https://sputnik.kg/20260708/1102306249.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Sputnik Кыргызстан
Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 11 миллиард куб метрге жакындап, былтыркыга караганда аз. Бул тууралуу энергетика министри Алтынбек Рысбеков... 08.07.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-07-08T17:00+0600
2026-07-08T17:00+0600
2026-07-08T17:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/07/08/1102306083_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_95718a059784f3a02d3686cf8d9a4f87.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Sputnik Кыргызстан
Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 11 миллиард куб метрге жакындап, былтыркыга караганда аз. Бул тууралуу энергетика министри Алтынбек Рысбеков билдирди.Анын айтымында, суу сактагыч толо баштаган май айларында суунун көлөмү былтыркыга караганда 1-1,5 миллиард куб метрге аз болчу.“Учурда 10,7 миллиард куб метр болуп калды. Бул былтыркыга салыштырганда 750 миллион куб метрге аз. Бирок учурда суунун келиши жакшы болуп жатат. Кыштан кыйналбай чыгыш үчүн жок эле дегенде 11,5 миллиард куб метрге чейин толушу керек ”, — деген ал.Министр быйылкы жылы да электрди керектөө көп болгон сааттарда чектөө болобу же жокпу деген суроого так жооп бербестен, маселе тартыштыкка карап чечилерин айткан.
Казакстан коңшу өлкөлөрдөн кирген автоунааларга жаңы чектөө киргизди. Бул тууралуу Tengrinews.kz. жазды.Чек арадан эми суткасына бир эле жолу өтүүгө болот.Энергетика вице-министри Кайырхан Туткышбаевдин айтымында, мындай чара күйүүчү-майлоочу материалдардын мыйзамсыз чыгарылышына жана аткезчиликке каршы күрөшүүнүн алкагында көрүлүүдө.
Кыргызстанда ушул жылдын январь айынан май айына чейин өндүрүштүн деңгээли 14 пайызга жогорулады. Бул тууралуу Sputnik маалымат борборунда өткөн брифингде Экономика жана коммерция министрлигинин өнөр жай чөйрөсүн талдоо бөлүмүнүн башкы адиси Айжан Жумашева билдирди. Өсүш көрсөткүчтөрү төмөнкүдөй болду: химиялык продукция — 3 эсеге; фармацевтикалык продукция — 1,8 эсеге; транспорт өндүрүшү — 1,6 эсеге; тазаланган мунай продукциялары — 43 пайызга; курулуш материалдары — 36 пайызга; пайдалуу кендерди казып алуу — 19 пайызга.“Мамлекет бизнести колдоого, ошондой эле өнөр жай ишканаларын ачууга жана өнүктүрүүгө көмөктөшүүгө дайым даяр”, — деп белгиледи Жумашева
Шаршембиге караган түнү АКШ Иранга сокку урду.Иран ЖМКларынын айтымында, жардыруулар Сирик, Абендер-Аббас шаарларында жана Кешм аралында болгон. Пентагон соккулар Тегерандын Ормуз кысыгында турган коммерциялык кемелерге жасаган чабуулуна жооп иретинде урулганын билдирди.Кечээ IRIB телеканалы иран аскерлери бир нече жолку эскертүүдөн кийин америкалык Аба-деңиз күчтөрүнүн колдоосу менен Ормуздан оман маршруту менен өтүүгө аракет кылган катарлык танкерге сокку урганын билдирген.“АКШнын Куралдуу күчтөрү Ирандын абадан коргонуу системасына, командачылык жана көзөмөл түйүндөрүнө, жээк радарларына, ошондой эле кысыкта турган Ислам революциясынын сакчылар корпусунун 60тан ашуун катерине чабуул жасады”, — деп айтылган маалыматта. Wall Street Journal өзүнүн ишенимдүү булактарына таянуу менен АКШ сүйлөшүүлөрдү улантууга ишеним артып турат.Ал арада Иран Куралдуу күчтөрүнүн борбордук штабы жаңы соккуга “катаал жооп” кайтарыларын айтты. Билдирүүдө Тегеран Вашингтонго Ормуз кысыгы боюнча маселеге кийлигишүүгө жол бербей турганы белгиленген. Кийинчерээк Иран АКШнын Кувейт менен Бахрейндеги аскердик базаларына сокку урганы анык болду.
Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 11 миллиард куб метрге жакындап, былтыркыга караганда аз. Бул тууралуу энергетика министри Алтынбек Рысбеков билдирди.Анын айтымында, суу сактагыч толо баштаган май айларында суунун көлөмү былтыркыга караганда 1-1,5 миллиард куб метрге аз болчу.“Учурда 10,7 миллиард куб метр болуп калды. Бул былтыркыга салыштырганда 750 миллион куб метрге аз. Бирок учурда суунун келиши жакшы болуп жатат. Кыштан кыйналбай чыгыш үчүн жок эле дегенде 11,5 миллиард куб метрге чейин толушу керек ”, — деген ал.Министр быйылкы жылы да электрди керектөө көп болгон сааттарда чектөө болобу же жокпу деген суроого так жооп бербестен, маселе тартыштыкка карап чечилерин айткан.Казакстан коңшу өлкөлөрдөн кирген автоунааларга жаңы чектөө киргизди. Бул тууралуу Tengrinews.kz. жазды.Чек арадан эми суткасына бир эле жолу өтүүгө болот.Энергетика вице-министри Кайырхан Туткышбаевдин айтымында, мындай чара күйүүчү-майлоочу материалдардын мыйзамсыз чыгарылышына жана аткезчиликке каршы күрөшүүнүн алкагында көрүлүүдө.Кыргызстанда ушул жылдын январь айынан май айына чейин өндүрүштүн деңгээли 14 пайызга жогорулады. Бул тууралуу Sputnik маалымат борборунда өткөн брифингде Экономика жана коммерция министрлигинин өнөр жай чөйрөсүн талдоо бөлүмүнүн башкы адиси Айжан Жумашева билдирди. Өсүш көрсөткүчтөрү төмөнкүдөй болду: химиялык продукция — 3 эсеге; фармацевтикалык продукция — 1,8 эсеге; транспорт өндүрүшү — 1,6 эсеге; тазаланган мунай продукциялары — 43 пайызга; курулуш материалдары — 36 пайызга; пайдалуу кендерди казып алуу — 19 пайызга.“Мамлекет бизнести колдоого, ошондой эле өнөр жай ишканаларын ачууга жана өнүктүрүүгө көмөктөшүүгө дайым даяр”, — деп белгиледи ЖумашеваШаршембиге караган түнү АКШ Иранга сокку урду.Иран ЖМКларынын айтымында, жардыруулар Сирик, Абендер-Аббас шаарларында жана Кешм аралында болгон. Пентагон соккулар Тегерандын Ормуз кысыгында турган коммерциялык кемелерге жасаган чабуулуна жооп иретинде урулганын билдирди.Кечээ IRIB телеканалы иран аскерлери бир нече жолку эскертүүдөн кийин америкалык Аба-деңиз күчтөрүнүн колдоосу менен Ормуздан оман маршруту менен өтүүгө аракет кылган катарлык танкерге сокку урганын билдирген.“АКШнын Куралдуу күчтөрү Ирандын абадан коргонуу системасына, командачылык жана көзөмөл түйүндөрүнө, жээк радарларына, ошондой эле кысыкта турган Ислам революциясынын сакчылар корпусунун 60тан ашуун катерине чабуул жасады”, — деп айтылган маалыматта. Wall Street Journal өзүнүн ишенимдүү булактарына таянуу менен АКШ сүйлөшүүлөрдү улантууга ишеним артып турат.Ал арада Иран Куралдуу күчтөрүнүн борбордук штабы жаңы соккуга “катаал жооп” кайтарыларын айтты. Билдирүүдө Тегеран Вашингтонго Ормуз кысыгы боюнча маселеге кийлигишүүгө жол бербей турганы белгиленген. Кийинчерээк Иран АКШнын Кувейт менен Бахрейндеги аскердик базаларына сокку урганы анык болду.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/07/08/1102306083_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_934dc295b32eb6f250d220eb62cd8ab9.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио