https://sputnik.kg/20260717/tutkundalgan-nemetstik-askerlerdin-generaldardyn-parady-tarykhyy-video-1102470022.html
Туткундалган немецтик аскерлердин, генералдардын парады. Тарыхый видео
Туткундалган немецтик аскерлердин, генералдардын парады. Тарыхый видео
Sputnik Кыргызстан
Улуу Ата Мекендик согушта "Большой вальс" деген тарыхый бир учур бар. Бул совет элинин алдында колго түшкөн немецтик аскерлердин жылдызы түшүп, аргасыздан... 17.07.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-07-17T18:38+0600
2026-07-17T18:38+0600
2026-07-17T18:38+0600
ссср
улуу ата мекендик согуш
сталинград
иосиф сталин
немецтер
туткун
генерал
видео
https://sputnik.kg/img/07ea/07/11/1102470321_0:158:720:563_1920x0_80_0_0_a4e837c8fe6a285d8da4afc20d87b84c.jpg
1942-жылдын 17-июлунда Сталинград салгылашы башталып, эки жыл өткөн соң ошол эле күнү Москвада "Большой вальс" деген иш-чара өтүп, ага туткундалган немецтер да катышкан. Ошол кездеги элге кеңири тарап кеткен голливуддук мелодраманын аты операцияга коюлганы өлкөнүн башчысы Иосиф Сталинге жаккан. Ал союздаштарга советтик аткаруудагы "кинону" көрүү ашыкча болбостугун айткан. Өзү басып жүрө алган он миңге чукул туткунду Беларустун темир жолу аркылуу Бобруйск жана Витебск станцияларына алып келишкен. Андан соң 19 немец генералы баш болгон душмандын жоокерлери салынган 40 эшелон Москвага бет алган. Алар Беларусь, Прибалтика, Чыгыш Польшада кармалгандар эле. 42 миңдик колонна башкы көчөлөрдүн биринде саат жебесинин багыты менен шакекче болуп өткөн. Генералдар менен полковниктерди аскердик кийимчен атайын калтырылган ордендери менен, ал эми 15 миңдик топту ошол көчөдөн сааттын айланган жебесине каршы бастырышкан. Колоннанын артынан Москванын көчөлөрүн фашисттердин ыпластыгын, изин жууш үчүн суу чачкан машина жүрүп отурган. Бир айдан кийин, 16-августта, мындай жүрүш Киевде кайталанган. Тархыхка кайрылсак, айыгышкан салгылаш 200 күнгө созулган. Эки тараптан бул кандуу булоонго 2,1 миллион адам катышкан. Акырында Советтер Союзунун (СССР) ар улуттан турган жоокерлери жеңген. Тарыхый маалыматтарда душмандын аскерлери суукка кабылып, колу-бутун үшүк алганы, андан сырткары, ачкачылыктан арыктап, сүлдөрү калганы жазылган. СССРдин башка республикалары сыяктуу эле кыргызстандыктар да Сталинград салгылашында өз салымын өлчөөсүз кошкон. Бул апаатта 10 кыргызстандык Советтер Союзунун Баатыры наамына татыган. Жалпысынан алганда аталган шаар үчүн биздин 2 200 мекендеш өмүрүн берген. 1942-жылы Кызыл Армиянын Сталинграддын алдындагы контрчабуулунун алдында танкист жоокерлерге "Советтик Кыргызстан" танк колоннасы берилген.
ссср
сталинград
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/07/11/1102470321_0:90:720:630_1920x0_80_0_0_13c661a5981be269c1409fa9a0789827.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
ссср, улуу ата мекендик согуш, сталинград, иосиф сталин, немецтер, туткун, генерал, видео, видео
ссср, улуу ата мекендик согуш, сталинград, иосиф сталин, немецтер, туткун, генерал, видео, видео
Туткундалган немецтик аскерлердин, генералдардын парады. Тарыхый видео
Улуу Ата Мекендик согушта "Большой вальс" деген тарыхый бир учур бар. Бул совет элинин алдында колго түшкөн немецтик аскерлердин жылдызы түшүп, аргасыздан алардын алдынан басып өткөн учуру.
1942-жылдын 17-июлунда Сталинград салгылашы башталып, эки жыл өткөн соң ошол эле күнү Москвада "Большой вальс" деген иш-чара өтүп, ага туткундалган немецтер да катышкан.
Ошол кездеги элге кеңири тарап кеткен голливуддук мелодраманын аты операцияга коюлганы өлкөнүн башчысы Иосиф Сталинге жаккан. Ал союздаштарга советтик аткаруудагы "кинону" көрүү ашыкча болбостугун айткан.
Өзү басып жүрө алган он миңге чукул туткунду Беларустун темир жолу аркылуу Бобруйск жана Витебск станцияларына алып келишкен. Андан соң 19 немец генералы баш болгон душмандын жоокерлери салынган 40 эшелон Москвага бет алган. Алар Беларусь, Прибалтика, Чыгыш Польшада кармалгандар эле.
42 миңдик колонна башкы көчөлөрдүн биринде саат жебесинин багыты менен шакекче болуп өткөн. Генералдар менен полковниктерди аскердик кийимчен атайын калтырылган ордендери менен, ал эми 15 миңдик топту ошол көчөдөн сааттын айланган жебесине каршы бастырышкан. Колоннанын артынан Москванын көчөлөрүн фашисттердин ыпластыгын, изин жууш үчүн суу чачкан машина жүрүп отурган. Бир айдан кийин, 16-августта, мындай жүрүш Киевде кайталанган.
Тархыхка кайрылсак, айыгышкан салгылаш 200 күнгө созулган. Эки тараптан бул кандуу булоонго 2,1 миллион адам катышкан. Акырында Советтер Союзунун (СССР) ар улуттан турган жоокерлери жеңген.
Тарыхый маалыматтарда душмандын аскерлери суукка кабылып, колу-бутун үшүк алганы, андан сырткары, ачкачылыктан арыктап, сүлдөрү калганы жазылган.
СССРдин башка республикалары сыяктуу эле кыргызстандыктар да Сталинград салгылашында өз салымын өлчөөсүз кошкон. Бул апаатта 10 кыргызстандык Советтер Союзунун Баатыры наамына татыган. Жалпысынан алганда аталган шаар үчүн биздин 2 200 мекендеш өмүрүн берген. 1942-жылы Кызыл Армиянын Сталинграддын алдындагы контрчабуулунун алдында танкист жоокерлерге "Советтик Кыргызстан" танк колоннасы берилген.