00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:00
4 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
2 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Экономикалык панорама
Алтындын баасы өсүүдө: баалуу металл өлкөнүн экономикасына кандай таасир этет?
17:04
48 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
6 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
6 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
7 мин
Ачык кеп
Фермерлер жыл башынан бери 5 млрд сом жеңилдетилген насыя алды – насыя берүү дагы уланабы?
21:08
42 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Жазылуу
2026-жылга карата коңшу жана өнөктөш мамлекеттерден электр энергиясын алуу боюнча келишимдер түзүлүп, жалпы 4 млрд 99 млн кВт саат импорт пландаштырылган. Бул тууралуу “Ачык кабинет” долбоорунун алкагында энергетика министри Алтынбек Рысбеков билдирди. Анын айтымында, импорттук электр энергиясы ички өндүрүш менен биргеликте өлкөнүн энергетикалык системасындагы жүктөмдү тең салмактоого жана керектөөчүлөрдү үзгүлтүксүз камсыздоого багытталган. "Электр энергиясын үнөмдүү пайдалануу жана белгиленген керектөө лимиттеринин аткарылышы боюнча күн сайын мониторинг жүргүзүлүүдө. 2026-жылдын апрель-май айларында электр тармактарынын ишканалары тарабынан белгиленген лимиттердин аткарылышы көзөмөлгө алынып, жалпы керектөө пландагы көрсөткүчтөн 91,8 млн кВт саатка же 4,3 пайызга төмөн болду. Андан тышкары, күз-кыш мезгилин ийгиликтүү өткөрүүнүн маанилүү багыттарынын бири — көмүр жана башка отун ресурстарынын жетиштүү көлөмдө даярдалышы", — деди министр.
Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги Чыңгыз Айтматов атындагы мамлекеттик жаштар сыйлыгына талапкерлерден документтерди кабыл алуу башталганын билдирди. Сыйлык жаш таланттарды колдоого, патриоттук жана жаратуучулук духтагы чыгармаларды жаратууга дем берүүгө, ошондой эле руханий-адеп-ахлактык жана маданий баалуулуктарды сактоого жана өнүктүрүүгө багытталган. Сыйлыкка 35 жашка чейинки Кыргызстандын жарандары талапкер боло алышат. Эмгектер көркөм чеберчиликтин жогорку деңгээлине жооп берип, жаштардын руханий дүйнөсүн чагылдырып, коомдун өнүгүшүнө салым кошушу керек. Сыйлык 11 багыт боюнча ыйгарылат. Алардын катарына адабият, журналистика жана телевидение, музыка жана сүрөт өнөрү, архитектура жана дизайн, театр жана кино, илим, билим берүү жана жаңы технологиялар, экономика, бизнес жана меценаттык, спорт, ошондой эле жаштар саясатын өнүктүрүү кирет. Жеңүүчүлөргө Чыңгыз Айтматовдун сүрөтү түшүрүлгөн төш белги, күбөлүк жана салыктарды эске алуу менен 200 миң сом өлчөмүндө акчалай сыйлык тапшырылат.
Ысык-Көлдөгү "Рух Ордо" маданий борборунда "Алые маки" V эл аралык фестивалы өтүп, ага Кыргызстан, Россия жана Казакстандан 600дөн ашык жаш өнөрпоз катышты. Бир нече күнгө созулган иш-чаранын алкагында алар сынактарга, окутуу программаларына катышып, тажрыйба алмашышты. Фестивалдын негизги бөлүгү Эл аралык хореографиялык сынак болду. Аны Хореографтардын эл аралык союзу жана "Антре" балет мектеп-студиясы уюштурган.Кесиптик категория боюнча башкы байгени Кемерово шаарынан келген "Кузбасс" элдик бий ансамбли алды. Ошондой эле жогорку сыйлыктар Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин УСТА ансамблине, Караганда облусунан келген "Эдельвейс" тобуна жана Пермь крайынын "Камушка" ансамблине ыйгарылды. Фестивалдын катышуучулары кыргыз, уйгур жана орус элдик бийлери, заманбап хореография жана актердук чеберчилик боюнча мастер-класстарга катышты. Сабактарды Кыргызстан, Россия жана Кытайдан келген адистер өткөрүштү. Иш-чаранын конок устаттарынын бири Россиянын эмгек сиңирген артисти Михаил Черняк болду. Ал "Смешарики" мультсериалындагы каармандарды жана "Мельница" студиясынын анимациялык тасмаларындагы үндөрдү коштогону менен белгилүү. "Алые маки" фестивалы Кыргызстанда бешинчи жолу өтүп жатат.
Жаңылыктар түрмөгү
0