https://sputnik.kg/20260601/putin-menen-pashinyan-astanadagy-zhiyyndyn-zhiyyntygyn-talkuulady-1101640995.html
Путин менен Пашинян ЕАЭБ жыйынын жыйынтыгын талкуулады
Путин менен Пашинян ЕАЭБ жыйынын жыйынтыгын талкуулады
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 1-июн. — Sputnik. РФ лидери Владимир Путин менен Армениянын премьер-министри Никол Пашинян телефон аркылуу сүйлөшүп, Казакстанда өткөн ЕАЭБдин акыркы... 01.06.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-06-01T18:35+0600
2026-06-01T18:35+0600
2026-06-01T18:35+0600
еаэб
россия
армения
владимир путин
никол пашинян
сүйлөшүү
талкуу
https://sputnik.kg/img/07e8/05/09/1084982452_0:156:3277:2000_1920x0_80_0_0_0d0d63267dd85ec5200ff0916747b0e6.jpg
БИШКЕК, 1-июн. — Sputnik. РФ лидери Владимир Путин менен Армениянын премьер-министри Никол Пашинян телефон аркылуу сүйлөшүп, Казакстанда өткөн ЕАЭБдин акыркы саммитин талкуулады. Бул туурасында РИА Новости билдирди. Кремлдин сайтындагы маалыматка караганда, тараптар 29-майда Астанада өткөн Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин (ЖЕЭК) жыйынтыгын ортого салышкан. Ал эми Пашиняндын маалымат кызматы премьер-министр пикир келишпестик жараткан айрым маселелерде көрсөткөн колдоосу үчүн Путинге ыраазы болгонун кошумчалаган. Эки өлкө лидерлери ыңгайлуу учурда бетме-бет жолугуп, сүйлөшүүнү улантууну макулдашкан. Астанадагы саммитте ЕАЭБге мүчө мамлекеттер Еревандын Европа Биримдигине кирүү планын талкуулаган эле. Пашинян шайлоо өнөктүгү менен алек экенин айтып, бул жыйынга катышкан эмес. Жолугушуунун жыйынтыгында Россия, Беларусь, Казакстан жана Кыргызстан Арменияны бул маселе боюнча жакынкы арада референдум өткөрүүгө чакырган. Май айынын башында Путин Арменияны Евробиримдикке кошулуу же ЕАЭБге кирүү боюнча маселени тезирээк чечүүгө чакырган. Ага чейин да өлкө өнөктөштөрүн өз алдынча тандоо укугуна ээ экенин, бирок бир учурда эки уюмге тең мүчө болуу мүмкүн эместигин бир нече жолу билдирген болчу. РФ лидери Путин Астанада өткөн ЕАЭБ саммитинен кийинки маалымат жыйында эгер Ереван ЕАЭБден чыгууну чечсе, Россия аны менен бардык экономикалык байланышты токтотууга аргасыз болорун айткан. Андан сырткары дагы бир нече жүйөлүү учурларга токтолгон.
https://sputnik.kg/20260521/armeniya-eki-toydo-biyley-albayt-1101443929.html
армения
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e8/05/09/1084982452_258:0:2987:2047_1920x0_80_0_0_8dc0af08aef2f7ecf52a8429e7eaa645.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
еаэб, россия, армения, владимир путин, никол пашинян, сүйлөшүү, талкуу
еаэб, россия, армения, владимир путин, никол пашинян, сүйлөшүү, талкуу
БИШКЕК, 1-июн. — Sputnik. РФ лидери Владимир Путин менен Армениянын премьер-министри Никол Пашинян телефон аркылуу сүйлөшүп, Казакстанда өткөн ЕАЭБдин акыркы саммитин талкуулады. Бул туурасында
РИА Новости билдирди.
Кремлдин сайтындагы маалыматка караганда, тараптар 29-майда Астанада өткөн Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин (ЖЕЭК) жыйынтыгын ортого салышкан.
Ал эми Пашиняндын маалымат кызматы премьер-министр пикир келишпестик жараткан айрым маселелерде көрсөткөн колдоосу үчүн Путинге ыраазы болгонун кошумчалаган. Эки өлкө лидерлери ыңгайлуу учурда бетме-бет жолугуп, сүйлөшүүнү улантууну макулдашкан.
Астанадагы саммитте ЕАЭБге мүчө мамлекеттер Еревандын Европа Биримдигине кирүү планын талкуулаган эле. Пашинян шайлоо өнөктүгү менен алек экенин айтып, бул жыйынга катышкан эмес. Жолугушуунун жыйынтыгында Россия, Беларусь, Казакстан жана Кыргызстан Арменияны бул маселе боюнча жакынкы арада референдум өткөрүүгө чакырган.
Май айынын башында Путин Арменияны Евробиримдикке кошулуу же ЕАЭБге кирүү боюнча маселени тезирээк чечүүгө чакырган. Ага чейин да өлкө өнөктөштөрүн өз алдынча тандоо укугуна ээ экенин, бирок бир учурда эки уюмге тең мүчө болуу мүмкүн эместигин бир нече жолу билдирген болчу.
РФ лидери Путин Астанада өткөн ЕАЭБ саммитинен кийинки маалымат жыйында эгер Ереван ЕАЭБден чыгууну чечсе, Россия аны менен бардык экономикалык байланышты токтотууга аргасыз болорун айткан. Андан сырткары дагы бир нече
жүйөлүү учурларга токтолгон.