00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:00
4 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
2 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Экономикалык панорама
Алтындын баасы өсүүдө: баалуу металл өлкөнүн экономикасына кандай таасир этет?
17:04
48 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
6 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
6 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
7 мин
Ачык кеп
Фермерлер жыл башынан бери 5 млрд сом жеңилдетилген насыя алды – насыя берүү дагы уланабы?
21:08
42 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Жазылуу
Министрлер кабинети экономикалык коопсуздукту камсыз кылуу, калкты күйүүчү-майлоочу материалдар менен үзгүлтүксүз камсыздоо жана улуттук экономиканын субъекттерин мамлекеттик колдоо максатында күйүүчү-майлоочу материалдарга бааларды мамлекеттик жөнгө салуу чөйрөсүндөгү айрым чечимдерге өзгөртүүлөрдү киргизди. Токтомго ылайык, Министрлер кабинетинин "Социалдык маанилүү товарларга бааларды мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизилип, социалдык маанилүү товарлардын тизмегинен Аи-95 үлгүсүндөгү бензин алынып салынды. Бул чечим расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Министрлер кабинети регенерациялануучу кагазды жана картонду Кыргызстандан ташып чыгууга убактылуу тыюу салууну киргизүү жөнүндө токтом кабыл алды. Тиешелүү чечимге министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду. Документке ылайык, ЕАЭБ кагазды жана картонду Кыргызстандан ташып чыгууга алты айлык мөөнөткө убактылуу тыюу салуу белгиленди. Тийиштүү мамлекеттик органдарга белгиленген тартипте кабыл алынган токтомду аткаруу боюнча тапшырмалар коюлду.
"Ачык кабинет: жоопкерчилик аймагы" долбоорунун алкагында энергетика министри Алтынбек Рысбеков маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүн электр менен камсыздоону санариптештирүүчү дата-борбордун иши менен тааныштырды. Министрдин айтымында, Кыргызстандын энергетика системасында электр энергиясын эсепке алуу жана башкаруу процесстерин санариптештирүүгө багытталган Борборлоштурулган электр энергиясын коммерциялык эсепке алуунун автоматташтырылган тутуму (ЭКЭАТ) ийгиликтүү ишке киргизилип, учурда өзүнүн натыйжалуулугун көрсөтүүдө.Ал ошондой эле долбоордун негизги объектиси болгон заманбап дата-борбор "Кыргызстан улуттук электр тармагы" ААКтын базасында түзүлүп, өлкө боюнча орнотулган акылдуу эсептегичтерден келген маалыматтарды кабыл алуу, иштетүү жана башкаруу функцияларын аткараарын маалымдады.Ошондой эле Борборлоштурулган электр энергиясын коммерциялык эсепке алуунун автоматташтырылган тутумун ишке киргизүү менен бир катар маанилүү натыйжаларга жетишүү күтүлүп жатканы кабарланды. Жыйынтыгында дата-борбор энергетика тармагындагы маалыматтарды башкаруунун жаңы моделин түзүүгө мүмкүндүк берип, келечекте “акылдуу” энергетика системасын өнүктүрүүгө негиз болору белгиленди.
2026-2027-окуу жылына мамлекеттик кесиптик лицейлерге кабыл алуу 13-июлда башталат. Бул тууралуу Агартуу министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, документтерди кабыл алуу 13-июлдан 14-сентябрга чейин https://2020.edu.gov.kg/ электрондук платформасы аркылуу жүргүзүлөт. "Кесиптик лицейлер 9 жана 11-класстын бүтүрүүчүлөрүн эмгек рыногунда суроо-талапка ээ болгон кесипке ээ болууга, практикалык көндүмдөрдү өздөштүрүүгө жана ийгиликтүү эмгек жолун баштоого чакырат. Окутуу мамлекеттик билим берүү стандарттарына жана эмгек рыногунун талаптарына ылайык жүргүзүлөт", - деп айтылат маалыматта. Белгиленгендей, абитуриенттер курулуш, энергетика, маалыматтык технологиялар, айыл чарба, транспорт, коомдук тамактануу, туризм, тейлөө, жеңил өнөр жай, машина куруу жана башка тармактар боюнча кесиптерди жана адистиктерди тандай алышат.
Жаңылыктар түрмөгү
0