00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
7 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Улуу муунга камкордук көрсөтүүгө багытталган бир айлык иш-чара уланууда
15:08
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
7 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
5 мин
Жума жыйынтыгы
апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:06
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
9 мин
Между строк
Стефани Майер: как сон стал “Сумерками”
18:10
36 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Жазылуу
Азия оюндарында Абдурахман Муртазалиев коло медаль тагындыЕБ Киевге акча, коюлган шарт аткарылгандан кийин берилерин эскерттиКасымалиев чек арадагы тоскоолдуктарды жоюу жана санариптештирүү зарыл экенин белгиледи
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Беларуска болгон иш сапарынын алкагында Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кеңейтилген курамдагы жыйынына катышты. Анда сөз сүйлөгөн министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев, ЕАЭБ алкагында бизнес жана жарандар үчүн шарттарды тынымсыз жакшыртып, механизмдер өзгөрүп жаткан экономикалык реалдуулукка өз убагында ылайыкташтырып, зарыл болгон учурда аларды ишке ашыруу ыкмаларын кайра карап чыгуу керектигин белгиледи.Адылбек Касымалиев, товар агымдарын расмий экономикага тартууга багытталган бардык куралдарды — навигациялык пломбаларды, электрондук жүк коштоочу документтерди, продукциянын изин кууп жетүү жана маркировкалоо механизмдерин, ошондой эле шайкештикти баалоо системаларын — бирдиктүү санариптик алкакка бириктирүү зарылдыгын айтып сөзүн улады. Бул жакынкы келечекте ачык-айкын көзөмөлдү камсыз кылган жана бизнес үчүн жол-жоболорду мүмкүн болушунча ыңгайлуу кылган комплекстүү санариптик системаны түзүүгө мүмкүндүк берет. Мындан тышкары, министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев энергетикалык ресурстар жаатында тыгыз кызматташтыкты улантуу жана жеткирүүлөрдүн ишенимдүүлүгү менен туруктуулугун камсыз кылуу менен бирге, ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин болгон потенциалын натыйжалуу пайдалануу зарылдыгын белгиледи.
Япониянын Айти-Нагоя шаарында өтүп жаткан Азия оюндарында кыргызстандык Абдурахман Муртазалиев жиу-житсу боюнча коло медаль тагынды. Ал 85 килограммга чейинки салмакта Кувейт, Камбоджа жана Түштүк Кореянын спортчуларын жеңип, жарым финалда казакстандык Мерей Кабдуллаевге 2:4 эсебинде утулган. Коло байге үчүн беттеште Муртазалиев сингапурдук И Аакус Хоу Юну 2:0 эсебинде жеңип алды.
Мамлекет “Социалдык келишим” долбоорунун алкагында бериле турчу акчанын суммасын эки эсеге көбөйтүшү мүмкүн Эмгек министрлиги баалардын өсүшүнө байланыштуу азыркы 150 миң сомдук социалдык келишимдин көлөмү керектүү жабдууларды сатып алууга, өндүрүштү кеңейтүүгө жана башка чыгымдарга жетишсиз болуп жатканын белгилейт. Ошондуктан жакырчылыкты кыскартуу жана иш менен камсыз кылууга көмөктөшкөн долбоордун акчасын 300 миң сомго чейин көбөйтүү сунушталууда. Аталган долбоор 2022-жылы башталган. Аз камсыз болгон үй-бүлөлөр жөлөкпул алуудан баш тартып, анын ордуна өз ишин ачуу үчүн мамлекеттен 150 миң сомго чейин каражат ала алышат.
Евроибиримдик Украинага финансылык жардам бөлүнүшүнүн башкы талабы реформа экенин эскертти. Бул тууралуу британиялык Financial Times жазды."Еврокомиссиянын эки комиссары Украина парламентинин төрагасына кат жолдоп, Киев талап кылынган реформаларды аткарса, 2026-жылы кошумча каржылык жардамга үмүт артса болорун белгилешкен", — деп айтылат макалада.Басылманын маалыматы боюнча катта Украинадагы чоң саясй фигураларга карата финансылык мониторинг системасын алсыратууга жол берилбеши керектиги да белгиленген. Буга чейин экономика боюнча еврокомиссар Валдис Домбровскис Euractiv гезитине Украинанын 2026-жылга карата негизги бюджеттик муктаждыгы каржыланып бүткөнүн кабарлаган. Деген менен Владимир Зеленский августтун аягында украин бюджетине 27 миллиарддык дефицит жаралганын айтып, Европадан кийинки жылга каралган каражаттын бир бөлүгүн азыр берүүнү талап кылган. Евробиримдик акчаны мөөнөтүнөн мурда бөлүү 2027-жылы көйгөй жаратарын билдирип, Украинаны реформага көңүл бурууга чакырган.
Жаңылыктар түрмөгү
0