https://sputnik.kg/20260525/bishkekke-rossiyalyk-kompaniyalar-kelet-1101503803.html
Бишкекке Россиядан 25 ири компаниянын өкүлдөрү келет
Бишкекке Россиядан 25 ири компаниянын өкүлдөрү келет
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 25-май — Sputnik. Бишкекке Россиядан 25 ири компаниянын өкүлдөрү жергиликтүү бизнес менен жолугуу үчүн келет. Бул тууралуу "Россиянын экспорт борбору"... 25.05.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-05-25T11:44+0600
2026-05-25T11:44+0600
2026-05-25T12:22+0600
кыргызстан
россия
соода
товар
ишкер
бизнесмен
компания
маалымат борбор
https://sputnik.kg/img/07ea/05/19/1101502595_23:374:2978:2036_1920x0_80_0_0_1007d178457c75840656d35b2379cb68.jpg
БИШКЕК, 25-май — Sputnik. Бишкекке Россиядан 25 ири компаниянын өкүлдөрү жергиликтүү бизнес менен жолугуу үчүн келет. Бул тууралуу "Россиянын экспорт борбору" (РЭБ) акционердик коомунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Владимир Некрасов билдирди. Ал Sputnik маалымат борборундагы брифингде сүйлөгөн. "РЭБ "Россияда жасалган" брендинин алдында сапаттуу продукт сунуштай ала турган ишенчиликтүү компанияларды чогултат. Жергиликтүү ишкерлер үчүн бул — ассортиментти кеңейтүүгө, өнөктөш табууга жакшы мүмкүнчүлүк", — деди Некрасов. Сүйлөшүүлөргө россиялык өндүрүүчүлөр менен байланыш түзүүгө ынтызар кыргызстандык компаниялар чакырылат. Иш-чарага сайттан катталууга болот. Катышуу акысыз. Бизнесмендердин жолугушуусу 3-4-июнь күндөрү Бишкектеги Novotel мейманканасында өтөт. Россиядан келчү компаниялар негизинен эт, сүт жана кондитердик азыктарын өндүрөрү айтылды. Мындан тышкары, тиричилик химиясы менен техникасын, фармацевтикалык жана косметикалык каражаттарды чыгарган фирмалар да келет. Быйыл РЭБ россиялык экспортерлордун көңүлүн кыргызстандыктардын муктаждыгына бурууга аракет кылган. Иш-чара башталган күнү "Кыргызстанда элге керектүү товарларды илгерилетүүнүн өзгөчөлүктөрү" аталышындагы сессия-конференция өтөт. Анын алкагында катышуучуларга маркетингдик стратегия түзүүдө керектөөчүлөрдүн маданий өзгөчөлүгүн кантип эске алуу керектигин түшүндүрүп беришмекчи. Кыргызстандын рыногунда адаптацияны талап кылбаган товарлар менен кызматтардын тобу да каралат. 2025-жылы ушундай эле миссиянын жыйынтыгы менен 120 миллион рублден ашуун каражатка 12 келишим түзүлгөн. Быйыл РЭБ жок эле дегенде ушул көрчөткүчтү кайталоо ниетинде. Россиялык экспорттук борбор: даяр товардын экспортун колдоочу мамлекеттик институт, "Эл аралык кооперация жана экспорт" улуттук долбоорунун оператору жана россиялык компаниялардын эл аралык рыноктогу жардамчысы. Өкмөт алдына койгон милдеттер:
https://sputnik.kg/20260519/protokol-ratifikatsiyalandy-1101400487.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/05/19/1101502595_171:0:2902:2048_1920x0_80_0_0_25e40d675ca80e009f8221e08d2833c5.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, россия, соода, товар, ишкер, бизнесмен, компания
кыргызстан, россия, соода, товар, ишкер, бизнесмен, компания
БИШКЕК, 25-май — Sputnik. Бишкекке Россиядан 25 ири компаниянын өкүлдөрү жергиликтүү бизнес менен жолугуу үчүн келет. Бул тууралуу "Россиянын экспорт борбору" (РЭБ) акционердик коомунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Владимир Некрасов билдирди.
Ал Sputnik маалымат борборундагы брифингде сүйлөгөн.
"РЭБ "Россияда жасалган" брендинин алдында сапаттуу продукт сунуштай ала турган ишенчиликтүү компанияларды чогултат. Жергиликтүү ишкерлер үчүн бул — ассортиментти кеңейтүүгө, өнөктөш табууга жакшы мүмкүнчүлүк", — деди Некрасов.
Сүйлөшүүлөргө россиялык өндүрүүчүлөр менен байланыш түзүүгө ынтызар кыргызстандык компаниялар чакырылат. Иш-чарага
сайттан катталууга болот. Катышуу акысыз.
Бизнесмендердин жолугушуусу 3-4-июнь күндөрү Бишкектеги Novotel мейманканасында өтөт. Россиядан келчү компаниялар негизинен эт, сүт жана кондитердик азыктарын өндүрөрү айтылды. Мындан тышкары, тиричилик химиясы менен техникасын, фармацевтикалык жана косметикалык каражаттарды чыгарган фирмалар да келет.
Быйыл РЭБ россиялык экспортерлордун көңүлүн кыргызстандыктардын муктаждыгына бурууга аракет кылган. Иш-чара башталган күнү "Кыргызстанда элге керектүү товарларды илгерилетүүнүн өзгөчөлүктөрү" аталышындагы сессия-конференция өтөт. Анын алкагында катышуучуларга маркетингдик стратегия түзүүдө керектөөчүлөрдүн маданий өзгөчөлүгүн кантип эске алуу керектигин түшүндүрүп беришмекчи. Кыргызстандын рыногунда адаптацияны талап кылбаган товарлар менен кызматтардын тобу да каралат.
2025-жылы ушундай эле миссиянын жыйынтыгы менен 120 миллион рублден ашуун каражатка 12 келишим түзүлгөн. Быйыл РЭБ жок эле дегенде ушул көрчөткүчтү кайталоо ниетинде.
Россиялык экспорттук борбор: даяр товардын экспортун колдоочу мамлекеттик институт, "Эл аралык кооперация жана экспорт" улуттук долбоорунун оператору жана россиялык компаниялардын эл аралык рыноктогу жардамчысы.
Өкмөт алдына койгон милдеттер:
россиялык экспортерлорду Кыргызстанда бизнес жүргүзүү салты, рыноктун өзгөчөлүгү, жергиликтүү керектөөчүлөрдүн, жалпы эле мамлекеттин ниет-каалоосу менен тааныштыруу, насыя жактан колдоо көрсөтүү;
кыргызстандык ишкерлерди ишенимдүү товарлар жана кызматтар менен тааныштыруу;
сүйлөшүү жүргүзүүгө жардам берүү.