https://sputnik.kg/20260505/1101133149.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Sputnik Кыргызстан
Мекенибизде күндүзгү саат 3. Жаңылыктар топтому менен тааныштырып, микрофондо Элдияр Асылбеков. Алгач биз токтоло турган кабарлардан кыскача..."Бала ырысы"... 05.05.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-05-05T15:00+0600
2026-05-05T15:00+0600
2026-05-05T15:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/05/05/1101132983_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_421c75784450deff51e6d87f287bdd3e.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Sputnik Кыргызстан
Мекенибизде күндүзгү саат 3. Жаңылыктар топтому менен тааныштырып, микрофондо Элдияр Асылбеков. Алгач биз токтоло турган кабарлардан кыскача..."Бала ырысы" жөлөк пулуна 3 миллиард 316 миллион сом бөлүнотАКШ Бириккен араб эмирликтериндеги мунайдын аймагын өрттөгөн Жогорку Кеңештин төрагасы Баш мыйзамдын күнүнө карата куттуктоосунда Кыргызстандын тарыхы — мамлекеттин туруктуу моделин издөө экенин билдирди. Алдыда кененирээк...Кыргызстандын тарыхы, айрымдар көрсөткүсү келгендей, саясий конъюнктурага жараша "Конституцияны кайра-кайра жазуу" тарыхы эмес. Бул туурасында Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев Баш мыйзамдын күнүнө карата куттуктоосунда айтканын парламенттин маалымат кызматы билдирди. "Кыргызстандын Конституциясы — элдин эркин, тарыхый тажрыйбасын жана келечекке болгон ишенимин чагылдырган өзгөчө маанилүү документ. Биздин милдет – анын талаптарын сактоо менен мыйзам үстөмдүгүн бекемдеп, мамлекеттик институттарды өнүктүрүп, жарандардын ишенимин арттыруу", — деди төрага. Ал Баш мыйзамдын түптөлүшү жана баскан жолу оңойго турбагандыгын эске салган. "Бул — изденүүнүн тарыхы. Мамлекеттин туруктуу моделин издөө. Эркиндик менен тартиптин, укук менен жоопкерчиликтин, коомдун күтүүлөрү менен мамлекеттин мүмкүнчүлүктөрүнүн ортосундагы тең салмактуулукту издөө. Бул изденүү оңойго турган жок. Ал ишеним кризистери, каталар жана кайра куралуулар аркылуу өттү. Бирок дал ушул себептен ал чыныгы, теориялык эмес, турмуштук сыноодон өткөн изденүү болду, — деди парламент спикери. Маматалиев Баш мыйзамды так сактоо менен гана жаркын келечекти курууга болорун кошумчалады. Эске салсак, бүгүн эгемен Кыргызстандын Конституциясынын кабыл алынгандыгына 33 жыл болду.
Кыргызстанда үч жашка чейинки балдарды колдоого багытталган жаңы «Бала ырысы» мамлекеттик жөлөк пулу киргизилгени жатат. Бул максатта Министрлер кабинети 3 миллиард 316 миллион сом бөлүүнү пландап, тиешелүү токтом долбоорун коомдук талкууга чыгарды. Долбоор Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкты ишке ашыруунун алкагында иштелип чыккан. Ага ылайык, 2026-жылдын 1-июлунан тарта өлкөдөгү үч жашка чейинки бардык балдарга ай сайын 1 200 сом өлчөмүндө жөлөк пул төлөнөт. Маанилүүсү — бул төлөм үй-бүлөнүн кирешесине карабастан берилет. Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети билдиргендей, учурда Кыргызстанда бул курактагы 445 миңге жакын бала бар. Белгилей кетсек, азыркы учурда «Үй-бүлөгө көмөк» жөлөк пулу 16 жашка чейинки балдары бар, бирок социалдык жактан муктаж деп табылган үй-бүлөлөргө гана берилет жана анын көлөмү да 1 200 сомду түзөт.
Кара-Балтадагы ресторандардын биринде бастырма урап, 19 жаштагы улан көз жумду. Бул туурасында Чүй облустук милициясынан кабарлашты. Кырсык 4-майда, болгон. Ал ошол жерде администратор болуп иштеген. Жамгырдан улам жайкы аянтчадагы тентке суу толуп, андан соң дубалга сиңип, анын кесепетинен дубал кулап, бул кайгылуу окуя болгон. Милициядан экспертиза дайындалганы кошумчалашты.
АКШ Бириккен араб эмирликтериндеги мунайдын аймагын өрттөгөн Бул тууралуу IRIB радиосу Тегерандагы аскердик маалымат булактарга таянып билдирди. “Иранда мунай объектилерине кол салуу планы болгон эмес. Окуя Ормуз кысыгына кемелерге жол ачуу максатында жөнөтүлгөн америкалык аскерлердин авантюристтик аракеттеринин кесепети. Бул окуя үчүн дал ошолор жооп бериши керек”, — деди ал. Буга чейин Эмирликтердин бийлиги Фужейрадагы мунай аймагына чабуулдарга Иранды айыптаган. Ал окуя нефтинин баасын кымбаттаткан.
Мекенибизде күндүзгү саат 3. Жаңылыктар топтому менен тааныштырып, микрофондо Элдияр Асылбеков. Алгач биз токтоло турган кабарлардан кыскача..."Бала ырысы" жөлөк пулуна 3 миллиард 316 миллион сом бөлүнотАКШ Бириккен араб эмирликтериндеги мунайдын аймагын өрттөгөн Жогорку Кеңештин төрагасы Баш мыйзамдын күнүнө карата куттуктоосунда Кыргызстандын тарыхы — мамлекеттин туруктуу моделин издөө экенин билдирди. Алдыда кененирээк...Кыргызстандын тарыхы, айрымдар көрсөткүсү келгендей, саясий конъюнктурага жараша "Конституцияны кайра-кайра жазуу" тарыхы эмес. Бул туурасында Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев Баш мыйзамдын күнүнө карата куттуктоосунда айтканын парламенттин маалымат кызматы билдирди. "Кыргызстандын Конституциясы — элдин эркин, тарыхый тажрыйбасын жана келечекке болгон ишенимин чагылдырган өзгөчө маанилүү документ. Биздин милдет – анын талаптарын сактоо менен мыйзам үстөмдүгүн бекемдеп, мамлекеттик институттарды өнүктүрүп, жарандардын ишенимин арттыруу", — деди төрага. Ал Баш мыйзамдын түптөлүшү жана баскан жолу оңойго турбагандыгын эске салган. "Бул — изденүүнүн тарыхы. Мамлекеттин туруктуу моделин издөө. Эркиндик менен тартиптин, укук менен жоопкерчиликтин, коомдун күтүүлөрү менен мамлекеттин мүмкүнчүлүктөрүнүн ортосундагы тең салмактуулукту издөө. Бул изденүү оңойго турган жок. Ал ишеним кризистери, каталар жана кайра куралуулар аркылуу өттү. Бирок дал ушул себептен ал чыныгы, теориялык эмес, турмуштук сыноодон өткөн изденүү болду, — деди парламент спикери. Маматалиев Баш мыйзамды так сактоо менен гана жаркын келечекти курууга болорун кошумчалады. Эске салсак, бүгүн эгемен Кыргызстандын Конституциясынын кабыл алынгандыгына 33 жыл болду. Кыргызстанда үч жашка чейинки балдарды колдоого багытталган жаңы «Бала ырысы» мамлекеттик жөлөк пулу киргизилгени жатат. Бул максатта Министрлер кабинети 3 миллиард 316 миллион сом бөлүүнү пландап, тиешелүү токтом долбоорун коомдук талкууга чыгарды. Долбоор Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкты ишке ашыруунун алкагында иштелип чыккан. Ага ылайык, 2026-жылдын 1-июлунан тарта өлкөдөгү үч жашка чейинки бардык балдарга ай сайын 1 200 сом өлчөмүндө жөлөк пул төлөнөт. Маанилүүсү — бул төлөм үй-бүлөнүн кирешесине карабастан берилет. Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети билдиргендей, учурда Кыргызстанда бул курактагы 445 миңге жакын бала бар. Белгилей кетсек, азыркы учурда «Үй-бүлөгө көмөк» жөлөк пулу 16 жашка чейинки балдары бар, бирок социалдык жактан муктаж деп табылган үй-бүлөлөргө гана берилет жана анын көлөмү да 1 200 сомду түзөт. Кара-Балтадагы ресторандардын биринде бастырма урап, 19 жаштагы улан көз жумду. Бул туурасында Чүй облустук милициясынан кабарлашты. Кырсык 4-майда, болгон. Ал ошол жерде администратор болуп иштеген. Жамгырдан улам жайкы аянтчадагы тентке суу толуп, андан соң дубалга сиңип, анын кесепетинен дубал кулап, бул кайгылуу окуя болгон. Милициядан экспертиза дайындалганы кошумчалашты.АКШ Бириккен араб эмирликтериндеги мунайдын аймагын өрттөгөн Бул тууралуу IRIB радиосу Тегерандагы аскердик маалымат булактарга таянып билдирди. “Иранда мунай объектилерине кол салуу планы болгон эмес. Окуя Ормуз кысыгына кемелерге жол ачуу максатында жөнөтүлгөн америкалык аскерлердин авантюристтик аракеттеринин кесепети. Бул окуя үчүн дал ошолор жооп бериши керек”, — деди ал. Буга чейин Эмирликтердин бийлиги Фужейрадагы мунай аймагына чабуулдарга Иранды айыптаган. Ал окуя нефтинин баасын кымбаттаткан.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/05/05/1101132983_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_43ab11022955e05f09eeb638f1cb11d1.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио