https://sputnik.kg/20261002/1104049772.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Sputnik Кыргызстан
Шакиранын концертине билеттерди 22 өлкөнүн жарандары да сатып алды Касымалиев "Иннопром. Беларусь" көргөзмөсүнө бардыКыргызстандын алгачкы спутниги орбитага... 02.10.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-10-02T13:00+0600
2026-10-02T13:00+0600
2026-10-02T13:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/0a/02/1104049606_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_c00f7adf7a8c0d41660443db35e45449.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Sputnik Кыргызстан
Шакиранын концертине билеттерди 22 өлкөнүн жарандары да сатып алды Касымалиев "Иннопром. Беларусь" көргөзмөсүнө бардыКыргызстандын алгачкы спутниги орбитага чыгарылды
Кыргызстандын алгачкы спутниги орбитага чыгарылды Калифорнияда SpaceX компаниясынын Falcon 9 ракета алып жүрүүчүсүнүн учурулушуна Садыр Жапаров күбө болду. Президенттик администрациядан спутниктин учурулушу Кыргызстан менен Бириккен Араб Эмирликтеринин биргелешкен ишинин натыйжасы болгонун билдиришти. Спутник Бишкектен башкарылат. Алынган маалыматтар айыл чарба жерлерине, мөңгүлөргө жана суу объектилерине мониторинг жүргүзүүгө, ошондой эле жаратылыш экосистемаларындагы өзгөрүүлөргө байкоо салууга мүмкүндүк берет. Кийинчерээк спутниктен алынган маалыматтар мамлекеттик санариптик системаларга интеграцияланып, карталарды жана аналитикалык моделдерди түзүүдө пайдаланылат.
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Беларуска болгон иш сапарынын алкагында "Иннопром. Беларусь 2026" эл аралык өнөр жай көргөзмөсүнө катышып, анын пленардык жыйынында сөз сүйлөдү. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди. Көргөзмөдө Кыргызстандын улуттук павильону орнотулуп, анда өнөр жай тармагында иш жүргүзгөн кыргызстандык 12 компания өз продукциясын койду. Касымалиев ЕАЭБ алкагында биргелешип иш алып баруу маанилүү экенин айтты. Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолу жана Камбар-Ата-1 ГЭСи сыяктуу ири долбоорлорду мисал келтирип, алар техникага жана электр жабдууларына болгон суроо-талапты арттырарын, буларды ЕАЭБ өлкөлөрүндө өндүрүү зарылчылыгын баса белгиледи. "Биздин өнөктөштөр технология алып келет, ал эми Кыргызстан өндүрүш аянтчасын жана жумушчу күчүн берет. Биз машина куроо, электр жабдуулары, курулуш материалдары, фармацевтика жана жеңил өнөр жай багытында биргелешип товар чыгара алабыз", — деди ал. Ошондой эле министрлер кабинетинин төрагасы акыркы беш жылда Кыргызстанда өнөр жай өндүрүшү эки эседен ашык өсүп, 2021-жылдагы 4,24 миллиард доллардан 2025-жылы 9,14 миллиард долларга жеткенин билдирди.
Дүйнөгө белгилүү колумбиялык ырчы жана бийчи Шакиранын концертине билеттердин 30 пайызы биринчи күнү эле сатылып кетти. Бул тууралуу президенттин иш башкармалыгынан билдиришти. Ага ылайык, 13 миң билетти 22 өлкөнүн жарандары сатып алган. Анын 70 пайызы Кыргызстанга туура келет. Билет сатып алгандардын басымдуу бөлүгү Казакстан, Россия жана Өзбекстандан. Skybox бөлүгүндөгү орундардын баары сатылды. Ал эми VIP жана VVIP билеттердин жарымы кеткен. Шакиранын концерти "Бишкек аренада" 18-октябрда өтөт. Президенттин иш башкармалыгы эксклюзивдүү келишимдин алкагында дүйнөлүк жылдыз Борбор Азия боюнча Бишкекте гана концерт коерун айткан.
Украина калкы киевдик режимдин "туруктуулугу менен бекемдиги" тууралуу баянга ишенбей калды. Мындай пикирин Украина президентинин мурдагы маалымат катчысы Юлия Мендель The American Conservative басылмасына билдиргенин РИА Новости жазды. Анын айтымында, жер-жерлердеги абал начарлап жаткан маалда куру сөз калктын чыдамын кетирди. Мурдагы маалымат катчы согушту токтотуу аркылуу муунду сактап калуу керектигин баса белгилеп, алдыда келе жаткан кыш гуманитардык апаатка кептеши мүмкүн экенин эскертти. Ошондой эле ал Зеленскийдин өкмөтү аралашкан коррупциялык чатактар ырбап, финансылык абал кескин начарлап кеткенин белгиледи. Ал эми Россия лидеринин маалымат катчысы Дмитрий Песков Киев үчүн экономикада да, фронтто да абал күн санап начарлап жатканын, Москва убактылуу эмес, туруктуу тынчтыкты жактаарын айткан.
Шакиранын концертине билеттерди 22 өлкөнүн жарандары да сатып алды Касымалиев "Иннопром. Беларусь" көргөзмөсүнө бардыКыргызстандын алгачкы спутниги орбитага чыгарылды Кыргызстандын алгачкы спутниги орбитага чыгарылды Калифорнияда SpaceX компаниясынын Falcon 9 ракета алып жүрүүчүсүнүн учурулушуна Садыр Жапаров күбө болду. Президенттик администрациядан спутниктин учурулушу Кыргызстан менен Бириккен Араб Эмирликтеринин биргелешкен ишинин натыйжасы болгонун билдиришти. Спутник Бишкектен башкарылат. Алынган маалыматтар айыл чарба жерлерине, мөңгүлөргө жана суу объектилерине мониторинг жүргүзүүгө, ошондой эле жаратылыш экосистемаларындагы өзгөрүүлөргө байкоо салууга мүмкүндүк берет. Кийинчерээк спутниктен алынган маалыматтар мамлекеттик санариптик системаларга интеграцияланып, карталарды жана аналитикалык моделдерди түзүүдө пайдаланылат. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Беларуска болгон иш сапарынын алкагында "Иннопром. Беларусь 2026" эл аралык өнөр жай көргөзмөсүнө катышып, анын пленардык жыйынында сөз сүйлөдү. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди. Көргөзмөдө Кыргызстандын улуттук павильону орнотулуп, анда өнөр жай тармагында иш жүргүзгөн кыргызстандык 12 компания өз продукциясын койду. Касымалиев ЕАЭБ алкагында биргелешип иш алып баруу маанилүү экенин айтты. Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолу жана Камбар-Ата-1 ГЭСи сыяктуу ири долбоорлорду мисал келтирип, алар техникага жана электр жабдууларына болгон суроо-талапты арттырарын, буларды ЕАЭБ өлкөлөрүндө өндүрүү зарылчылыгын баса белгиледи. "Биздин өнөктөштөр технология алып келет, ал эми Кыргызстан өндүрүш аянтчасын жана жумушчу күчүн берет. Биз машина куроо, электр жабдуулары, курулуш материалдары, фармацевтика жана жеңил өнөр жай багытында биргелешип товар чыгара алабыз", — деди ал. Ошондой эле министрлер кабинетинин төрагасы акыркы беш жылда Кыргызстанда өнөр жай өндүрүшү эки эседен ашык өсүп, 2021-жылдагы 4,24 миллиард доллардан 2025-жылы 9,14 миллиард долларга жеткенин билдирди.Дүйнөгө белгилүү колумбиялык ырчы жана бийчи Шакиранын концертине билеттердин 30 пайызы биринчи күнү эле сатылып кетти. Бул тууралуу президенттин иш башкармалыгынан билдиришти. Ага ылайык, 13 миң билетти 22 өлкөнүн жарандары сатып алган. Анын 70 пайызы Кыргызстанга туура келет. Билет сатып алгандардын басымдуу бөлүгү Казакстан, Россия жана Өзбекстандан. Skybox бөлүгүндөгү орундардын баары сатылды. Ал эми VIP жана VVIP билеттердин жарымы кеткен. Шакиранын концерти "Бишкек аренада" 18-октябрда өтөт. Президенттин иш башкармалыгы эксклюзивдүү келишимдин алкагында дүйнөлүк жылдыз Борбор Азия боюнча Бишкекте гана концерт коерун айткан. Украина калкы киевдик режимдин "туруктуулугу менен бекемдиги" тууралуу баянга ишенбей калды. Мындай пикирин Украина президентинин мурдагы маалымат катчысы Юлия Мендель The American Conservative басылмасына билдиргенин РИА Новости жазды. Анын айтымында, жер-жерлердеги абал начарлап жаткан маалда куру сөз калктын чыдамын кетирди. Мурдагы маалымат катчы согушту токтотуу аркылуу муунду сактап калуу керектигин баса белгилеп, алдыда келе жаткан кыш гуманитардык апаатка кептеши мүмкүн экенин эскертти. Ошондой эле ал Зеленскийдин өкмөтү аралашкан коррупциялык чатактар ырбап, финансылык абал кескин начарлап кеткенин белгиледи. Ал эми Россия лидеринин маалымат катчысы Дмитрий Песков Киев үчүн экономикада да, фронтто да абал күн санап начарлап жатканын, Москва убактылуу эмес, туруктуу тынчтыкты жактаарын айткан.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/0a/02/1104049606_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_b470f2ce93df17eb7d35c78aa985ba6e.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио