https://sputnik.kg/20260423/1100956819.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Sputnik Кыргызстан
Акыркы он жылдыкта Ысык-Көлдө суунун деңгээли дээрлик 14 метрге төмөндөп, ага куйган дарыялардын саны үч эседен ашык кыскарган. Бул тууралуу президент Садыр... 23.04.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-04-23T11:00+0600
2026-04-23T11:00+0600
2026-04-23T17:46+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/04/17/1100956653_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_31d3e82a7717cfa0862e9d540ea93d0c.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Sputnik Кыргызстан
Акыркы он жылдыкта Ысык-Көлдө суунун деңгээли дээрлик 14 метрге төмөндөп, ага куйган дарыялардын саны үч эседен ашык кыскарган. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Аралды сактап калуу эл аралык фондду (АСЭФ) негиздөөчү мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин жыйынында айтты. Бул тууралуу анын маалымат кызматы билдирди. Ал Кыргызстандын Аралды сактап калуу боюнча эл аралык фондуну реформалоо жаатындагы позициясы өзгөчө актуалдуу болуп турганын баса белгиледи. Астанада өткөн иш-чарага Кыргызстандын, Казакстандын, Өзбекстандын, Түркмөнстандын жана Тажикстандын президенттери Садыр Жапаров, Касым-Жоомарт Токаев, Шавкат Мирзиёев, Сердар Бердымухамедов, Эмомали Рахмон дагы катышкан. Кыргыз президенти анда чөлкөмдүн экологиялык коопсуздугу мамлекеттердин бул жааттагы аракеттерине, суу ресурстары тармагындагы кызматташтыгына түздөн-түз байланыштуу экенин айтты. Мамлекет башчы Тянь-Шань жана Памир тоолорундагы мөңгүлөрдүн эришине өзгөчө көңүл буруп, бул муздарды коргоо Фондунун ишмердүүлүгүнүн эң биринчи багыттарынын бири болушу керектигин белгиледи.
Нарын дарыясынын нугу бурула турганын энергетика министри Таалайбек Ибраев "Биринчи радиого" курган маегинде билдирди. Министрдин айтымында, бул иштер Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу үчүн керек. Ибраев суунун нугу бурулуп, ал жерге бийиктиги — 260 метр, туурасы — 700 метр болгон плотина куруларын түшүндүрдү. "Дарыянын нугун бурууга 1,5 жылдай убакыт керек. Каржылоо маселесин карап чыгуу боюнча Азия өнүктүрүү банкынын жетекчилигине кат жолдодук", — деп министр эфирде.
Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фондунун кызмат адамдары бюджеттик каражатты максатсыз пайдаланган деп шектелүүдө. Башкы прокуратура мамлекетке 90 миллион сомдук зыян келтирилгенин билдирди. Маалыматка ылайык, 2022-2024-жылдар аралыгында фонддун кызмат адамдары жеке менчик уюмдар менен туруктуу коррупциялык схема түзүп, кызмат көрсөтүү жана башка долбоорлорду ишке ашыруу боюнча жасалма келишимдерди түзүшкөн. Бирок аталган кызматтар жана долбоорлор иш жүзүндө аткарылган эмес. Аталган факт боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө уланууда.
Владимир Зеленский Украинада абадан коргонуу системаларынын дүрмөттөрү тартыш болушу мүмкүн деген билдирүүсүн айтты. Бул туурасында ал Нидерланддын Buitenhof телепрограммасына интервью берип жатканда кулак кагыш кылганын РИА Новости жазды. "Аз жиберип жатышат. Колдогу кор тез эле түгөнүп калышы ыктымал, бул чабуулдардын улам-улам жасалганына же жайлап калганына жараша болот", — деген ал. Зеленский мурдараак Европанын төлөнбөй калган траншынын айынан Patriot системаларына колдонулуучу ракеталар өз убагында жеткирилбей калды деп арыз-муңун айткан. Россия Украинага Батыштын курал-жарак берүүсү кырдаалды жөнгө салбастыгын жана НАТО өлкөлөрүн чатакка аралаштырып, "от менен ойноп" жатканын айтып келет. РФ ТИМинин жетекчиси Сергей Лавров Украинага делген жүктүн бардык түрү Россия үчүн мыйзамдуу бутага айланарын эскерткен. Кремль Батыштын Киевди курал-жарак менен жабдуусу орус-украин сүйлөшүүлөрүн улам артка тартып, натыйжасы жакшы болбой турганын бир нече ирет белгилеген.
Акыркы он жылдыкта Ысык-Көлдө суунун деңгээли дээрлик 14 метрге төмөндөп, ага куйган дарыялардын саны үч эседен ашык кыскарган. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Аралды сактап калуу эл аралык фондду (АСЭФ) негиздөөчү мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин жыйынында айтты. Бул тууралуу анын маалымат кызматы билдирди. Ал Кыргызстандын Аралды сактап калуу боюнча эл аралык фондуну реформалоо жаатындагы позициясы өзгөчө актуалдуу болуп турганын баса белгиледи. Астанада өткөн иш-чарага Кыргызстандын, Казакстандын, Өзбекстандын, Түркмөнстандын жана Тажикстандын президенттери Садыр Жапаров, Касым-Жоомарт Токаев, Шавкат Мирзиёев, Сердар Бердымухамедов, Эмомали Рахмон дагы катышкан. Кыргыз президенти анда чөлкөмдүн экологиялык коопсуздугу мамлекеттердин бул жааттагы аракеттерине, суу ресурстары тармагындагы кызматташтыгына түздөн-түз байланыштуу экенин айтты. Мамлекет башчы Тянь-Шань жана Памир тоолорундагы мөңгүлөрдүн эришине өзгөчө көңүл буруп, бул муздарды коргоо Фондунун ишмердүүлүгүнүн эң биринчи багыттарынын бири болушу керектигин белгиледи.Нарын дарыясынын нугу бурула турганын энергетика министри Таалайбек Ибраев "Биринчи радиого" курган маегинде билдирди. Министрдин айтымында, бул иштер Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу үчүн керек. Ибраев суунун нугу бурулуп, ал жерге бийиктиги — 260 метр, туурасы — 700 метр болгон плотина куруларын түшүндүрдү. "Дарыянын нугун бурууга 1,5 жылдай убакыт керек. Каржылоо маселесин карап чыгуу боюнча Азия өнүктүрүү банкынын жетекчилигине кат жолдодук", — деп министр эфирде.Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фондунун кызмат адамдары бюджеттик каражатты максатсыз пайдаланган деп шектелүүдө. Башкы прокуратура мамлекетке 90 миллион сомдук зыян келтирилгенин билдирди. Маалыматка ылайык, 2022-2024-жылдар аралыгында фонддун кызмат адамдары жеке менчик уюмдар менен туруктуу коррупциялык схема түзүп, кызмат көрсөтүү жана башка долбоорлорду ишке ашыруу боюнча жасалма келишимдерди түзүшкөн. Бирок аталган кызматтар жана долбоорлор иш жүзүндө аткарылган эмес. Аталган факт боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө уланууда.Владимир Зеленский Украинада абадан коргонуу системаларынын дүрмөттөрү тартыш болушу мүмкүн деген билдирүүсүн айтты. Бул туурасында ал Нидерланддын Buitenhof телепрограммасына интервью берип жатканда кулак кагыш кылганын РИА Новости жазды. "Аз жиберип жатышат. Колдогу кор тез эле түгөнүп калышы ыктымал, бул чабуулдардын улам-улам жасалганына же жайлап калганына жараша болот", — деген ал. Зеленский мурдараак Европанын төлөнбөй калган траншынын айынан Patriot системаларына колдонулуучу ракеталар өз убагында жеткирилбей калды деп арыз-муңун айткан. Россия Украинага Батыштын курал-жарак берүүсү кырдаалды жөнгө салбастыгын жана НАТО өлкөлөрүн чатакка аралаштырып, "от менен ойноп" жатканын айтып келет. РФ ТИМинин жетекчиси Сергей Лавров Украинага делген жүктүн бардык түрү Россия үчүн мыйзамдуу бутага айланарын эскерткен. Кремль Батыштын Киевди курал-жарак менен жабдуусу орус-украин сүйлөшүүлөрүн улам артка тартып, натыйжасы жакшы болбой турганын бир нече ирет белгилеген.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/04/17/1100956653_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_162a332b495251b63dae00eb01284aab.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио