00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:00
4 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:00
6 мин
Спички и Транспортир
18:06
48 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:00
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Жума жыйынтыгы
Апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
9 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
4 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Жазылуу
2026-жылдын май айынын аягына карата Кыргызстандын жалпы мамлекеттик карызы 9 миллиард 952 миллион долларды түздү. Бул тууралуу Каржы министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, жыл башынан берки беш айда мамлекеттик карыз 1 миллиард доллардан ашык көбөйгөн. Ошол эле учурда тышкы карыз азайып, ички карыз, тескерисинче, өскөн. Май айынын аягына карата өлкөнүн тышкы карызы 5 миллиард 212,3 миллион долларды түздү. Бул өткөн жылдын аягына салыштырмалуу 133 миллион долларга аз. Ал эми ички мамлекеттик карыз 4 миллиард 739,6 миллион долларга жетип, беш ай ичинде 1 миллиард 166 миллион долларга көбөйгөн.
Бишкек — Ош багыты боюнча ылдам жүрүүчү поезд ишке кириши мүмкүн “Кыргыз темир жолу” ишканасынын жетекчиси Азамат Сакиевдин айтымында, поезд менен Бишкектен Ошко 6–8 саатта жетүүгө болот. Анын айтымында, темир жолдун курулушу Бишкек — Ош жана Түндүк — Түштүк унаа жолдорундагы жүктү азайтып, күйүүчү май жана башка жүктөрдү темир жол аркылуу ташууга шарт түзөт. Ошондой эле Бишкек — Балыкчы поездинин жол жүрүү убактысы дагы 20 мүнөткө кыскарышы мүмкүн. Учурда поезд бул аралыкты 4 саатта басып өтөт. Инфраструктура жаңыртылганга чейин жол 5 саатка созулчу. Азамат Сакиевдин айтымында, поезддин өтө ылдам жүрүшүнүн деле кереги жок. Анткени жүргүнчүлөр, айрыкча Кыргызстанга биринчи жолу келген туристтер жол боюндагы кооз тоолорду, дарыяларды жана жаратылышты көрүүгө жетишиши керек.
АКШ Кыргызстан баштаган 50 мамлекеттин жарандарына визалык күрөө акысын көбөйттү Бүгүндөн тарта АКШ 50 өлкөнүн, анын ичинде Кыргызстандын жарандарына визалык күрөө акысын көбөйттү. Бул тууралуу АКШнын Мамлекеттик департаментинин билдирүүсүндө айтылат. Маалыматка ылайык, мындай чара 2025-жылдын августунда башталган пилоттук программанын негизинде киргизилген. Буга чейин күрөө суммасы 5 миңден 15 миң долларга чейин болсо, эми ал 10 миңден 20 миң долларга чейин көтөрүлдү. Негизги сумма катары 15 миң доллар белгиленет. Бул талап ишкердик жана туристтик визаларга тиешелүү. Эгер жаран визаны колдонбосо, АКШдан өз убагында чыгып кетсе же өлкөдө мыйзамдуу иштеп, визанын шарттарын бузбаса, күрөө акчасы кайра кайтарылат.
Зеленский Батыш Patriot үчүн ракета бербей жатканын айтып нааразы болду Владимир Зеленский Батышты, кампада бар экенине карабай, Patriot системалары үчүн ракеталарды бербей жатканы үчүн сынга алды. “Дүйнөдө Patriot системасы үчүн ракеталар бар, эң башкысы, өнөктөштөр керектүү жардам пакеттерин өткөрүп берүү боюнча саясий чечим кабыл алышы керек. АКШ бизге эмне керек экенин билет. Европада да бизге эмне керек экенин билишет”, — деп жазды ал өзүнүн Telegram каналына. Анын айтымында, абадан коргонуу системалары “кампаларда жөн эле жатпашы керек”. Москва болсо Украинага курал-жарак жеткирүү жаңжалды жөнгө салууга тоскоол болуп, НАТО өлкөлөрүн кагылышууга түздөн-түз аралаштырат жана бул “от менен ойноо”деген пикирде. Тышкы иштер министри Сергей Лавров Украина үчүн курал-жарак бар каалаган жүк Россия үчүн мыйзамдуу бута болуп каларын белгилеген. Кремлден Батыштын Украинаны курал менен камсыздоосу сүйлөшүүлөргө көмөктөшпөй турганын жана терс натыйжа берерин билдиришкен.
Жаңылыктар түрмөгү
0