https://sputnik.kg/20261002/1104058294.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Sputnik Кыргызстан
Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы соода жүгүртүү дээрлик 5 миллиард долларды түзөт. Бул тууралуу Соода-өнөр жай палатасынын вице-президенти Авазбек... 02.10.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-10-02T17:00+0600
2026-10-02T17:00+0600
2026-10-02T17:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/0a/02/1104058128_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_bef1e0305fea556457eb170c11ab0402.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Sputnik Кыргызстан
Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы соода жүгүртүү дээрлик 5 миллиард долларды түзөт. Бул тууралуу Соода-өнөр жай палатасынын вице-президенти Авазбек Керимбаев билдирди. Анын айтымында, эки өлкөнүн соода-экономикалык кызматташтыгы жогорку деңгээлде өнүгүп жатат. "EXPO Eurasia Kyrgyzstan көргөзмөсү товарларды көрсөтүү үчүн гана эмес. Биз биргелешкен өндүрүш түзүүнү жана инвестиция тартууга жетишүүнү көздөп жатабыз", — деди Керимбаев. Көргөзмөнүн алкагында компаниялардын жана мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнүн жолугушуулары өтөт. Ошондой эле иш-чараны жыл сайын өткөрүү пландалууда.
Бишкекте курула турган экинчи таштанды заводу Чүй облусун кошо тейлейт Бишкектин таштанды заводунун экинчи этабы ишке кирсе, Бишкек менен катар Чүй облусун да тейлей алат. Бул тууралуу калаа мэри Айбек Жунушалиев "Эгемендүүлүк доорунда Бишкек шаарын өнүктүрүү" аталышындагы конференцияда айтты. Шаар башчысы билдиргендей, муниципалитет учурда таштанды заводунун экинчи этабын ишке ашырууга киришти. Долбоордун алкагында суткасына 2 миң тонна таштандыны утилдештирип, алгач 60, кийинчерээк 90 мегаватт электр энергиясын өндүрө турган жаңы завод курулат. "Учурда биринчи завод суткасына 1 200 тонна таштандыны утилдештирет. Бирок шаардан 1 600 тонна акыр-чикир чыгат, ошону менен 400 тонна топтолуп жатат. Экинчи завод ишке кирсе Бишкектен чыккан таштандынын баарын утилдештирип бүтөбүз. Анан заводдор келечекте Чүй облусун тейлей баштайт", — деди Жунушалиев. Белгилей кетсек, учурда иштеп жаткан биринчи завод 30 мегаваттка чейин электр энергиясын өндүрүп, андан чыккан күлдөн коңшу заводдордо кирпич жана шифер жасалып жатат.
Россиянын 20 аймагынан келген компаниялар Бишкекте продукциясын көрсөтөт 15-17-октябрда борбор калаада EXPO Eurasia Kyrgyzstan эл аралык өнөр жай көргөзмөсү өтөт. Анын алкагында Бишкек бизнес-форуму жана Kyrgyzstan EXPO көргөзмөсү да уюштурулат. Россиялык жана кыргызстандык ишканалар энергетика, мунай, газ, тоо-кен, металлургия, машина куруу, курулуш, транспорт, медицина, IT жана айыл чарба тармактарындагы продукцияларын көрсөтөт. Башкыртстан, Тюмень жана Нижний Новгород облустарынын өзүнчө стенддери болот. Уюштуруучулардын айтымында, көргөзмө ишкерлерге болочок өнөктөштөр менен түз байланыш түзүүгө мүмкүнчүлүк берет. Россиядан келчү ишкерлердин көбүнүн кыргызстандык бизнесмендер менен биргелешкен компаниялары бар.
ЕАЭБ алкагында кандай гана кыйынчылыктар болбосун, мүчө өлкөлөр пайда болгон маселелерди чогуу чечишибиз керек. Мындай пикирин Беларусь президенти Александр Лукашенко Минск шаарында Евразия экономикалык биримдигине кирген өлкөлөрдүн өкмөт башчылары менен жолугушууда билдирди. Ал өнөктөштөрдү биргелешкен кызыкчылыктарга бек турууга чакырып, биримдиктин маанилүүлүгүн белгиледи. "Силер бизге ишенсеңер болот. Биз орток кызыкчылыктарыбызга эч качан чыккынчылык кылбайбыз жана куру сөздөн да алыспыз. Бүгүн уюмга мүчө өлкөлөрдүн өкмөттөрү үчүн да оңой эмес, кыйын болуп жатат. Сабыр кылгыла", — деди Беларусь лидери. Белгилей кетсек, ушул күндөрү Минск шаарында ЕАЭБ өлкөлөрүнүн премьер-министрлеринин (Өкмөттөр аралык кеңештин) отуруму өтүүдө.
Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы соода жүгүртүү дээрлик 5 миллиард долларды түзөт. Бул тууралуу Соода-өнөр жай палатасынын вице-президенти Авазбек Керимбаев билдирди. Анын айтымында, эки өлкөнүн соода-экономикалык кызматташтыгы жогорку деңгээлде өнүгүп жатат. "EXPO Eurasia Kyrgyzstan көргөзмөсү товарларды көрсөтүү үчүн гана эмес. Биз биргелешкен өндүрүш түзүүнү жана инвестиция тартууга жетишүүнү көздөп жатабыз", — деди Керимбаев. Көргөзмөнүн алкагында компаниялардын жана мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнүн жолугушуулары өтөт. Ошондой эле иш-чараны жыл сайын өткөрүү пландалууда.Бишкекте курула турган экинчи таштанды заводу Чүй облусун кошо тейлейт Бишкектин таштанды заводунун экинчи этабы ишке кирсе, Бишкек менен катар Чүй облусун да тейлей алат. Бул тууралуу калаа мэри Айбек Жунушалиев "Эгемендүүлүк доорунда Бишкек шаарын өнүктүрүү" аталышындагы конференцияда айтты. Шаар башчысы билдиргендей, муниципалитет учурда таштанды заводунун экинчи этабын ишке ашырууга киришти. Долбоордун алкагында суткасына 2 миң тонна таштандыны утилдештирип, алгач 60, кийинчерээк 90 мегаватт электр энергиясын өндүрө турган жаңы завод курулат. "Учурда биринчи завод суткасына 1 200 тонна таштандыны утилдештирет. Бирок шаардан 1 600 тонна акыр-чикир чыгат, ошону менен 400 тонна топтолуп жатат. Экинчи завод ишке кирсе Бишкектен чыккан таштандынын баарын утилдештирип бүтөбүз. Анан заводдор келечекте Чүй облусун тейлей баштайт", — деди Жунушалиев. Белгилей кетсек, учурда иштеп жаткан биринчи завод 30 мегаваттка чейин электр энергиясын өндүрүп, андан чыккан күлдөн коңшу заводдордо кирпич жана шифер жасалып жатат. Россиянын 20 аймагынан келген компаниялар Бишкекте продукциясын көрсөтөт 15-17-октябрда борбор калаада EXPO Eurasia Kyrgyzstan эл аралык өнөр жай көргөзмөсү өтөт. Анын алкагында Бишкек бизнес-форуму жана Kyrgyzstan EXPO көргөзмөсү да уюштурулат. Россиялык жана кыргызстандык ишканалар энергетика, мунай, газ, тоо-кен, металлургия, машина куруу, курулуш, транспорт, медицина, IT жана айыл чарба тармактарындагы продукцияларын көрсөтөт. Башкыртстан, Тюмень жана Нижний Новгород облустарынын өзүнчө стенддери болот. Уюштуруучулардын айтымында, көргөзмө ишкерлерге болочок өнөктөштөр менен түз байланыш түзүүгө мүмкүнчүлүк берет. Россиядан келчү ишкерлердин көбүнүн кыргызстандык бизнесмендер менен биргелешкен компаниялары бар.ЕАЭБ алкагында кандай гана кыйынчылыктар болбосун, мүчө өлкөлөр пайда болгон маселелерди чогуу чечишибиз керек. Мындай пикирин Беларусь президенти Александр Лукашенко Минск шаарында Евразия экономикалык биримдигине кирген өлкөлөрдүн өкмөт башчылары менен жолугушууда билдирди. Ал өнөктөштөрдү биргелешкен кызыкчылыктарга бек турууга чакырып, биримдиктин маанилүүлүгүн белгиледи. "Силер бизге ишенсеңер болот. Биз орток кызыкчылыктарыбызга эч качан чыккынчылык кылбайбыз жана куру сөздөн да алыспыз. Бүгүн уюмга мүчө өлкөлөрдүн өкмөттөрү үчүн да оңой эмес, кыйын болуп жатат. Сабыр кылгыла", — деди Беларусь лидери. Белгилей кетсек, ушул күндөрү Минск шаарында ЕАЭБ өлкөлөрүнүн премьер-министрлеринин (Өкмөттөр аралык кеңештин) отуруму өтүүдө.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/0a/02/1104058128_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_41c1f9e99b62353c30d8b3c11d7863b8.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио