00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
3 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
4 мин
Ежедневные новости
12:01
2 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Лето, ночь и бег. О самом необычном забеге в Бишкеке
08:04
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Көйгөй көп. Кыргызстандын агрардык тармагында кандай реформа күтүлүп жатат?
09:06
53 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Сели, паводки и таяние ледников - в КР меняют систему мониторинга климатических рисков
10:04
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Жума жыйынтыгы
Апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1
Открытие редакционного центра Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.12.2021
Маалымат борбор

Эксперт журналисттин жеке брендин соцтармакта өнүктүрүүнүн жолдорун айтып берди

© Sputnik / Акбар АкжигитовSputnik маалымат агенттиги жана радиосунун редактор-баяндамачысы Таалайбек Ороскулов
Sputnik маалымат агенттиги жана радиосунун редактор-баяндамачысы Таалайбек Ороскулов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.05.2026
Жазылуу
БИШКЕК, 18-май — Sputnik. Социалдык тармактарда журналисттин жеке брендин кантип өнүктүрүү керектигин Sputnik маалымат агенттиги жана радиосунун редактор-баяндамачысы Таалайбек Ороскулов айтып берди.
Агартуу багытындагы SputnikPro долбоорунун иш-чарасы Sputnik Кыргызстан маалымат борборунда өттү.
Ороскулов ЖМК кызматкери үчүн медиада таанымал болуу терең ойлонулган максат болушу керектигин белгиледи. Анын айтымында, көпчүлүк чыр-чатак жана негатив аркылуу таанымал болууга аракет кылат, бирок мындай ыкма көпкө узабайт.
"Хейт эң көп дегенде эки күн жашайт. Эгер дайыма эле хейт аркылуу популярдуу болууга аракет кыла берсең, анда өмүр бою негатив издеп өтүүгө туура келет", — деп белгиледи журналист.
Ал редакция маалымат мейкиндигинде чектөөлөргө туш болгондон кийин өзүнүн социалдык тармактагы баракчаларын активдүү өнүктүрө баштаганын айтты.

"Мен ар кайсы социалдык тармактарда аккаунт ачып, өзүм жакшы түшүнгөн темалар: орус тили, геосаясат жана эл аралык күн тартиби тууралуу видеолорду жарыялай баштадым", — деди Ороскулов.

Анын айтымында, контент аналитикалык форматта болгонуна карабастан, айрым видеолору жүз миңдеген көрүүлөрдү топтоп жатат.

"Азыр көпчүлүк узак видеолорду көрбөйт, бирок менин 8-9 мүнөттүк роликтерим жүз миңдеген көрүүлөрдү чогултууда", — деди ал.

Спикер журналист үчүн комментарийлерге жана аудиториянын реакциясына көз каранды болбоо эмне үчүн маанилүү экенин түшүндүрдү.
"Эгер жасаган контент өзүңүзгө жакса — жарыялап коюп, унутуңуз. Сизди басынтууга болгон аракеттерге реакция кылбаңыз. Жан дүйнө тынчтыгы эң баалуу нерсе", — деди журналист.
Ал маалыматтык манипуляциялар жана социалдык тармактардагы алгоритмдердин иштөө темасына өзгөчө көңүл бурду. Журналисттин айтымында, колдонуучулар комментарийлерде ботторго жана атайын уюштурулган жасалма чыр-чатактарга көп туш болушат.
"Өздөрүнө керектүү темаларды илгерилеткен белгилүү бир топтор жана буюртмачылар бар. Бүгүнкү күндө муну жасалма интеллект аркылуу дагы жасап жатышат", — деди ал.
Жолугушуунун жүрүшүндө катышуучулар медиадагы таасир этүү технологияларын, интервью жана түз эфир жүргүзүүнүн өзгөчөлүктөрүн, ошондой эле журналисттин стресстик учурлардагы ишин талкуулашты. Ороскулов түз эфирдин алып баруучусу теманы жакшы билип, маекти башкара алышы керектигин белгиледи. Анын айтымында, журналисттин саясаттан тартып маданиятка жана баарлашуу психологиясына чейин ар түрдүү тармактарды түшүнүшү маанилүү.
"Дайыма ар багыттагы маселелерди түшүнүүгө аракет кылыңыздар. Бир эле темага байланып калбагыла", — деп кеңеш берди журналист студенттерге.
Спикер темалар менен иштөө тууралуу айтып берип, журналист материалдын акыркы варианты кандай болорун алдын ала түшүнүшү керектигине токтолду.
"Эфир учурунда алгач теманы ойлоп коём. Андан кийин материалга керектүү болгон сөздөрдү спикерден чыгарууга аракет кылам", — деди ал.
Фотожурналисттин иши. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.03.2026
Маалымат борбор
Сүрөттү ЖМК үчүн кантип тартуу керек. Фотожурналисттен үйрөнчүктөргө кеңеш
Жаңылыктар түрмөгү
0