https://sputnik.kg/20261003/1104075280.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Sputnik Кыргызстан
ЖККУнун Россиядагы машыгууларынын активдүү фазасы аяктадыМишустин ЕАЭБдин азык-түлүк коопсуздугу ишенимдүү деңгээлде экенин билдирдиПрезиденттин иш... 03.10.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-10-03T15:00+0600
2026-10-03T15:00+0600
2026-10-03T15:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/0a/03/1104075113_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_eb186a09c0a73fb47bdd490f7008c255.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Sputnik Кыргызстан
ЖККУнун Россиядагы машыгууларынын активдүү фазасы аяктадыМишустин ЕАЭБдин азык-түлүк коопсуздугу ишенимдүү деңгээлде экенин билдирдиПрезиденттин иш башкаруучусу Шакиранын концертине бюджеттен каражат бөлунбогонун айтты
Шакира Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынан кийин Кыргызстанга кызыгып калганы айтылып жатат. Бул тууралуу президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев билдирди. Ал концерт каражат табуучу эмес, имдждик иш-чара болуп саналат. "Менин угушумча, Шакиранын кызыгуусу ДКОдон кийин пайда болгон. Концертти жеке компания уюштуруп жатат. Биз стадионго жана коопсуздукка көзөмөл кылабыз. Шакиранын гонорарына бюджеттен бир тыйын да бөлүнбөйт. Стадиондун ижарасынан түшкөн каражат толугу менен объектини тейлөөгө жумшалат. Максатыбыз — акча табуу эмес, Кыргызстанды дүйнөгө таанытып, туризмди өнүктүрүү", — деди Туманбаев. Айтымында, Шакиранын 18-октябрдагы концерти экономикага да салым кошот. Ага келген чет өлкөлүк коноктор мейманкана, тамактануучу жайлар жана такси кызматтарына акча коротот.
Россиядагы “Чебаркуль” полигонунда ЖККУнун “Өз ара аракеттенүү — 2026”, “Издөө — 2026” жана “Эшелон — 2026” машыгууларынын активдүү баскычы аяктады. Бул тууралуу Коргоо министрлигинен билдириштиАга кыргыз жоокерлери дагы катышты. Машыгууда чек арадагы куралдуу жаңжалды жөнгө салуу, чалгындоо, душмандын позицияларын жок кылуу, чек ара көзөмөлүн калыбына келтирүү жана өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу тапшырмалары аткарылды. Учкучсуз аппараттар жана роботтоштурулган комплекстер да кеңири колдонулду. Машыгууга ЖККУга мүчө өлкөлөрдүн 2 миңге жакын аскер кызматкери жана 350 даана курал-жарак, аскердик жана атайын техника тартылган.
Саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов Түрк мамлекеттер уюмуна (ТМУ) мүчө өлкөлөр үчүн бирдиктүү фармацевтикалык платформа түзүүнү сунуштады. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирет. Сунуш ТМУнун Саламаттык сактоо министрлеринин 6-жолугушуусунун алкагында Азербайжан, Казакстан, Өзбекстан жана Түркиянын өкүлдөрү менен өткөрүлгөн эки тараптуу жолугушууларда айтылды. Платформа ТМУ өлкөлөрүндө дары-дармектерди каттоо жана жүгүртүү боюнча бирдиктүү ыкманы калыптандырууга, дары каражаттарынын сапаты менен коопсуздугун камсыз кылууга, түз жеткирүүлөрдү жана сатып алууларды уюштурууга багытталат. Жолугушууларда андан сырткары, медициналык кадрларды даярдоо жана тажрыйба алмашуу, адистердин стажировкадан өтүүсү, илимий кызматташтык, медициналык буюмдар менен камсыздоо жана фармацевтикалык өндүрүштү жергиликтештирүү маселелери да талкууланды. Ошондой эле тараптар саламаттык сактоону санариптештирүү, телемедицина жана жасалма интеллектти диагностикада жана клиникалык практикада колдонуу боюнча тажрыйба алмашууга кызыкдар экенин билдиришти.Түркия менен жолугушууда Режеп Тайип Эрдоган атындагы Кыргыз-түрк мамлекеттик достук ооруканасын өнүктүрүү, трансплантология жана медициналык кадрларды даярдоо маселелери каралды.
ЕАЭБ — азык-түлүк коопсуздугу камсыздалган жана өзүбүздү ишенимдүү сезе ала турган саналуу биримдиктердин бири. Бул тууралуу Россиянын премьер-министри Михаил Мишустин Евразия экономикалык биримдигинин өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынында билдирди. Анын айтымында, биримдиктин негизги азык-түлүк түрлөрү менен өзүн-өзү камсыздоо деңгээли 93 пайыздан ашат. “Азык-түлүк коопсуздугун бекемдөө боюнча ишти улантышыбыз керек. Жарандардын бакубат жашоосу көбүнчө ушуга байланыштуу. Дан, куш эти, сүт, кант жана өсүмдүк майы боюнча биримдиктин ички керектөөсүн толугу менен камсыздап жатабыз”, — деди Мишустин.
ЖККУнун Россиядагы машыгууларынын активдүү фазасы аяктадыМишустин ЕАЭБдин азык-түлүк коопсуздугу ишенимдүү деңгээлде экенин билдирдиПрезиденттин иш башкаруучусу Шакиранын концертине бюджеттен каражат бөлунбогонун айтты Шакира Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынан кийин Кыргызстанга кызыгып калганы айтылып жатат. Бул тууралуу президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев билдирди. Ал концерт каражат табуучу эмес, имдждик иш-чара болуп саналат. "Менин угушумча, Шакиранын кызыгуусу ДКОдон кийин пайда болгон. Концертти жеке компания уюштуруп жатат. Биз стадионго жана коопсуздукка көзөмөл кылабыз. Шакиранын гонорарына бюджеттен бир тыйын да бөлүнбөйт. Стадиондун ижарасынан түшкөн каражат толугу менен объектини тейлөөгө жумшалат. Максатыбыз — акча табуу эмес, Кыргызстанды дүйнөгө таанытып, туризмди өнүктүрүү", — деди Туманбаев. Айтымында, Шакиранын 18-октябрдагы концерти экономикага да салым кошот. Ага келген чет өлкөлүк коноктор мейманкана, тамактануучу жайлар жана такси кызматтарына акча коротот. Россиядагы “Чебаркуль” полигонунда ЖККУнун “Өз ара аракеттенүү — 2026”, “Издөө — 2026” жана “Эшелон — 2026” машыгууларынын активдүү баскычы аяктады. Бул тууралуу Коргоо министрлигинен билдириштиАга кыргыз жоокерлери дагы катышты. Машыгууда чек арадагы куралдуу жаңжалды жөнгө салуу, чалгындоо, душмандын позицияларын жок кылуу, чек ара көзөмөлүн калыбына келтирүү жана өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу тапшырмалары аткарылды. Учкучсуз аппараттар жана роботтоштурулган комплекстер да кеңири колдонулду. Машыгууга ЖККУга мүчө өлкөлөрдүн 2 миңге жакын аскер кызматкери жана 350 даана курал-жарак, аскердик жана атайын техника тартылган. Саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов Түрк мамлекеттер уюмуна (ТМУ) мүчө өлкөлөр үчүн бирдиктүү фармацевтикалык платформа түзүүнү сунуштады. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирет. Сунуш ТМУнун Саламаттык сактоо министрлеринин 6-жолугушуусунун алкагында Азербайжан, Казакстан, Өзбекстан жана Түркиянын өкүлдөрү менен өткөрүлгөн эки тараптуу жолугушууларда айтылды. Платформа ТМУ өлкөлөрүндө дары-дармектерди каттоо жана жүгүртүү боюнча бирдиктүү ыкманы калыптандырууга, дары каражаттарынын сапаты менен коопсуздугун камсыз кылууга, түз жеткирүүлөрдү жана сатып алууларды уюштурууга багытталат. Жолугушууларда андан сырткары, медициналык кадрларды даярдоо жана тажрыйба алмашуу, адистердин стажировкадан өтүүсү, илимий кызматташтык, медициналык буюмдар менен камсыздоо жана фармацевтикалык өндүрүштү жергиликтештирүү маселелери да талкууланды. Ошондой эле тараптар саламаттык сактоону санариптештирүү, телемедицина жана жасалма интеллектти диагностикада жана клиникалык практикада колдонуу боюнча тажрыйба алмашууга кызыкдар экенин билдиришти.Түркия менен жолугушууда Режеп Тайип Эрдоган атындагы Кыргыз-түрк мамлекеттик достук ооруканасын өнүктүрүү, трансплантология жана медициналык кадрларды даярдоо маселелери каралды. ЕАЭБ — азык-түлүк коопсуздугу камсыздалган жана өзүбүздү ишенимдүү сезе ала турган саналуу биримдиктердин бири. Бул тууралуу Россиянын премьер-министри Михаил Мишустин Евразия экономикалык биримдигинин өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынында билдирди. Анын айтымында, биримдиктин негизги азык-түлүк түрлөрү менен өзүн-өзү камсыздоо деңгээли 93 пайыздан ашат. “Азык-түлүк коопсуздугун бекемдөө боюнча ишти улантышыбыз керек. Жарандардын бакубат жашоосу көбүнчө ушуга байланыштуу. Дан, куш эти, сүт, кант жана өсүмдүк майы боюнча биримдиктин ички керектөөсүн толугу менен камсыздап жатабыз”, — деди Мишустин.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/0a/03/1104075113_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_571179454c1722d99b8932262770362f.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио