00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:00
5 мин
Ежедневные новости
18:00
5 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:00
4 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Таберик
17:05
43 мин
Ежедневные новости
18:00
6 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Үрккөн кыргыз менен казакты Ата Журтка кайтарган Рудольф Маречек. Маек

© Фото / Государственный кинофонофоторахив"Интергельпонун" негиздөчөсү Рудольф Маречек
Интергельпонун негиздөчөсү Рудольф Маречек - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.07.2026
Жазылуу
101 жыл мурда Кыргызстандын борборуна Чехословакиядан "Интергельпо" артелинин мүчөлөрүнүн алгачкы эшелону келген. Башкы демилгечи мамлекеттик ишмер, дипломат жана альпинист Рудольф Маречек эле. Аны кыргыз элинин чехословак уулу десек болот.
Рудольф Маречек 1918-жылы күзүндө совет бийлигинин тапшырмасы боюнча жардамчылары менен 1916-жылкы Үркүндө Үч-Турпанга (Батыш Кытайга) качкан кыргыз менен казактын 500дөй бүлөсүн ата мекенине кайра көчүрүп келген. 1920-жылдары Чехословакияда "Интергельпо" кооперативин түзүп, ал Кыргызстандын өнүгүшүнө чоң салым кошот. Маречек уулу Боривой экөө алгачкылардан болуп Ала-Тоодо альпинизм спортуна чыйыр салышкан. Колумнист Алмаз Батилов бул эки тарыхый инсан тууралуу Маречектин небереси Эльвира Маречек менен маектешкен.
— Рудольф Павлович Россияга кандайча келип калган экен?
© Фото / Из личного архива Эльвиры МаречекРудольфа Маречектин небереси Эльвира Маречек
Внучка Рудольфа Маречека Эльвира Маречек  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.07.2026
Рудольфа Маречектин небереси Эльвира Маречек
— Чоң атам 1888-жылы 29-февралда Чехиянын тоолуу Моравия аймагында жарык дүйнөгө келген. Ошол учурда Чехия жана Словакия Австро-Венгриянын курамында эле. Көп балалуу кембагал бүлөдөн чыккан экен. Рудольф Павлович бир адистикке ээ болсом деп кыялданат. Татры тоолорунда альпинизмди өздөштүрүүгө да умтулган экен. Жокчулуктун айынан Европаны кыдырып, ар кайсы шаарларда усталарга жалданып, көп кесипти үйрөнөт. Вена калаасында жаңы адистик өздөштөрүп жатып эл аралык идо тилинин ийримине мүчө болот. Бул ийрим "Калыстык биринчи орунда болушу керек, теңчиликте жашоо, бир тилде сүйлөө" деген ураан алдында иштечү экен. Бул идея Маречекке катуу таасир берет да, бүт өмүрүн идо тилинин пропагандасын жүргүзүүгө арнайт.
1910-жылы чоң атам Одесса шаарына келет. Ал жерден жергиликтүү коммунисттер менен таанышып, алардын идеологиясын жактырат. Бир аз убакыттан кийин Чехияга кайтып, чоң энем Альбина Будиевицке үйлөнөт. Чоң энем кесиби боюнча тигүүчү эле. 1913-жылы тун уулу Милослав төрөлөт. 1914-жылы Биринчи дүйнөлүк согуш башталып, чоң атамдар Россияга көчөт. Себеби Австро-Венгрия империясы курал көтөрө алган эркектин баарын фронтко айдай баштайт. Андан тышкары, Россия менен байланышы бар деген жарандарын концлагерге камаган.
1915-жылы чоң атам менен чоң энем кыздуу болушат. 1917-жылы падышаны бийликтен кулаткан Убактылуу өкмөт чет элдик атуулдардын Россиядан чыгып кетүүсүн же өлкөнүн ичиндеги бир аймакка көчүүсүн талап кылган. Чоң атам бүлөсү менен Верный (азыркы Алматы) шаарына келиптир.
— Бул жерде совет бийлигин орнотууга чоң салым кошкон экен.
— Ооба. Ошол убакта менин атам Боривой төрөлөт. Алматыга кетип бара жатканда уулу Милослав менен кызы Венцслава ооруп, жолдон чарчап калат да, менин атам Боривой аман калат. Чоң атам орусча начар билсе да жергиликтүү большевиктер менен тез тил табышып, 1918-жылы жазында Алматыдагы коммунисттердин жетекчиси болуп дайындалат. Мындан тышкары, орус тилиндеги "Заря свободы" гезитинин алгачкы редактору болот. Ошол эле жылы жайында Ысык-Көлдүн күнгөй тарабында айыл чарба коммунасын уюштуруу жөнүндө демилге көтөрүп, Алматыда ыктыярчылардан турган эки топ куралат. Алар Алматыдан Пишпекке келишет. Чоң атам Пишпектен да бир топ киши жыйнайт. Ошентип үч тайпа Көл кылаасына жөнөйт. Түп районунда "Түп" жана "Заря Свободы" аталышындагы эки айыл чарба коммунасын негиздейт. "Заря Свободы" коммунасын чоң атам жетектейт. Кийин бул чарба ири колхозго айланган. Бирок Түптө совет бийлигине каршы козголоң башталат. Маречек жергиликтүү коммунистерди уюштуруп, козголоңчуларга каршы салгылашат. Андан соң Пржевальск (азыркы Каракол) шаарына көчүп барат. Жетекчилик анын уюштуруучулук сапатын байкап, калаадагы коммунисттердин башчылыгына дайындайт.
— Ошол эле жылы Рудольф Павлович Синьцзянга барып, үрккөн кыргыз менен казактарды мекенине кайтарган экен. Кандайча?
— 1916-жылы кыргыздар менен казактар Бедел ашуусун ашып, Үч-Турпанга (азыркы Кытайдын Синьцзянынын курамындагы Ак-Суу чөлкөмү) качышкан. Совет бийлиги үрккөн кыргыз менен казактарды ата мекенине алып келмей болот, бирок мындай тапшырманы аткаруудан жергиликтүү коммунисттер баш тарткан экен. Жалгыз гана чоң атам макул болуптур. Кеңеш өкмөтү жанына эки киши кошуп берип, керектүү нерсенин баары менен камсыздап Кытайга жөнөткөн экен.
Жолдон үчөө далай кыйынчылыкты көрөт, нечет ирет өлүмдөн калышат. Кийик жүргөн жолдор менен жүрүп акыры Батыш Кытайга жетишет. Жолдон бир жардамчысы ооруп, жергиликтүү кыргыздардын айылында калат. Эптеп Үч-Турпанга жетсе кытай бийлиги чоң атамды түрмөгө камайт, бирок кийимдери менен акчасына тийбептир. Орус тилин билген котормочу жок болгондуктан чоң атам Синьцзянга келген максатын түшүндүрө албай коет. Ал кезде Кытайда абакка кесилгендер базардан кайыр сурап жан бакчу экен. Рудольф Павловичтин жанында акчасы болгондуктан азык-түлүктү сатып алып турган. Бир ирет түрмөдөн базарга алып чыгышат, ал жерден Маречек кокусунан француз саякатчыга жолугуп, Синьцзянга кеңеш өкмөтүнүн тапшырмасы менен келгенин түшүндүрөт. Жергиликтүү бийлик менен ымалалаш болгон саякатчы жардам бермей болот. Ошол эле учурда чоң атам качкындардын бири Данаке Иманов (1920-1930-жылдары мамлекеттик ишмер) менен таанышат. Бир аз убакыттан кийин француз саякатчысы чоң атамды Үч-Турпан аймагынын доотайы (аким — ред.) менен тааныштырат. Иманов Маречекке котормочу болуп, кытайлык төбөлгө анын дипломатиялык миссиясын түшүндүрүп берет. "Кыргыз-казак качкындары ата мекенине кайтабыз десе каршылыгыбыз жок" дейт доотай. Бирок алардын Кытайдын алдында карызы болбошу керек деп кошумчалайт. Ошол учурда качкындардын көбү карызга батып калган экен. Доотай чоң атама Үч-Турпандын базарынан качкындарга кайрылууга уруксат берет. Рудольф Павлович кыргыз-казактарды чогултуп, арабанын үстүнөн "мекенге кайткыла, кеңеш өкмөтү күтүп жатат" деп Иманов аркылуу кайрылат. Француз саякатчысы, чоң атам жана Данаке Имановдун биргелешкен аракетинен улам кыргыз менен казактын 500дөй үй-бүлөсү Ала-Тоого кайтат. Чоң атам Көлгө келгенден кийин кайрадан совет бийлигин чыңдоого катышат. Пржевальскиде уулу Владивой жана кызы Драгомира төрөлөт.
— Андан кийин "Интергельпо" кооперативи түзүлөт эмеспи. Идея кайдан келгенин айтып бере аласызбы?
— Демилгеге Ысык-Көлдүн боюнда уюштурган "Түп" жана "Заря Свободы" айыл чарба коммунаналарынын тажрыйбасы түрткү болгон. Техника, технология менен камсыздалбагандыктан экөөнөн жыйынтык чыккан эмес. Ошондуктан өкмөттүн уруксаты менен Чехословакияга квалификациясы бар жумушчулардан кооператив түзүү үчүн кетиптир. Артынан үй-бүлөсү да барат. Ал жерде кичүү уулу Кветош төрөлөт. 1923-жылы 1-майда Жилин шаарында "Интергельпо" кооперативи уюштурулат. "Интергельпо" деген сөз эл аралык идо тилинен "бири-бирине көмөк көрсөтүү" деп которулат. Кооператив өзүн-өзү башкаруу идеясынын негизинде түзүлөт. Артелге ден соолугу чың, эмгекчил, бойдок жана 3000 чехословак кронасынан кем эмес каражаты бар адамдар мүчө боло алмак. Кооперативдин эсебинде 300 миң крона болгон экен. 1925-жылы жазда "Интергельпо" кооперативинин мүчөлөрү Советтер Союзуна кетүүгө камынып, бүт мүлкүн саткан. Чогулган каражатка өндүрүш ишканалары үчүн жабдуу, машиналарды сатып алышкан. "Интергельпочулардын" курамында чех, словак, венгр, поляк, немец жана украиндер болгон, алар Чехословакиянын жарандыгынан баш тартышкан. Жергиликтүүлөр "интергельпочуларды" чоң салтанат менен узаткан. Бирок чоң атама чехословак бийлиги өлкөдөн чыгууга уруксат бербей, бир аз убакыттан кийин түрмөгө камайт. СССРдин Чехословакиядагы элчиси Владимир Антонов-Овсеенконун жардамы менен Маречек абактан чыгат. Андан соң үй-бүлөсү менен Россияга көчүп кетет. "Интергельпочу" үзөңгүлөштөрү 1926-жылы Орто Азияда биринчилерден болуп Пишпекте электр станциясын ишке киргизишкен. 1927-жылы кездеме чыгарган фабрика ачышкан. Кыргызстанда көптөгөн өнөр жай ишканаларын жана маданий объектилерди салгандар да ушулар болгон.
© Фото / Центральный государственный архив кинофотофонодокументов КР

"Интергельпочулардын" Чехословакиядан Фрунзени көздөй сапар тартышы. 1925-жыл

"Интергельпочулардын" Чехословакиядан Фрунзени көздөй сапар тартышы. 1925-жыл - Sputnik Кыргызстан
1/4

"Интергельпочулардын" Чехословакиядан Фрунзени көздөй сапар тартышы. 1925-жыл

© Sputnik / РИА Новости

Юлиус Фучик (1903-1943) (солдон экинчи) чехослоовакиялык коммунист, журналист, кыргызстандык жумушчулар менен. Фрунзе. 1930-жыл. К. Глозл.

Юлиус Фучик (1903-1943) (солдон экинчи) чехослоовакиялык коммунист, журналист, кыргызстандык жумушчулар менен. Фрунзе. 1930-жыл. К. Глозл. - Sputnik Кыргызстан
2/4

Юлиус Фучик (1903-1943) (солдон экинчи) чехослоовакиялык коммунист, журналист, кыргызстандык жумушчулар менен. Фрунзе. 1930-жыл. К. Глозл.

© Фото / Центральный государственный архив кинофотофонодокументов КР

Фрунзеге келген "Интергельпонун" мүчөлөрү

Фрунзеге келген "Интергельпонун" мүчөлөрү - Sputnik Кыргызстан
3/4

Фрунзеге келген "Интергельпонун" мүчөлөрү

© Фото / Центральный государственный архив кинофотофонодокументов КР

"Интергельпо" курган ишканалар кийин ири завод-фабрикаларга айланган

"Интергельпо" курган ишканалар кийин ири завод-фабрикаларга айланган - Sputnik Кыргызстан
4/4

"Интергельпо" курган ишканалар кийин ири завод-фабрикаларга айланган

1/4

"Интергельпочулардын" Чехословакиядан Фрунзени көздөй сапар тартышы. 1925-жыл

2/4

Юлиус Фучик (1903-1943) (солдон экинчи) чехослоовакиялык коммунист, журналист, кыргызстандык жумушчулар менен. Фрунзе. 1930-жыл. К. Глозл.

3/4

Фрунзеге келген "Интергельпонун" мүчөлөрү

4/4

"Интергельпо" курган ишканалар кийин ири завод-фабрикаларга айланган

— Чоң атаңыз Чехословакиянын айрым көрүнүктүү мамлекеттик ишмерлери менен жакын ымалада болгон экен?
— Ооба, 1920-жылдардын башында Рудольф Павлович жергиликтүү коммунисттер менен тыгыз кызматташат. Алардын ичинен Антонин Запотоцкий жана Антонин Новотный менен ынак экен. Кийин, 1950-1960-жылдары, экөө тең өлкөнү жетектешти. Үч дос өмүр бою катташып жүрүштү.
1920-жылдары "Интергельпо" кооперативи уюшулган учурда чоң атам Чехословакияда Советтик Россиянын жетишкендиктери тууралуу көп айтып үгүт ишин жүргүзгөн. Бир ирет ал Прага шаарына барат. Рудольф Павлович "Руде право" борбордук басылмасынын жамааты менен жолугуп, Советттик Россияда кандай өзгөрүүлөр болуп жатканын айтып берет. Ошол жерден жаш журналист Юлиус Фучик менен таанышып, экөөнүн достугу башталат. Кийин Фучик Гитлерге каршы күрөштүн символуна айланбадыбы. 1930-жылдары Юлиус Кыргызстанга эки жолу келет. Ала-Тоонун тургундарын тарткан сүрөттөрү — азыркы учурда кыргыз элинин баа жеткис байлыгы. Фучик Кыргызстан жөнүндө кызыктуу репортаждарды жасаган, Ала-Тоо жөнүндөгү макалалары да ушу тапта тарыхый мурас болуп эсептелет.
— Рудольф Павлович башынан эле тоо-ташка жакын экен. Кыргызстанда да альпинизм спортунун түптөөчүсү катары тарыхта калды.
— 1930-жылдары чоң атам Пржевальскиге кайтып, Айыл чарба техникумунда мугалим болуп иштеген экен. Ушул жерде альпинизмдин секциясын уюштурат. Рудольф Павлович 1960-жылдардын башында Казак ССРинин чакыруусу менен Алматыга көчүп кеткен. 1970-жылы 81 жашында каза болду. Анын урматына Алматыда көчө аталган. Менин атаман кийинки уулу Владивой Пржевальскиде мугалим болуп иштеди, кийин Россияга көчүп кетти. Кызы Драгомира Алматыда Опера жана балет театрында эмгектенди. Ал эми кичүү уулу Кветош Николаев шаарындагы кеме куруу боюнча институтту аяктап, суу астында жүргөн аскердик кемелерди курууга катышкан. Анын ишмердүүлүгү азыр да мамлекеттик сыр.
Өзүмдүн атам Боривой апам Анастасия экөө да альпинизмдин күйөрмандары эле. Атам 1937-жылы Орто Азияда альпинизм боюнча мектепти бүтүрүп, бул спорт боюнча инструктор болуп иштеген. Математика мугалими болчу. 1941-жылы согуш башталганда ата-энем Алматыда тоо аткычтарды даярдаган мектепте окушат. Андан кийин экөө Кыргызстанда атайын тоо аткычтарды даярдаган. Баш-аягы 600дөн ашык адисти окутушкан. Алар машыктырган аскерлер Түндүк Кавказда фашисттик баскынчыларга каршы согушкан.
1944-жылы атам суранып жатып Чехословакиянын 1-армиялык корпусунун катарына кошулуп, Ата Журтун душмандан бошотууга катышат. Көрсөткөн эрдиги үчүн кошуундун кол башчысы, генерал Людвиг Свобода Чехословакиянын эң жогорку аскердик ордени менен сыйлаган. Атам Словакиянын Мартин шаарын бошотууда өзгөчө каармандык көрсөткөн. 1965-жылы ага шаардын ардактуу атуулу деген наам ыйгарышкан экен. Улуу Ата Мекендик согуш бүткөндө атама Чехословакиянын коргоо министри болгон Свобода Генералдык штабда иштөөнү сунуштайт. Атам Ала-Тоого кайтам деп болбой, 1945-жылы Пржевальскиге келген экен.
Ата-энем өмүр бою Кыргыз улуттук университетинде, андан тышкары, альпинизм боюнча машыктыруучу болуп иштешти. Жайында тоо-ташты аралап, аска-ашууларды, бийиктиктерди жана дарыяларды изилдеп кагазга түшүрүшкөн. Атам жергиликтүү малчылардан кыргызча аталыштарын сурамжылап, жазып алчу. Кышында экөө бул маалыматтарды картага түшүрүп чыгышчу. Атам алгачкылардан болуп Кыргызстандын карта-схемасын түзгөн.
Бишкек шаарындагы Жумушчулар шаарчасы району. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.06.2022
Шахмат түрүндө салынган Пишпек. "Интергельпочулар" Кыргызстанга эмнеге келген
Жаңылыктар түрмөгү
0