https://sputnik.kg/20260505/1101137825.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Sputnik Кыргызстан
Сокулук районундагы Сокулук айылында жайгашкан ишканалардын биринде директор менен кызматкердин ортосунда чыр чыгып, окуя оор кылмышка айланган. Чүй облусунун... 05.05.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-05-05T18:59+0600
2026-05-05T18:59+0600
2026-05-05T19:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/05/05/1101137659_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_c42d9a1913c2da391b9cc375facdb351.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Sputnik Кыргызстан
Сокулук районундагы Сокулук айылында жайгашкан ишканалардын биринде директор менен кызматкердин ортосунда чыр чыгып, окуя оор кылмышка айланган. Чүй облусунун ИИБ маалыматына ылайык, 49 жаштагы кызматкер жаңжал учурунда 38 жаштагы директорго бычак менен бир нече жолу жаракат келтирген. Жаракаттар кол жана каптал аймагына тийген. Окуядан кийин шектүү жерден качып кеткен, бирок милициянын ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында ал бат эле аныкталып, кармалган.Бул факты боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси (бейбаштык) боюнча кылмыш иши козголду. Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди.Учурда тергөө иштери уланууда.
Кыргызстан айыл чарба продукциясынын 60 түрүн чет өлкөгө экспорттойт Кыргызстандын Айыл чарба министрлиги билдиргендей, өлкө бүгүнкү күндө айыл чарба продукциясынын 60 түрүн чет мамлекеттерге экспорттоп жатат. Экспорттун негизги бөлүгү Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) мүчө өлкөлөргө туура келет. Өткөн жылдын жыйынтыгы боюнча негизги соода өнөктөштөрдүн көрсөткүчтөрү төмөнкүдөй: Россия — 7,8 млрд сом (эт-сүт азыктары, жашылча-жемиштер) Казахстан — 7,8 млрд сом (жашылча-жемиш, канаттуунун эти, сүт азыктары) Беларусь — 1,5 млрд сом (эт-сүт азыктары, макарон азыктары жана тоют) Армения — 13 млн сом (жашылча, жаңгак, эт азыктары) Министрликтин маалыматына караганда, Кыргызстан айыл чарба экспортун кеңейтүүгө жана жаңы тышкы рынокторго чыгууга багытталган иштерди улантууда.
Кыргызстандын курама командасы Ташкентте ат спорту боюнча дүйнө кубогунда байгелуу кайттыКыргызстан курама командасы Ташкент шаарында өткөн ат спорту боюнча Евразия лигасынын Кубок дүйнөсүнүн этаптарында ийгиликтүү катышып, 4 медаль утуп алды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги билдирди.Жарыштардын жыйынтыгында кыргызстандык спортчулар эл аралык деңгээлдеги күчтүү атаандаштыкта өздөрүнүн жогорку даярдыгын далилдешти.Бул мелдештер дйн кубогунуну финалына жана ат спорту боюнча дүйнө чемпионатына рейтингдик упайларды топтоо үчүн маанилүү этап болуп эсептелет.Кыргызстандык чабандестер Ташкенттеги турнирде 4 медаль жеңди Мелдеш 23-апрелден 3-майга чейин өтүп, Дүйнөлук кубоктун финалына жана дүйнө чемпионатына жолдомолор ойнотулду. Екатерина Каркавцева күмүш, ал эми Ринат Галимов 2 алтын жана коло тагынды. Алтындын бирин ал Казакстандын өкүлү менен бөлүштү. Бул жыйынтык Кыргызстанда ат спорту акыркы жылдары туруктуу өнүгүп жатканын жана спортчулардын эл аралык деңгээлде атаандаша аларын көрсөттү.
Сокулук районундагы Сокулук айылында жайгашкан ишканалардын биринде директор менен кызматкердин ортосунда чыр чыгып, окуя оор кылмышка айланган. Чүй облусунун ИИБ маалыматына ылайык, 49 жаштагы кызматкер жаңжал учурунда 38 жаштагы директорго бычак менен бир нече жолу жаракат келтирген. Жаракаттар кол жана каптал аймагына тийген. Окуядан кийин шектүү жерден качып кеткен, бирок милициянын ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында ал бат эле аныкталып, кармалган.Бул факты боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси (бейбаштык) боюнча кылмыш иши козголду. Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди.Учурда тергөө иштери уланууда.Кыргызстан айыл чарба продукциясынын 60 түрүн чет өлкөгө экспорттойт Кыргызстандын Айыл чарба министрлиги билдиргендей, өлкө бүгүнкү күндө айыл чарба продукциясынын 60 түрүн чет мамлекеттерге экспорттоп жатат. Экспорттун негизги бөлүгү Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) мүчө өлкөлөргө туура келет. Өткөн жылдын жыйынтыгы боюнча негизги соода өнөктөштөрдүн көрсөткүчтөрү төмөнкүдөй: Россия — 7,8 млрд сом (эт-сүт азыктары, жашылча-жемиштер) Казахстан — 7,8 млрд сом (жашылча-жемиш, канаттуунун эти, сүт азыктары) Беларусь — 1,5 млрд сом (эт-сүт азыктары, макарон азыктары жана тоют) Армения — 13 млн сом (жашылча, жаңгак, эт азыктары) Министрликтин маалыматына караганда, Кыргызстан айыл чарба экспортун кеңейтүүгө жана жаңы тышкы рынокторго чыгууга багытталган иштерди улантууда. Кыргызстандын курама командасы Ташкентте ат спорту боюнча дүйнө кубогунда байгелуу кайттыКыргызстан курама командасы Ташкент шаарында өткөн ат спорту боюнча Евразия лигасынын Кубок дүйнөсүнүн этаптарында ийгиликтүү катышып, 4 медаль утуп алды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги билдирди.Жарыштардын жыйынтыгында кыргызстандык спортчулар эл аралык деңгээлдеги күчтүү атаандаштыкта өздөрүнүн жогорку даярдыгын далилдешти.Бул мелдештер дйн кубогунуну финалына жана ат спорту боюнча дүйнө чемпионатына рейтингдик упайларды топтоо үчүн маанилүү этап болуп эсептелет.Кыргызстандык чабандестер Ташкенттеги турнирде 4 медаль жеңди Мелдеш 23-апрелден 3-майга чейин өтүп, Дүйнөлук кубоктун финалына жана дүйнө чемпионатына жолдомолор ойнотулду. Екатерина Каркавцева күмүш, ал эми Ринат Галимов 2 алтын жана коло тагынды. Алтындын бирин ал Казакстандын өкүлү менен бөлүштү. Бул жыйынтык Кыргызстанда ат спорту акыркы жылдары туруктуу өнүгүп жатканын жана спортчулардын эл аралык деңгээлде атаандаша аларын көрсөттү.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/05/05/1101137659_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_ce3126b6e6c544ac3f9e10322ddf2819.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио