https://sputnik.kg/20261002/1104046529.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандын биринчи спутниги өлкөнүн аймагын өз алдынча изилдөөгө мүмкүндүк берет. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров 1-октябрда АКШнын Калифорния штатында... 02.10.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-10-02T11:00+0600
2026-10-02T11:00+0600
2026-10-02T11:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/0a/02/1104046363_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_81993dbcb3ab2f04d1637788cd26b7fc.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандын биринчи спутниги өлкөнүн аймагын өз алдынча изилдөөгө мүмкүндүк берет. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров 1-октябрда АКШнын Калифорния штатында өлкөнүн алгачкы спутнигин орбитага чыгаруу аземинен кийин билдирди. Анын айтымында, спутник негизинен жаратылышты жана өлкөнүн аймагын мониторинг жүргүзүүгө багытталган. Ал айыл чарба жерлеринин абалын, жер кыртышын, мөңгүлөрдүн эришин, аба ырайын, өзгөчө кырдаалдарды жана кен байлыктарды изилдөөгө жардам берет. Жапаров буга чейин Кыргызстан спутниги бар өлкөлөрдөн маалымат алып, бул үчүн каражат төлөп келгенин белгиледи. Президенттин айтымында, спутник аркылуу Кыргызстан өзүнүн 200 миң чарчы чакырымга жакын аймагын этап-этабы менен изилдеп, жер кыртышы жана жаратылыш ресурстары тууралуу маалыматтарды топтой алат. Бул маалыматтар айыл чарбасында да колдонулат. Тактап айтканда, дыйкандарга кайсы аймакка кандай өсүмдүк эгүү пайдалуу экени, күтүлүп жаткан түшүм жөнүндө, кургакчыл же жаанчыл мезгилдер тууралуу маалымат алууга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Жапаров спутниктин ишке кириши өлкө үчүн экономикалык жана экологиялык жактан маанилүү экенин белгиледи. Президент ошондой эле келечекте байланыш жана телекоммуникация кызматтарын камсыздай турган дагы бир спутникти учуруу планы бар экенин кошумчалады.
Кыргызстан менен Россия баңгизатка каршы күрөшүү боюнча келишим түздү Ички иштер министри Улан Ниязбеков менен Россиянын ИИМ башчысы Владимир Колокольцев Душанбеде КМШнын ички иштер министрлеринин кеңешинин жыйынында жолугушту. Бул тууралуу ИИМден билдиришти. Маалыматка ылайык, Кыргызстандын Баңгизатты мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы 2026-2028-жылдары Россиядан колдоо алат. Тараптар бул боюнча келишимге кол коюшкан. Анын алкагында кызматтын материалдык-техникалык базасы жаңыланып, кызматкерлердин даярдыгы жакшыртылат.
Ала-Арча жаратылыш паркы жана "Унаа" мамлекеттик мекемеси өзүнүн атайын эсебине түшкөн каражаттын эсебинен каржыланат. Президент Садыр Жапаров бул эки мекемеге сынамык режим киргизүү тууралуу жарлыкка кол койду. Ага ылайык, 2027-жылдын 31-июлуна чейин бул мекемелерди каржылоо боюнча апробациялык режим иштейт. Алардын иши атайын эсептерине түшкөн каражаттардын эсебинен каржыланат. Кызматкерлердин айлык акысы да тиешелүү мекеменин атайын эсебинен төлөнөт.
Өзөктүк куралы бар ири державалардын аны колдонбой турганына кепилдик жок. Бул тууралуу Россия президенти Владимир Путин "Валдай" эл аралык талкуу клубунун жыйынында билдирди. Путиндин айтымында, аскердик аракеттерди күчөтүү жана санкция киргизүү саясаты эч качан бир тараптуу болбойт. Бир тараптын кыйратуучу кадамдарына экинчи тарап сөзсүз жооп кайтарат. Куралдуу жаңжалдар болуп жатат, мындан ары да болот. Бул адамзаттын жашоосунун ажырагыс бөлүгү экенин айткан Путин азыр мындай чыр-чатактардын эрежелери тууралуу маселени көтөрүү керектигин белгиледи. Президент эртеңки күн үчүн бүткүл дүйнө коомчулугу жооптуу экенине токтолуп, бул жөн гана сөз эмес, чечүүнү талап кылган практикалык милдет экенин кошумчалады. "Валдай" эл аралык форумуна 40 мамлекеттен 120га чукул эксперт келген. Катышып жаткан өлкөлөрдүн катарында Кытай, Индия, Иран, БАЭ, Сауд Аравиясы, Түркия, Бразилия, Европа мамлекеттери жана АКШ бар.
Кыргызстандын биринчи спутниги өлкөнүн аймагын өз алдынча изилдөөгө мүмкүндүк берет. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров 1-октябрда АКШнын Калифорния штатында өлкөнүн алгачкы спутнигин орбитага чыгаруу аземинен кийин билдирди. Анын айтымында, спутник негизинен жаратылышты жана өлкөнүн аймагын мониторинг жүргүзүүгө багытталган. Ал айыл чарба жерлеринин абалын, жер кыртышын, мөңгүлөрдүн эришин, аба ырайын, өзгөчө кырдаалдарды жана кен байлыктарды изилдөөгө жардам берет. Жапаров буга чейин Кыргызстан спутниги бар өлкөлөрдөн маалымат алып, бул үчүн каражат төлөп келгенин белгиледи. Президенттин айтымында, спутник аркылуу Кыргызстан өзүнүн 200 миң чарчы чакырымга жакын аймагын этап-этабы менен изилдеп, жер кыртышы жана жаратылыш ресурстары тууралуу маалыматтарды топтой алат. Бул маалыматтар айыл чарбасында да колдонулат. Тактап айтканда, дыйкандарга кайсы аймакка кандай өсүмдүк эгүү пайдалуу экени, күтүлүп жаткан түшүм жөнүндө, кургакчыл же жаанчыл мезгилдер тууралуу маалымат алууга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Жапаров спутниктин ишке кириши өлкө үчүн экономикалык жана экологиялык жактан маанилүү экенин белгиледи. Президент ошондой эле келечекте байланыш жана телекоммуникация кызматтарын камсыздай турган дагы бир спутникти учуруу планы бар экенин кошумчалады.Кыргызстан менен Россия баңгизатка каршы күрөшүү боюнча келишим түздү Ички иштер министри Улан Ниязбеков менен Россиянын ИИМ башчысы Владимир Колокольцев Душанбеде КМШнын ички иштер министрлеринин кеңешинин жыйынында жолугушту. Бул тууралуу ИИМден билдиришти. Маалыматка ылайык, Кыргызстандын Баңгизатты мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы 2026-2028-жылдары Россиядан колдоо алат. Тараптар бул боюнча келишимге кол коюшкан. Анын алкагында кызматтын материалдык-техникалык базасы жаңыланып, кызматкерлердин даярдыгы жакшыртылат.Ала-Арча жаратылыш паркы жана "Унаа" мамлекеттик мекемеси өзүнүн атайын эсебине түшкөн каражаттын эсебинен каржыланат. Президент Садыр Жапаров бул эки мекемеге сынамык режим киргизүү тууралуу жарлыкка кол койду. Ага ылайык, 2027-жылдын 31-июлуна чейин бул мекемелерди каржылоо боюнча апробациялык режим иштейт. Алардын иши атайын эсептерине түшкөн каражаттардын эсебинен каржыланат. Кызматкерлердин айлык акысы да тиешелүү мекеменин атайын эсебинен төлөнөт.Өзөктүк куралы бар ири державалардын аны колдонбой турганына кепилдик жок. Бул тууралуу Россия президенти Владимир Путин "Валдай" эл аралык талкуу клубунун жыйынында билдирди. Путиндин айтымында, аскердик аракеттерди күчөтүү жана санкция киргизүү саясаты эч качан бир тараптуу болбойт. Бир тараптын кыйратуучу кадамдарына экинчи тарап сөзсүз жооп кайтарат. Куралдуу жаңжалдар болуп жатат, мындан ары да болот. Бул адамзаттын жашоосунун ажырагыс бөлүгү экенин айткан Путин азыр мындай чыр-чатактардын эрежелери тууралуу маселени көтөрүү керектигин белгиледи. Президент эртеңки күн үчүн бүткүл дүйнө коомчулугу жооптуу экенине токтолуп, бул жөн гана сөз эмес, чечүүнү талап кылган практикалык милдет экенин кошумчалады. "Валдай" эл аралык форумуна 40 мамлекеттен 120га чукул эксперт келген. Катышып жаткан өлкөлөрдүн катарында Кытай, Индия, Иран, БАЭ, Сауд Аравиясы, Түркия, Бразилия, Европа мамлекеттери жана АКШ бар.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/0a/02/1104046363_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_053957de474baa9e0c9e5b24f9a1d438.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио