https://sputnik.kg/20260721/syrskijdin-otstavkasy-1102517534.html
NZZ: Зеленскийге башкы командачы Сырскийдин отставкасы да жардам бере албайт
NZZ: Зеленскийге башкы командачы Сырскийдин отставкасы да жардам бере албайт
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 21-июл. — Sputnik. Владимир Зеленскийге Украина армиясынын ичиндеги пикир келишпестикти жоюуга Куралдуу күчтөрдүн башкы командачысы Александр... 21.07.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-07-21T11:16+0600
2026-07-21T11:16+0600
2026-07-21T11:16+0600
россиянын донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
дүйнөдө
украина
киев
митинг
александр сырский
владимир зеленский
отставка
https://sputnik.kg/img/07e8/02/08/1082566556_0:183:3000:1871_1920x0_80_0_0_ca4f80e939d449279a7497a98abda417.jpg
БИШКЕК, 21-июл. — Sputnik. Владимир Зеленскийге Украина армиясынын ичиндеги пикир келишпестикти жоюуга Куралдуу күчтөрдүн башкы командачысы Александр Сырскийдин отставкасы да жардам бере албайт. Бул тууралуу швейцариялык Neue Zürcher Zeitung гезити жазды. Басылманын айтымында, бул элдин нааразылыгы күчөп жаткан маалда Зеленскийдин кадырына доо кетире турган чечим болот. "Элдин генерал Сырскийди кызматтан алуу талабын компромисс жолу менен аткаруу оор. Киев режиминин башчысы аброюн сактап калууга жан үрөйт, бирок ал оңойго турбайт", — дешкен авторлор. Дүйшөмбү күнү украин ЖМКлары Сырскийдин отставкасы тууралуу жазышкан. Куралдуу күчтөрдүн Генералдык штабы маалыматты четке кагып, башкы командачы милдетин аткарып жатканын кабарлаган эле. Кийинчерээк Bloomberg Сырскийдин ордуна келчү киши жакын арада аныкталарын жазып чыкты. Маалымат бергендердин айтымында, киев режиминин башчысы Бириккен күчтөрдүн командачысы генерал-майор Михаил Драпатыйга артыкчылык берүүдө. Өткөн жумада Владимир Зеленский аткаруу бийлигин алмаштырган. Жогорку рада премьер Юлия Свириденко башында турган өкмөттү толугу менен отставга кетирген. Арасында коргоо министри Михаил Федоров да бар болчу. Депутат Ярослав Железняктын айтымында, Зеленский коргоо министрине аскер комиссариаттарын реформалоо ишин үзгүлтүккө учуратты деп кине койгон. Ушундан кийин Киев менен бир катар шаарларда Федоровду колдогон митингдер башталган. Жаңы министр дайындала элек. Анын милдетин Украинанын коопсуздук кызматын убактылуу жетектеп жаткан Евгений Хмара аткарууда.
https://sputnik.kg/20260719/kiev-federov-miting-zelenskij-1102487253.html
украина
киев
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e8/02/08/1082566556_214:0:2881:2000_1920x0_80_0_0_bc71e05fa0312f1f7900a95ffacccca8.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, украина, киев, митинг, александр сырский, владимир зеленский, отставка
дүйнөдө, украина, киев, митинг, александр сырский, владимир зеленский, отставка
БИШКЕК, 21-июл. — Sputnik. Владимир Зеленскийге Украина армиясынын ичиндеги пикир келишпестикти жоюуга Куралдуу күчтөрдүн башкы командачысы Александр Сырскийдин отставкасы да жардам бере албайт. Бул тууралуу швейцариялык
Neue Zürcher Zeitung гезити жазды.
"Келчү киши армиянын ичиндеги тирешүүнү басаңдата албайт. Жок эле дегенде Сырскийдин айланасындагы бир нече командир башка кызматтарга которулушу мүмкүн", — деп айтылат макалада.
Басылманын айтымында, бул элдин нааразылыгы күчөп жаткан маалда Зеленскийдин кадырына доо кетире турган чечим болот.
"Элдин генерал Сырскийди кызматтан алуу талабын компромисс жолу менен аткаруу оор. Киев режиминин башчысы аброюн сактап калууга жан үрөйт, бирок ал оңойго турбайт", — дешкен авторлор.
Дүйшөмбү күнү украин ЖМКлары Сырскийдин отставкасы тууралуу жазышкан. Куралдуу күчтөрдүн Генералдык штабы маалыматты четке кагып, башкы командачы милдетин аткарып жатканын кабарлаган эле.
Кийинчерээк Bloomberg Сырскийдин ордуна келчү киши жакын арада аныкталарын жазып чыкты. Маалымат бергендердин айтымында, киев режиминин башчысы Бириккен күчтөрдүн командачысы генерал-майор Михаил Драпатыйга артыкчылык берүүдө.
Өткөн жумада Владимир Зеленский аткаруу бийлигин алмаштырган. Жогорку рада премьер Юлия Свириденко башында турган өкмөттү толугу менен отставга кетирген. Арасында коргоо министри Михаил Федоров да бар болчу. Депутат Ярослав Железняктын айтымында, Зеленский коргоо министрине аскер комиссариаттарын реформалоо ишин үзгүлтүккө учуратты деп кине койгон. Ушундан кийин Киев менен бир катар шаарларда Федоровду колдогон митингдер башталган.
Жаңы министр дайындала элек. Анын милдетин Украинанын коопсуздук кызматын убактылуу жетектеп жаткан Евгений Хмара аткарууда.