00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
5 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
4 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
3 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
7 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Жума жыйынтыгы
Апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
6 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Жазылуу
Кыргызстан — Кытай — Өзбекстан темир жолун куруунун алкагында сүрдүрүлө турган турак үйлөр өтө арзан бааланууда. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Жылдыз Курманалиева билдирди. Эл өкүлү буга жергиликтүү тургундар нааразы экенин белгилеп, өкмөттү төлөнүүчү кенемтени кайра кароого чакырды. "Пайдубал куюлган жер 130 миң сомго, чоң үй 400 миң сомго бааланууда. Бул деген аябай төмөн баа. Алар өз ата конушун таштап, башка жакка көчүп жатышат", — деди Курманалиева. Буга чейин аталган темир жолдун курулушунан улам 214 үй сүрдүрүлөрү айтылган. Анын 191и Жалал-Абад облусунун Сузак районунда, калганы Нарын облусунда жайгашкан.
УКМК төрагасы Жумгалбек Шабданбеков Кытайдын коомдук коопсуздук министри Ван Сяохунду кабыл алды. Бул тууралуу комитеттин маалымат кызматы билдирди. Жолугушууда стратегиялык долбоорлорду ишке ашыруудагы коопсуздук маселелери талкууланды. Алардын ичинде Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолунун курулушу да бар. Ошондой эле террорчулукка, диний экстремизмге, экономикалык кылмыштарга жана киберкоркунучтарга каршы күрөшүү жаатындагы кызматташтыкты бекемдөө боюнча макулдашууга жетишилди. Шабданбеков кытайлык инвесторлордун укугун коргоого даяр экенин билдирди. Белгилей кетсек, Кытайдын Коомдук коопсуздук министрлигинин делегациясы кечээ ички иштер министри Улан Ниязбеков менен жолугушкан.
Ош облусунун Ноокат районундагы Беш-Буркан көмүр кенин иштетүү иштери башталат. Бул тууралуу Энергетика министрлиги билдирди. Бул жерден жыл сайын 900 миң тоннага чейин көмүр казып алуу пландалууда. Өткөн жылы даярдык иштеринин алкагында 5 миң тоннага жакын көмүр казылып алынган. Кендин жалпы запасы 42 миллион тоннадан ашат. Энергетика министрлигинин маалыматына ылайык, инвестор долбоорго буга чейин эле 25 миллион доллар инвестиция салган. Кендин ишке кириши Кыргызстандын түштүк аймагын көмүр менен туруктуу камсыздап, импортко болгон көз карандылыкты азайтат деп күтүлүүдө.
Валентина Шевченко UFC турнири Кыргызстанда өтүшү керек деген пикирде. Бул тууралуу ал УКМК төрагасы, ММА ассоциациясынын президенти Жумгалбек Шабданбеков менен ата мекендик аралаш мушташ өнөрүнүн спортчуларынын жолугушуусунда айты. "Кыргызстанда мушташ өнөрүн абдан жакшы көрүшөт. Ошондуктан сөзсүз UFC турнири өтүшү керек. Муну ишке ашырыш үчүн колдон келгендин баарын жасайм. Мен 11 титулдук беттеш өткөрдүм, дайыма атаандаштарымдын аймагында мушташууга туура келди. Өз мекенимде чыгышымды көптөн бери самап жүрөм", — деди Шевченко. Бул демилгени башка спортчулар да колдоп, мелдешти "Бишкек Арена" стадионунда өткөрүүгө болорун, ага 51 миң күйөрман топтолорун айтышты. Жолугушуу кечээ өткөн.
Батыш өлкөлөрү Борбор Азия мамлекеттеринин жетекчилерин Россия менен болгон кызматташтыктан баш тарттырууга аракет кылып жатат. Бул тууралуу РФ тышкы иштер министринин орун басары Михаил Галузин билдиргенин РИА Новости жазды. "Максаты анык. Батыштагылар БАдагы өлкө жетекчилерин Россия менен болгон тең укуктуу, өз ара пайдалуу кызматташтыктан алыстатып, анын ордуна өздөрү убада кылган убактылуу саясий артыкчылыктарга кызыктырууга аракет кылып жатышат", — деди ал. Галузин буга чейин Батыш Борбор Азия мамлекеттерин Россиянын коопсуздугуна коркунуч жараткан аймак катары колдонууга умтулуп жатканын дагы айткан болчу.
Жаңылыктар түрмөгү
0