https://sputnik.kg/20260720/aksh-patriot-raketalaryn-2029-zhyly-gana-alat-1102499448.html
АКШ жана өнөктөштөрү жаңы Patriot ракеталарын 2028-жылдын аягына чейин ала алышпайт
АКШ жана өнөктөштөрү жаңы Patriot ракеталарын 2028-жылдын аягына чейин ала алышпайт
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 20-июл. — Sputnik. АКШ жана анын өнөктөш өлкөлөр Patriot абадагы кол салуудан коргонуу боюнча жаңы системасынын ракеталарын 2028-жылдын аягына чейин... 20.07.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-07-20T10:24+0600
2026-07-20T10:24+0600
2026-07-20T10:24+0600
дүйнөдө
акш
зрк patriot
курал-жарак
сатып алуу
абадан коргонуу системасы
https://sputnik.kg/img/07e9/04/01/1093048198_0:57:2730:1593_1920x0_80_0_0_db433a56d5f1556f5992969e202fbed7.jpg
БИШКЕК, 20-июл. — Sputnik. АКШ жана анын өнөктөш өлкөлөр Patriot абадагы кол салуудан коргонуу боюнча жаңы системасынын ракеталарын 2028-жылдын аягына чейин ала албайт. Бул тууралуу РИА Новости жазды. Агенттик өкмөттүк документтерди талдап чыгып, Lockheed Martin компаниясы менен түзүлгөн эки келишимдин алкагында кошумча аларды сатып алууга 7,13 миллиард доллар бөлүнгөнүн аныктаган. Мунун ичинен 1,93 миллиард доллар АКШ армиясынын буютмаларына туура келет, ал эми калган каражаттар FMS (Foreign Military Sales) программасы аркылуу башка мамлекеттер тарабынан каржыланган. АКШнын Коргоонуу министрлигинин 2027-финансылык жылга карата бюджеттик өтүнүчүнө ылайык, америкалык армия үчүн бир PAC-3 MSE ракетасынын орточо баасы 4,3 миллион долларды түзөт. Бул бөлүнгөн каражатка 1 600дөн ашыгын сатып алууга мүмкүнчүлүк берет. РИА Новости белгилегендей, кайра буюртма берилгенден кийин ракеталарды жеткирүү мөөнөтү болжол менен 30 айды түзөт. Ошондуктан 2026-жылдын февралындагы Иран менен болгон жаңжалдан кийин каржыланган ракеталар сатып алуучуларга 2028-жылдын аягынан эрте жеткирилбейт. Ошондой эле аларды чыгаруу мүмкүнчүлүгү Техастагы Lockheed Martin заводунун өндүрүш кубаттуулугу менен чектелери айтылат. Завод жылына болжол менен 650 ракета чыгарат. Буга чейин РИА Новости Иран менен АКШнын ортосундагы согуш башталгандан кийин Вашингтон Бириккен Араб Эмирликтерине, Кувейтке, Катарга жана Бахрейнге жалпысынан 1 450гө мындай куралды сатууга уруксат бергенин маалымдаган. Бирок Lockheed Martin менен түзүлгөн келишимдердин ачык маалыматтарында аны кайсы өлкөлөр каржылаганы көрсөтүлгөн эмес.
https://sputnik.kg/20260609/pentagon-uchak-zhasoonu-plandap-zhatat-1101786550.html
акш
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/04/01/1093048198_0:0:2730:2048_1920x0_80_0_0_ac7881b6e9ab01495def662d0bfe892a.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, акш, зрк patriot, курал-жарак, сатып алуу, абадан коргонуу системасы
дүйнөдө, акш, зрк patriot, курал-жарак, сатып алуу, абадан коргонуу системасы
БИШКЕК, 20-июл. — Sputnik. АКШ жана анын өнөктөш өлкөлөр Patriot абадагы кол салуудан коргонуу боюнча жаңы системасынын ракеталарын 2028-жылдын аягына чейин ала албайт. Бул тууралуу
РИА Новости жазды.
Агенттик өкмөттүк документтерди талдап чыгып, Lockheed Martin компаниясы менен түзүлгөн эки келишимдин алкагында кошумча аларды сатып алууга 7,13 миллиард доллар бөлүнгөнүн аныктаган. Мунун ичинен 1,93 миллиард доллар АКШ армиясынын буютмаларына туура келет, ал эми калган каражаттар FMS (Foreign Military Sales) программасы аркылуу башка мамлекеттер тарабынан каржыланган.
АКШнын Коргоонуу министрлигинин 2027-финансылык жылга карата бюджеттик өтүнүчүнө ылайык, америкалык армия үчүн бир PAC-3 MSE ракетасынын орточо баасы 4,3 миллион долларды түзөт. Бул бөлүнгөн каражатка 1 600дөн ашыгын сатып алууга мүмкүнчүлүк берет.
РИА Новости белгилегендей, кайра буюртма берилгенден кийин ракеталарды жеткирүү мөөнөтү болжол менен 30 айды түзөт. Ошондуктан 2026-жылдын февралындагы Иран менен болгон жаңжалдан кийин каржыланган ракеталар сатып алуучуларга 2028-жылдын аягынан эрте жеткирилбейт.
Ошондой эле аларды чыгаруу мүмкүнчүлүгү Техастагы Lockheed Martin заводунун өндүрүш кубаттуулугу менен чектелери айтылат. Завод жылына болжол менен 650 ракета чыгарат.
Буга чейин РИА Новости Иран менен АКШнын ортосундагы согуш башталгандан кийин Вашингтон Бириккен Араб Эмирликтерине, Кувейтке, Катарга жана Бахрейнге жалпысынан 1 450гө мындай куралды сатууга уруксат бергенин маалымдаган. Бирок Lockheed Martin менен түзүлгөн келишимдердин ачык маалыматтарында аны кайсы өлкөлөр каржылаганы көрсөтүлгөн эмес.