https://sputnik.kg/20260519/1101399638.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Sputnik Кыргызстан
Юстиция министрлиги санкциялык тобокелдиги жогору 50 компаниянын ишин токтоттуГермания жарандык коргонууга миллиарддаган евро жумшоого ниетиндө"Артка... 19.05.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-05-19T11:00+0600
2026-05-19T11:00+0600
2026-05-19T11:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/05/13/1101399469_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_dceef6718de76fd799b838b8fc593de2.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Sputnik Кыргызстан
Юстиция министрлиги санкциялык тобокелдиги жогору 50 компаниянын ишин токтоттуГермания жарандык коргонууга миллиарддаган евро жумшоого ниетиндө"Артка кайтпайт". Минкаб азык-түлүк кымбаттай берерин айттып, себебин түшүндүрдүМинистрлер кабинетинини төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев азык-түлүк баасынын өсүшү боюнча комментарий берди. Sputnik Кыргызстан агенттиги менен болгон маекте өкмөт мүчөсү өлкө күйүүчү май жана азык-түлүк боюнча тыштан көз каранды болгондуктан инфляция токтобой турганын белгиледи. Алсак, өлкө эт менен өзүн толук камсыздаса да сыртта суроо-талап жогору болгондуктан баа өсүп жатат. Экинчи маселе — күйүүчү май. Амангелдиевдин айтымында, эгер өкмөт бааны көзөмөлдөй берсе, дүйнөлүк бааны эске алуу менен Кыргызстанга эч ким май ташыбай калат. Анткени чыгымга учуроону эч ким каалабайт. "Баанын жогорулашы — артка кайтпай турган процесс. Биз экономиканы илгерилетүү жаатында иш жүргүзүп, заман талабына ылайык айлык-маянаны көбөйтүшүбүз керек. Ошондо бул процесстер элибиздин кирешесине ыңгайлашат", — деди өкмөт өкүлү.
Юстиция министрлиги санкциялык тобокелдиги жогору болгон операцияларга байланыштуу 50 юридикалык жактын ишин токтотконун аталган ведомстводон кабарлашты. Маалымдалгандай, бул чечим жаңы мекемелер аралык механизмдин алкагында биринчи жолу кабыл алынды. Ага ылайык, компаниялардын тизмеси Экономика жана коммерция министрлиги, ошондой эле санкциялык режимдерди айланып өтүү фактылары боюнча маалыматтарды караган башка мамлекеттик органдар тарабынан сунушталган. Министрлик билдиргендей, бул чара улуттук экономиканы коргоо жана Кыргызстан үчүн батыш өлкөлөрүнүн мүмкүн болгон экинчи санкцияларынын терс кесепетин алдын алуу максатын көздөйт. Иши токтотулган компаниялардын тизмеси жарыяланган жок.
Москва менен Пекин бирөөгө каршы туруу үчүн эмес, дүйнө тынчтыгы үчүн мамиле курат. Бул тууралуу Россия президенти Владимир Путин КЭРге жөнөөр алдында кытай элине жасаган кайрылуусунда айтканын РИА Новости жазды. Кытай төрагасы Си Цзиньпиндин чакыруусу менен бараткан РФ лидери ушу тапта эки өлкөнүн алакасы болуп көрбөгөндөй деңгээлде экенин белгилеген. Президенттин айтымында, Москва менен Пекиндин бир жээкте турушу дүйнөнү турукташтыруучу мааниге ээ. Путиндин кайрылуусунун урунттуу учурлары: эки өлкөнүн ортосундагы сооданын көлөмү өсүп жатат; Москва Россия менен Кытайдын ортосундагы визасыз режимди колдойт; эки өлкө өнөктөштүктү тереңдетүү үчүн аракетин уланта берет; Россия Кытайдын тарыхына чоң урмат менен мамиле кылат, эки элдин жакындашуусуна кызыкдар.
Германиянын Тышкы иштер министрлиги болуп кетчү согушка даярдык көрүп, 2029-жылга чейин жарандык коргонууга 10 миллиард евро жумшоого баш коюп турат. Бул туурасында Bild басылмасы аталган жааттагы документтер менен таанышкандан кийин жазды. "Өлкөдө жарандарды коргой турган нерселердин дээрлик бардыгы: бункерлер, ооруканалардагы орундар, көчмө лазареттер, жарандык коргонуу боюнча пландар жана кордогу материалдар жетишсиз... Федералдык ички иштер министрлиги 2029-жылга чейин жарандык коргонууга 10 миллиард еврого жакын инвестиция салууну пландаштырууда", — деп айтылган анда. РФтин Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Дмитрий Медведев Германияда жарандык өнөр жайды согуштук багытка ыкчам буруу үчүн реалдуу өбөлгөлөр түзүлүп жатканын билдирген.
Юстиция министрлиги санкциялык тобокелдиги жогору 50 компаниянын ишин токтоттуГермания жарандык коргонууга миллиарддаган евро жумшоого ниетиндө"Артка кайтпайт". Минкаб азык-түлүк кымбаттай берерин айттып, себебин түшүндүрдүМинистрлер кабинетинини төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев азык-түлүк баасынын өсүшү боюнча комментарий берди. Sputnik Кыргызстан агенттиги менен болгон маекте өкмөт мүчөсү өлкө күйүүчү май жана азык-түлүк боюнча тыштан көз каранды болгондуктан инфляция токтобой турганын белгиледи. Алсак, өлкө эт менен өзүн толук камсыздаса да сыртта суроо-талап жогору болгондуктан баа өсүп жатат. Экинчи маселе — күйүүчү май. Амангелдиевдин айтымында, эгер өкмөт бааны көзөмөлдөй берсе, дүйнөлүк бааны эске алуу менен Кыргызстанга эч ким май ташыбай калат. Анткени чыгымга учуроону эч ким каалабайт. "Баанын жогорулашы — артка кайтпай турган процесс. Биз экономиканы илгерилетүү жаатында иш жүргүзүп, заман талабына ылайык айлык-маянаны көбөйтүшүбүз керек. Ошондо бул процесстер элибиздин кирешесине ыңгайлашат", — деди өкмөт өкүлү.Юстиция министрлиги санкциялык тобокелдиги жогору болгон операцияларга байланыштуу 50 юридикалык жактын ишин токтотконун аталган ведомстводон кабарлашты. Маалымдалгандай, бул чечим жаңы мекемелер аралык механизмдин алкагында биринчи жолу кабыл алынды. Ага ылайык, компаниялардын тизмеси Экономика жана коммерция министрлиги, ошондой эле санкциялык режимдерди айланып өтүү фактылары боюнча маалыматтарды караган башка мамлекеттик органдар тарабынан сунушталган. Министрлик билдиргендей, бул чара улуттук экономиканы коргоо жана Кыргызстан үчүн батыш өлкөлөрүнүн мүмкүн болгон экинчи санкцияларынын терс кесепетин алдын алуу максатын көздөйт. Иши токтотулган компаниялардын тизмеси жарыяланган жок.Москва менен Пекин бирөөгө каршы туруу үчүн эмес, дүйнө тынчтыгы үчүн мамиле курат. Бул тууралуу Россия президенти Владимир Путин КЭРге жөнөөр алдында кытай элине жасаган кайрылуусунда айтканын РИА Новости жазды. Кытай төрагасы Си Цзиньпиндин чакыруусу менен бараткан РФ лидери ушу тапта эки өлкөнүн алакасы болуп көрбөгөндөй деңгээлде экенин белгилеген. Президенттин айтымында, Москва менен Пекиндин бир жээкте турушу дүйнөнү турукташтыруучу мааниге ээ. Путиндин кайрылуусунун урунттуу учурлары: эки өлкөнүн ортосундагы сооданын көлөмү өсүп жатат; Москва Россия менен Кытайдын ортосундагы визасыз режимди колдойт; эки өлкө өнөктөштүктү тереңдетүү үчүн аракетин уланта берет; Россия Кытайдын тарыхына чоң урмат менен мамиле кылат, эки элдин жакындашуусуна кызыкдар.Германиянын Тышкы иштер министрлиги болуп кетчү согушка даярдык көрүп, 2029-жылга чейин жарандык коргонууга 10 миллиард евро жумшоого баш коюп турат. Бул туурасында Bild басылмасы аталган жааттагы документтер менен таанышкандан кийин жазды. "Өлкөдө жарандарды коргой турган нерселердин дээрлик бардыгы: бункерлер, ооруканалардагы орундар, көчмө лазареттер, жарандык коргонуу боюнча пландар жана кордогу материалдар жетишсиз... Федералдык ички иштер министрлиги 2029-жылга чейин жарандык коргонууга 10 миллиард еврого жакын инвестиция салууну пландаштырууда", — деп айтылган анда. РФтин Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Дмитрий Медведев Германияда жарандык өнөр жайды согуштук багытка ыкчам буруу үчүн реалдуу өбөлгөлөр түзүлүп жатканын билдирген.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/05/13/1101399469_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_5e73150d53ac1d027fb24a295e68bfa5.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио