Шахмат түрүндө салынган Пишпек. "Интергельпочулар" Кыргызстанга эмнеге келген

© Фото / Михаил ДудинБишкек шаарындагы Жумушчулар шаарчасы району. Архив
Бишкек шаарындагы Жумушчулар шаарчасы району. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.06.2022
Жазылуу
"Интергельпо" деген эмне болгон уюм? Интергельпочулар" деген ким? Бишкектеги Маданият министрлигин жана ипподромду "интергельпочулар" курганын билчү белеңиз?
97 жыл мурда Кыргызстанга мурдагы Чехословакиядан "Интергельпо" кооперативинин биринчи тобу Кыргызстанда өнөр жай курууга келген. Андан кийин дагы бул артелдин төрт тайпасы келип республиканын өнүгүшүнө зор салым кошкон. "Интергельпо" кооперативинин ишмердүүлүгү жөнүндө тарых илимдеринин кандидаты Турат Сырдыбаев менен колумнист Алмаз Батилов маектешти.
© Sputnik / Табылды КадырбековТарых илимдеринин кандидаты Турат Сырдыбаев
Декан факультета истории и регионоведения КНУ, кандидат исторических наук, доцент Турат Сырдыбаев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.06.2022
Тарых илимдеринин кандидаты Турат Сырдыбаев
— XIX кылымда венгр илимпоздору Кыргызстанды изилдөөгө умтулганын тарыхтан билебиз. Чех окумуштуулары Кыргызстан жөнүндө кабардар беле?
— Албетте. XVIII кылымда Борбордук Азияда жашаган элдин тарыхына, тили жана үрп-адатына кызыгуу абдан күч эле, европалык окумуштуулар, анын ичинде чех илимпоздору да аймак элинин жашоосун изилдөөгө аябай кызыкдар болчу. XVIII кылымдын аягында чех тарыхый булактарда Кыргызстан менен Казакстан жөнүндө алгачкы маалыматтар пайда болот. 1830-жылы Прагадагы чех улуттук музейинде, прагалык "Кветы" жана прогрессивдүү "Чешская пчела" журналында Кыргызстан тууралуу такталган маалыматтар жазылат. Андан кийин 1868-жылы Чехияда кыргыздар жөнүндө анча-мынча кабарлар пайда боло баштайт. Себеби ошол убакта Түндүк Кыргызстан Россия империясынын курамына кирген эле. Орус бийлиги чептерди сала баштап, курулушка чет элдик адистер да тартылган. Мисалы, Нарын сепилин курууга теги чех инженерлер катышкан. Алар Ата Мекенине жазган каттарында Нарын сепилинин тургундары менен анын айланасында жашаган жергиликтүү калкка чынчыл жана кишиге жамандыгы жок деп мүнөздөмө беришкен. Кээ бир каттарында "кыргыздар үй-бүлөсүнө аябай камкор, бирок буга карабастан абдан жарды турушат жана көпчүлүк учурда ачка калышат" дешкен.
© Фото / из архива Государственного исторического музеяСССРдеги Чехословакиянын Биринчи Армия корпусунун Прагага кириши. 9-май, 1945-жыл
Вступление в Прагу Первого Чехословацкого армейского корпуса в СССР - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.06.2022
СССРдеги Чехословакиянын Биринчи Армия корпусунун Прагага кириши. 9-май, 1945-жыл
— Биринчи дүйнөлүк согуш учурунда Кыргызстанга туткунга түшкөн чех менен словактар келе баштаган деп айтылат.
— Ооба. Ошол убакта азыркы Чехия жана Словакия Австрия-Венгрия империясынын курамында эле. Ошондуктан бул эки элдин уулдары жогорудагы империянын армиясына чакырылган. Бирок кан майданда чех, словактар, хорват жана русиндердин көпчүлүгү орус жоокерлерге өз ыктыяры менен туткунга түшкөн. Анткени алар бир тууган славяндарга каршы ок чыгарбайбыз деген позицияда эле. Орус бийлиги туткундалган немец, австриялык, венгр, чех, хорват, словактар жана русиндердин айрым бөлүгүн Түркстанга жиберген. Булардын саны 150 миңге жакын болчу. Белгилей кетчү жагдай, славян улутундагы туткундар ээн-эркин жүрүшчү. Анткени падышалык администрациянын саясаты боюнча, алар орустарга түбү бир тууган катары каралчу.
Туткундардын арасында большевиктер активдүү пропаганда жүргүзгөн. 1917-жылы Коммунисттик партия бийликке келгенин айрымдары чын жүрөктөн кубаттап, алардын катарына өткөн. 1918-жылы чех профсоюз уюмдарынын өкүлдөрү Пишпек кеңешинин жыйындарына катышкан. Мисалы, чех социал-демократы Иосиф Вавруш үй-бүлөсүнө жазган катында бул жыйын тууралуу Пишпекте чогулуп, Совет бийлигинин тарабына өтүү жөнүндө чечим кабыл алганын айткан. Ошол эле жылы Пенза шаарында Кызыл армиянын катарында чех менен словактардан куралган полк түзүлгөн. Алар "Чехословак Кызыл армиясы" аттуу гезитин чыгарышкан. Чех, словак, венгр интернационалисттердин отряддары жарандык согушта Кеңеш өкмөтүнүн душмандарына каршы салгылашкан. Мисалы, белгилүү интернационалист, теги чех Франц Кужело кыргыздын атактуу алгачкы офицерлеринин бири Сулейман Күчүков менен биргелешип Кыргызстандын куралдуу күчтөрүн түптөгөн. Экөө командалык кылган бөлүктөр Алайдан басмачыларды сүрүп чыгарган. Ошол эле учурда Ак гвардиянын катарында Чехословак легиону большевиктер менен айыгышып салгылашкан. Булардын арасында батальондун командири Людвик Свобода согушкан. Тагдырдын тамашасын караңыз, 1942-жылы ал Оренбург аймагында түптөлгөн 1-Чехословак армиялык корпусун жетектеп Гитлерге каршы салгылашат, 1968-жылы генерал Свобода Чехословакиянын ажосу болуп шайланат.
© Фото / Центральный государственный архив кинофотофонодокументов КРБасмачылардын туткунга түшкөн учуру. Кыргыз АССРи, 1927-жыл
Деятельность кооператива Интергельпо в Кыргызстане - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.06.2022
Басмачылардын туткунга түшкөн учуру. Кыргыз АССРи, 1927-жыл
— "Интергельпо" кооперативи кандайча түзүлгөн?
— 1922-жылы Советтер Союзунда жаңыдан жарандык согуш токтоп, бирок Кыргызстандын айрым аймактарында басмачылар Кеңеш өкмөтүнө каршылык көрсөтүп жаткан убак эле. Өлкөдө экономикалык кырдаал курч болчу. Ошол убакта "Интергельпо" кооперативин түптөгөндөрдүн бири, белгилүү чех коммунисти Рудольф Маречек Кыргызстандагы социалдык-экономикалык абалды ичинен изилдеп, республикадагы сырьёдон турмушка зарыл буюмдарды иштетүү боюнча эмгек артелин уюштуруу жөнүндө пикирге келет. Маречек өзү 1917-жылдары Россияга качып келип, Верныйда (азыркы Алматы) жашап, Совет бийлигин орнотууга салым кошкондордун бири. 1918-жылы Маречек Түп районунда "Түп" жана "Заря Свободы" атындагы эки колхозду уюштурган. "Заря Свобода" колхозун Рудольф жетектеген. Ошол эле жылы Кеңеш өкмөтүнүн тапшырмасынын негизинде ал Амандык Канаев менен Үркүндө Батыш Кытайга качкан беш жүз кыргыз жана казак үй-бүлөсүн Ата Мекенине алып келүү миссиясын аткарган. Азыркы тил менен айтканда Маречек мыкты дипломат жана менеджер болгон. Анын үстүнө ал Молдавиядагы коммунада иштеген тажрыйбасын эске алат. Рудольф өкмөттүн уруксаты менен Чехословакияга квалификациясы бар жумушчулардан кооператив түзүү үчүн кетет. 1923-жылы Рудольф Маречек Чехословакиядагы жумушчулардын арасында Кыргызстанда "Интергельпо" кооперативин түзүү тууралуу үгүт ишин жүргүзгөн.
1923-жылы 1-майда Словакиянын Жилин калаасында "Интергельпо" кооперативи уюшулат. Интергельпо деген сөз эл аралык идо тилинен "бири-бирине көмөк көрсөтүү" деп которулат. Бул кооператив өзүн-өзү башкаруу идеясынын негизинде түзүлөт. Артелге ден соолугу чың, эмгекчил, бойдок жана 3000 чехословак кронасынан (бул өлкөнүн улуттук валютасы) кем эмес каражаты бар адамдар мүчө боло алмак. Кооперативдин эсебинде 300 000 крона бар эле. Адегенде "Интергельпо" Алма-Ата жана Каракол шаарларында завод менен фабрика ачууну ойлогон. 1924-жылы 20-октябрда "Интергельпо" жана РСФСРдин жерди иштетүү боюнча элдик комиссариатынын ортосунда Пишпек калаасынын жер участкасын ижарага алуу жөнүндө келишимге кол коюлат. Документ 23 пунктудан турган. Шарты боюнча, кооператив бир жылдын ичинде черепица, жыгач иштетүүчү жана слесарь-механикалык чеберкана салмак. Мындан сырткары, үч жылдын ичинде үйлөрдү, заводдорду жана аларга тиешелүү кампаларды курууга милдеттеме алган. Эң башкысы, "Интергельпо" жылына жергиликтүү калктын ичинен он пайыздан кем эмес адамды адистикке үйрөтмөк. 1925-жылы 31-мартта Советтер Союзунун Борбордук аткаруу комитети жана Эл Комиссарлар Кеңеши айыл чарба жана өндүрүш иммигранттары менен реэмигранттарга атайын жеңилдик берүү тууралуу токтом кабыл алат. Ушул токтом "интергельпочуларга" дем берген.
© Фото / Центральный государственный архив кинофотофонодокументов КРПржевальск шаарында Юлиус Фучикке арналган эстелик орнотулган. Бул аземден кийин СССРдеги Чехословакиянын элчилигинин катчысы Алоиз Мальсимер мектептин окуучулары менен маектешип жаткан учур. Сүрөттүн автору Барский. 1963-жыл 27-ноябрь
Деятельность кооператива Интергельпо в Кыргызстане - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.06.2022
Пржевальск шаарында Юлиус Фучикке арналган эстелик орнотулган. Бул аземден кийин СССРдеги Чехословакиянын элчилигинин катчысы Алоиз Мальсимер мектептин окуучулары менен маектешип жаткан учур. Сүрөттүн автору Барский. 1963-жыл 27-ноябрь
— Кыргызстанга биринчи "интергельпочулар" кайсы жылы келди эле?
— 1925-жылы жазда "Интергельпо" кооперативинин мүчөлөрү Советтер Союзуна кетебиз деп камынып бүт мүлкүн саткан. Чогулган каражатка өндүрүш ишканалары үчүн жабдуу менен машиналарды сатып алышкан. "Интергельпочулардын" курамында чех, словак, венгр, поляк, немец жана башка улуттун өкүлдөрү бар эле. Алар Чехословакиянын жарандыгынан баш тартышкан. Жергиликтүүлөр "интергельпочуларды" чоң салтанат менен узаткан. 14-апрелде Пишпек станциясына "Интергельпо" кооперативинин 133 мүчөсү, үй-бүлөсү, бала-чакасы болуп жалпы 238 киши жер которуп келген.
Кыргызстан биринчи күндөн баштап эле "интергельпочулардын" купулуна толгон. Мисалы, жетекчилеринин бири Иван Самуэль "Пишпек шаары шахмат түрүндө салыныптыр. Ар бир көчөсүндө бийик теректер тигилген. Бардык көчөлөрдө арык казылган, анда таза суу агып жатат. Калаада азык-түлүк мол, арзан. Бизди ачык асмандын астында иштеген өзбек улутундагы усталар кызыктырды. Булар устаканада кетмен, така жана башка буюмдарды жасашат экен" деп суктанып жазган. 1925-1932-жылдары "интергельпочулардын" дагы төрт тобу келген. Баш-аягы 1 317 киши көчүп келген. Булардын арасында келечекте Чехословакиянын башчысы Александр Дубчек да бар эле. Биринчи тайпа тери иштетүүчү завод үчүн машиналарды, тегирменге керектүү жабдык, инструмент жана материал алып келген. Андан кийинки топтор кездеме чыгаруучу фабрика үчүн текстиль машинасын, 80 аттын күчүнө барабар дизель, 80 киловаттык динамо-машина жана 8 электромотор ала келишкен. Кооперативдин мүчөлөрүнүн ичинен 80 пайызы жумушчу, 17 пайызы дыйкан менен малай, 3 пайызы кол өнөрчүлөр болгон. Алардын арасында металл жана жыгач усталар, тери иштеткендер, айыл чарбанын жумушчулары, ээр чапкандар, өтүкчүлөр, кийим тигүүчүлөр да бар эле.
© Фото / Центральный государственный архив кинофотофонодокументов КРЧехословакиянын башчысы Александр Дубчек үй-бүлөсү менен интергельпочулар жана Кыргыз ССРнин жетекчиси Турдакун Усубалиев менен жолугуп жаткан учур. 1966-жыл, Фрунзе
Деятельность кооператива Интергельпо в Кыргызстане - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.06.2022
Чехословакиянын башчысы Александр Дубчек үй-бүлөсү менен интергельпочулар жана Кыргыз ССРнин жетекчиси Турдакун Усубалиев менен жолугуп жаткан учур. 1966-жыл, Фрунзе
— Бул артель далай кыйынчылыктардан өткөн деп белгилешет тарыхчылар.
— Ооба, адегенде "интергельпочулар" аябай кыйналышкан. Жылкы сатып алуу керек эле, курулуш материалдары тартыш. Артель каражаттан кысталган. Орто эсеп менен ар бир "интергельпочунун" 12 рублге жакын акчасы болгон. Анын үстүнө жаратылыш шартынан улам ооруп башташкан, өзгөчө балдар кеселдеген. 1925-жылы үч айдын ичинде отуз бала чарчап калган. Мунун айынан айрымдары артелдин мүчөлүгүнөн чыгып, Россияга кетишкен. 1927-жылга чейин каржы маселеси каат болгондуктан жумушчуларга айлык төлөнгөн эмес. Үч жыл бою күнүнө ар бир жумушчунун жашоосуна 37 тыйын берилчү. Аргасыздан кийим-кечесин, буюм-тайымын сатса да койгон максатына жетүү үчүн жанын аябай көгөрүп иштешкен.
© Фото / Государственный исторический музей КРАтактуу чех журналисти Юлиус Фучик (ортодо) интергельпочулар менен маектешип жаткан учур. 1930-жыл, Фрунзе
Деятельность кооператива Интергельпо в Кыргызстане - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.06.2022
Атактуу чех журналисти Юлиус Фучик (ортодо) интергельпочулар менен маектешип жаткан учур. 1930-жыл, Фрунзе
— "Интергельпо" Пишпекте кайсы ишканаларды курган?
— 1926-жылы Орто Азияда биринчилерден болуп Пишпекте электр станциясын ишке киргизишкен. 1927-жылы кездеме чыгарган фабрика ачышкан. Бул фабрикага жабдыктардын жарымы чет өлкөдөн сатып алынган. Ал эми калган бөлүгүн Кыргызстандан сатып алышкан. 1935-жылы жогорудагы ишканада 208 жумушчу иштеп, 226 100 метрден ашык кездеме өндүргөн, 725 ийиги менен 18 тикме станок болгон.
1926-жылы тери иштеткен завод түптөлгөн. Мында да жабдуунун жарымы чет мамлекеттен алынып, калганын "интергельпочулар" Пишпектеги механикалык чеберканадан жасашкан. Анда хром өндүрүп, кой жана эчкинин терисин иштетишкен. 1935-жылы бул завод элүү кишини жумуш менен камсыздаган. 1925-жылы жыгач устачылык чеберканасы эксплуатацияга берилген. Анын продукциясы жаңыдан түптөлүп жаткан "Чустрой" менен "Түрксиб" курулуштарына жиберилген. Металл иштетүүчү жана курулуш цехтерин да салышкан. Курулуш цехтин күчү менен жугуштуу ооруга кабылган бейтаптар үчүн өзүнчө үй, борбордук амбулатория курулган. "Интергельпочулар" Пишпекте Кыргыз Автоном Республикасынын Өкмөт үйүн (азыркы Маданият министрлиги), ипподром жана Жумушчу шаарчасын (рабочий городок) курушкан. Мындан сырткары, бул артель 300 гектар жер айдап, кой, жылкы жана чочко баккан да, өздөрүн тамак-аш менен толук камсыздаган.
"Интергельпо" кооперативинин катарына жергиликтүү калктын өкүлдөрү да кирген. Алар "интергельпочулардан" ар кыл адистикти үйрөнүп, өндүрүштөгү кадрлар маселесин чечкен.
© Фото / Государственный исторический музей КРИнтергельпочулар Фр.Гулиш, К. Модель, Войтех Шоуш, Алексий Голан , Гавлицкий ипподромду салгандан кийин .1927-жыл, Фрунзе
Деятельность кооператива Интергельпо в Кыргызстане - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.06.2022
Интергельпочулар Фр.Гулиш, К. Модель, Войтех Шоуш, Алексий Голан , Гавлицкий ипподромду салгандан кийин .1927-жыл, Фрунзе
— Ошол эле убакта бул артелдин мүчөлөрү өздөрү үчүн да шарт түзсө керек?
— Өзүнүн мүчөлөрүн турак жай менен камсыздап, натыйжада "интергельпочулардын" 49 пайызы үй-жайлуу болгон. Бишкектин бул району азыр Интергельпо көчөсү деп аталат. 177 батир курулуп, анын аянты 4 774 чарчы метрди түзгөн. Ар бир короого бак-дарак тигилген. Интергельпонун аймагына 10 миң декоративдик бак тигишкен. Андан тышкары, парк түшүп, анын ичинде 500 орундуу клуб салынган. Үйлөмө жана симфониялык оркестр, дене тарбия кружогу уюшулган. 1931-жылы кооператив коомдук мончо салган. Андан үч жыл мурун мектеп салып, физика жана химия кабинеттерин жасап беришкен. 1934-жылы бул мектеп 12 класстык билим берип, 481 окуучу окуган. 1935-жылга чейин бул мектепте жана анын курамындагы бала бакчада чех тилинде сабак берилчү. 1930-жылдардын ортосунда "Интергельпонун" көпчүлүк ишканалары мамлекеттин карамагына өтө баштаган. Булардын республиканын өнөр жай тармагын курууда эмгеги зор. Анын үстүнө алар Кыргызстан элинин маданиятын аябай көтөрдү десем жаңылбайм.
© Sputnik / Э. Вильчинский"Интергельпо" кооперативинин ардагери Иозеф Томаш Юлиус Фучик тарабынан отургузулган бак-дарактардын жанында пионерлер менен жолугушуп жатат. 1930-жыл.
Ветеран чешского кооператива Интергельпо Иозеф Томаш - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.06.2022
"Интергельпо" кооперативинин ардагери Иозеф Томаш Юлиус Фучик тарабынан отургузулган бак-дарактардын жанында пионерлер менен жолугушуп жатат. 1930-жыл.
— 1930-жылдары Пишпекке атайын жердештери менен кезигүү үчүн Чехословакиянын улуттук баатыры, атактуу журналист Юлиус Фучик да келген экен?
— Кооперативдин мүчөлөрү мекени менен байланышын үзгөн эмес. Өкүлдөрүн Ата Журтуна жиберип, туугандары менен кат алышып турушкан. 1930-жылы "Руде право" гезитинин редактору Юлиус Фучик жетектеген делегация келген. Булар шаардык кеңештин мүчөлөрү болуп шайланган. Фучик "Советтик Кыргызстан" менен "Кызыл Кыргызстан" басылмаларынын ардактуу кабарчылыгына шайланат. Ошол эле учурда Кыргыз атчандар полкунун катарына ардактуу кызыл аскер болуп кабыл алынат. Ал макалаларында Кыргыз ССРинин турмушуна абдан суктанган. Бирок 1930-жылдары "интергельпочулар" да репрессиянын запкысын тартышкан. Жазыксыз атууга кеткендер да болгон. Артелдин айрым мүчөлөрү Ата Мекенине кайткан.
© Фото / Центральный государственный архив кинофотофонодокументов КРКан майданга аттанган интергельпочулар Антон Ковалчек (05.04.1945), Стозев Грекоф (22.06.1941), Ян Нецвель (09.11.1943), Анатолий Рот (09.05.1943).
Деятельность кооператива Интергельпо в Кыргызстане - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.06.2022
Кан майданга аттанган интергельпочулар Антон Ковалчек (05.04.1945), Стозев Грекоф (22.06.1941), Ян Нецвель (09.11.1943), Анатолий Рот (09.05.1943).
— Улуу Ата Мекендик согуш учурунда "Интергельпонун" тагдыры кандай болду?
— 1941-жылы 22-июнда фашисттик Германия СССРге кол салганда өлкө жетекчилиги борбордук аймактардагы завод менен фабрикаларды тылга көчүргөн. Бул ишканаларга энергетикалык база керек болгон. Ошондуктан кооперативдин мүчөлөрү калган устакана, мастерскойлорун жана башка ишканаларын өкмөткө өткөрүп берүү жөнүндө чечим кабыл алышкан. "Интергельпонун" базасына эвакуация болгон өнөр жай объектилери жайгаштырылган. Биринчилерден болуп кооперативдин базасында түзүлгөн айыл чарба продукциясын чыгарган Михаил Фрунзе атындагы машина куруу заводу ишке киришкен. Андан соң механика-оңдоочу завод пайда болот. Жыгач уста чеберканасынын ичинде жыгач иштетүүчү комбинат ачылат. Тери иштеткен завод жана кездеме фабрикасы республикада ири өнөр жай ишканаларына айланат.
1943-жылдын аягында "Интергельпо" кооперативи ишмердүүлүгүн расмий токтоткон. Мүчөлөрүнүн жарымы башка советтик жарандар сыяктуу тылда күнү-түнү иштеген. Калган бөлүгү Чехословакиянын лидери, генерал Людвиг Свободанын I Чехословак армиялык корпусуна кошулат. "Интергельпочулар" фашисттер басып алган Ата Журту менен жаңы Украинаны гитлерчилерден бошотууга катышкан. Алар мекендештери менен Чыгыш Украинадан баштап Чехословакиянын борбору Прагага чейин салгылашып жетишет. 1945-жылы 10-майда чехословак аскерлери Кызыл армия менен биргеликте Праганы фашисттерден бошотот. Бир далайы кан майданда баатырларча курман болгон. "Интергельпочулардын" арасынан айрымдары мекенинде калат. Калган бөлүгү Советтер Союзуна кайтат.
© Фото / Центральный государственный архив кинофотофонодокументов КР1917-1922 жылдары Кыргызстандагы жарандык согуштун ардагерлери С.Д.Жевакин жана Никитенко кандуу тирешүүдө каза болгон кызыл аскерлердин мүрзөсүндө. Эмен паркы. 1930-жыл, Фрунзе
Деятельность кооператива Интергельпо в Кыргызстане - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.06.2022
1917-1922 жылдары Кыргызстандагы жарандык согуштун ардагерлери С.Д.Жевакин жана Никитенко кандуу тирешүүдө каза болгон кызыл аскерлердин мүрзөсүндө. Эмен паркы. 1930-жыл, Фрунзе
1957-жылы Фрунзе менен Пржевальск (азыркы Каракол) шаарлардагы көчөлөргө Юлиус Фучиктин аты берилип, эстелиги орнотулуп, борбордогу №60 мектепте анын музейи ачылган. Мындан сырткары, кооператив жайгашкан көчөгө Интергельпо аты ыйгарылган. Бул артелдин түптөлүшү жөнүндө Чехословакиянын орто мектептеринде тарых сабактарында окутулчу. Азыркы күндө "интергельпочулардын" урпактарынын көпчүлүгү — чехтердин "Наздар" коомунун мүчөлөрү. Бүгүнкү күндө өлкөнүн тарыхы менен экономикасынын өнүгүшү үчүн "Интергельпо" кооперативинин тажрыйбасын тыкыр изилдөө керек деп эсептейм.
Түркстанда улуттук чек араларды аныктоо боюнча комиссиянын Кара-Кыргыз бюросунун мүчөлөрү Ишеналы Арабаев (биринчи катарда) менен Жусуп Абдрахманов. Ташкент, 1924-жыл. - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.05.2022
Жалал-Абад борбор калаа болмок. Кыргызстандын түптөлүү тарыхы сүрөттө
КР Атайын жана Толук ыйгарым укуктуу кенже элчиси Сактанбек Кадыралиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.11.2021
Блокадада калган Афганистанга жол ачкан Кыргыз ССРи. Унутта калган тарых
Жаңылыктар түрмөгү
0