул тууралуу Кыргыз-Россия аймактар аралык конференциясында Улуттук инвестиция агенттигинин директору Равшанбек Сабиров билдирди.
Анын айтымында, Кыргызстанда россиялык 1800дөн ашуун компания иш алып барат. Бул өлкөдөгү чет элдик өнөктөштөр менен түзүлгөн биргелешкен ишканалардын үчтөн бир бөлүгүн түзөт.
2026-жылдын биринчи кварталында Россиядан келген инвестициянын көлөмү 26 пайызга өскөн. Ал эми эки өлкөнүн ортосундагы жалпы соода 5 миллиард доллардан ашкан.
Сабиров Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун ролун өзгөчө белгиледи. Фонд өлкөнүн ар кайсы аймактарында ири долбоорлорду ишке ашырууда. Алардын арасында гидроэлектр станцияларын, цемент заводун куруу, чакан ГЭСтерди өнүктүрүү, туризм тармагындагы объектилерди жаңылоо, ошондой эле айыл чарба жана кайра иштетүү багытындагы долбоорлор бар.
Кызматташуунун келечектүү багыттары катары энергетика, кайра жаралуучу энергия булактары, тоо-кен тармагы, агроөнөр жай комплекси, туризм, санариптик экономика жана транспорттук-логистикалык инфраструктура аталды.