Жапаров акимдер менен мэрлердин укуктарын кеңейтип, жоопкерчилигин күчөттү
16:01 30.06.2026 (Жаңыртылды: 16:19 30.06.2026)
Жазылуу
БИШКЕК, 30-июн. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган Чолпон-Атадагы кеңешмеде жергиликтүү бийлик органдарынын ишин кескин сынга алып, башкаруу тутумунда олуттуу реформалар башталганын жарыялады. Бул тууралуу анын маалымат кызматы билдирди.
Мамлекет башчысы Нарын жана Ош облустарына болгон иш сапарларында элдин арыз-муңун жеке өзү укканын эске салды. Анын айтымында, калк көтөргөн көйгөйлөрдүн 80-90 пайызы борборго жеткирбей эле жеринде чечиле турган маселелер болуп чыккан.
“Эл силерди издеп, мекеме эшиктерин каккылап, зар какшагандан кийин гана иштей баштаган система бүтүшү керек! Бир маселени айлап-жылдап сүйрөп жүрүүгө эч кимдин акысы жок. Ар бир жетекчи өз аймагындагы маселени өзү чечкен система түзүлүшү кажет”, — деп билдирди Жапаров.
Президент аткаминерлерди бюрократиядан арылып, заманбап онлайн байланыш каражаттарын, социалдык тармактарды жигердүү колдонуп, эл менен тыгыз иштешүүнү талап кылды. Ошондой эле жыл аягына чейин бул багыттагы чаралардын натыйжалуулугу бааланып, жыйынтык чыгарыла турганын кошумчалады.
Мамлекеттик башкарууну чыңдоо жана жергиликтүү бийликтин укуктарын кеңейтүү боюнча кабыл алынган негизги чечимдер:
мындан ары облус башчылары, район акимдери жана мэрлер өз аймагындагы мамлекеттик органдардын, анын ичинде күч түзүмдөрүнүн жетекчилерин дайындоого жана кызматтан бошотууга түз аралашат (алардын макулдугу менен ишке ашат);
министрликтердин аймактык бөлүмдөрү өзүнүн тармактык жетекчилигине гана эмес, тиешелүү аймактын башчысына (акимге/губернаторго) да иштин жыйынтыгы боюнча отчет берүүгө милдеттендирилди;
саясий кызматтагы адамдарды (акимдерди, алардын орун басарларын, мэрлерди жана айыл өкмөт башчыларын) тең же төмөн турган кызмат орундарына 3 жумуш күндүн ичинде конкурссуз дайындоо тартиби киргизилди;
учурда айыл өкмөттөрү 152 мыйзамды жана 270тей мыйзам алдындагы актыларды аткарууга милдеттүү. Министрлер кабинетине бул функцияларды талдап чыгып, аларды өзүнө тиешеси жок ашыкча тапшырмалардан бошотуу тапшырылды. Айыл өкмөтү кагаз жүзүндөгү отчет менен эмес, тазалык, суу, жол сыяктуу реалдуу чарбалык иштер менен алек болушу шарт;
облус башчылары, акимдер жана мэрлер жылына эки жолудан кем эмес калк менен ачык жолугушуу өткөрүүгө мыйзам жүзүндө милдеттендирилди;
айыл башчыларына муниципалдык кызматчы макамын берүү боюнча мыйзам кабыл алынды.

