00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
5 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ачык кеп
Балдар арасында онкология оорулары көбөйдү. Эмне себеп?
21:04
48 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Жазылуу
ЕАЭБдин ички чек араларында жүк ташуучу унаалар текшерүүдөн өтүү үчүн узак убакыт кезекте туруп калган тоскоолдуктар дагы эле сакталууда. Бул жалпы рынок идеясына чоң сокку. Мындай пикирин министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Минск шаарында өткөн ЕАЭБ Өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынында билдирди. Ошол эле учурда ал жүктөрдү көмүскөдөн чыгаруунун бардык механизмдерин — навигациялык пломбаларды, электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаздарды, товарларды маркалоо жана көзөмөлдөө каражаттарын, ошондой эле шайкештикти баалоо тутумун бирдиктүү санариптик контурга бириктирүү зарылдыгын белгиледи. “Ошондо гана көзөмөл толугу менен санарипке өтүп, ал эми жеринде текшерүү өзгөчө учурларда гана колдонулуп калат”, — деп кошумчалады өкмөт башчы.
Касымалиев Кыргызстанды мунай заттары менен камсыздап жатканы үчүн ЕАЭБдеги өнөктөштөргө ыраазычылык билдирди Минкаб төрагасы энергетикалык ресурстардын туруктуу жеткирилиши өндүрүшкө, транспортко, бааларга жана калктын бакубат жашоосуна түздөн-түз таасир этерин белгиледи. Касымалиев ЕАЭБде бирдиктүү мунай базары түзүлгүчө, күйүүчү май тартыш болсо маалымат алмашып, товарды бири-бирине ыкчам жеткирүүнү сунуштады.
Кыргызстандын коргоо министри, генерал-майор Руслан Мукамбетов Россиядагы "Чебаркуль" полигонуна барды. Бул тууралуу Коргоо министрлигинен кабарлашты. Маалыматка караганда, ал "Борбор— 2026" командалык-штабдык стратегиялык машыгуусунун активдүү фазасына катышууда. Ага чейин Мукамбетов башкаруу пунктуларынын ишин көрүп, аскердик техникалардын көргөзмөсүнө барган. Ал эми ЖККУнун башкы катчысы Таалатбек Масадыков Кыргызстандын аскер контингентинин башкаруу пунктуларына барып, жоокерлердин даярдыгына жана машыгуу учурундагы чеберчилигине күбө болду. Эске салсак, 2026-жылдын 20-сентябрынан бери Кыргызстандын аскер контингенти Россиянын "Чебаркуль" полигонунда өтүп жаткан "Борбор — 2026" командалык-штабдык стратегиялык машыгуусуна, ошондой эле ЖККУга мүчө мамлекеттердин биргелешкен аскердик машыгууларына катышууда.
Украина калкы киевдик режимдин "туруктуулугу менен бекемдиги" тууралуу баянга ишенбей калды. Мындай пикирин Украина президентинин мурдагы маалымат катчысы Юлия Мендель The American Conservative басылмасына билдиргенин РИА Новости жазды. Анын айтымында, жер-жерлердеги абал начарлап жаткан маалда куру сөз калктын чыдамын кетирди. Мурдагы маалымат катчы согушту токтотуу аркылуу муунду сактап калуу керектигин баса белгилеп, алдыда келе жаткан кыш гуманитардык апаатка кептеши мүмкүн экенин эскертти. Ошондой эле ал Зеленскийдин өкмөтү аралашкан коррупциялык чатактар ырбап, финансылык абал кескин начарлап кеткенин белгиледи. Ал эми Россия лидеринин маалымат катчысы Дмитрий Песков Киев үчүн экономикада да, фронтто да абал күн санап начарлап жатканын, Москва убактылуу эмес, туруктуу тынчтыкты жактаарын айткан.
ЭМИ ВАЛЮТА КУРСУ МЕНЕН ТААНЫШЫП АЛЫҢЫЗДАР: Улуттук банктын билдирүүсү боюнча ушул тапта: 1 АКШ доллары 87 сом 44 тыйынга евро 98 сом 72 тыйын юань 13 сом 4 тыйынга рубль 1 сом 4 тыйынга Казак тенгеси 19 тыйынга барабар
МУНАЙ БААСЫ Бишкекте орточо эсеп менен алганда Аи 92 үлгүсүндөгү бензиндин литри 87 сом 90 тыйындан баштап сатылууда. АИ 95 улгусундогу май 109 сом 90 тыйындан, Дизель майы литрине 99 сом 90 тыйынга бааланса, унаа газынын литри 48 сом 80 тыйындан сатылууда
АБА ЫРАЙЫ3-октябрга караган түнү өлкө аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Ишембиде республика аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу Кыргыз гидрометеорология билдирди. Жалпысынан алганда абанын температурасы Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +24...+29, Таласта +22...+27, Ысык-Көл, Нарын аймактарында +17...+22 градус болот. Термометрдин көрсөткүчү Бишкек, Ош шаарларында +25...+27, ал эми Чолпон-Атада +18...+20 градусту көрсөтөт.
Жаңылыктар түрмөгү
0