00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
2 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:00
6 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:00
4 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:00
3 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
18:00
5 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Батыш Айдын топурагынын катмары тууралуу маалыматты СССРден сатып алган. Маек

© Sputnik / Григорий Сысоев / Медиабанкка өтүү"Луна 25" станциясынын учурулушу. Архив
Луна 25 станциясынын учурулушу. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.04.2026
Жазылуу
Акыркы жылдары илим менен технологиянын өнүгүшү адамзаттын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтип, космос мейкиндигин изилдөөгө жаңы жолдорду ачты.
Бул багытта совет мезгилинде да ири илимий иштер жүргүзүлүп, келечекке багытталган көптөгөн долбоорлор иштелип чыккан. Айрыкча, космостук объектилерди изилдөө үчүн жасалган атайын бургулоочу техника ошол доордун илимий потенциалын айкын көрсөтүп турат.
Өткөн кылымдын 70-жылдары Кыргызстан космостук изилдөөлөргө активдүү катышкан. Жаш окумуштуулар иштеп чыккан бургулоочу жабдуулар Айдын бетин автоматтык түрдө изилдөөгө мүмкүндүк берип, СССРге АКШ менен теңтайлашууга шарт түзгөн. Бул ыкма адамдын катышуусуз эле үлгүлөрдү алып келип изилдөөгө негизделген. Биз техника илимдеринин доктору, академик Мурат Жуматаев менен өлкөнүн космосту изилдөөгө кошкон салымы тууралуу маектештик.
— Айды космостук аппараттар аркылуу өздөштүрүү өткөн кылымдын 60-жылдарынын башында башталганы белгилүү. 1970-жылы Космостук изилдөөлөр институту түзүлөт. Биздин космосту изилдөөгө салымыбыз кандайча башталган?
— Экинчи дүйнөлүк согуш аяктагандан баштап эле космосто Советтер Союзу менен АКШ ортосунда атаандаштык башталган. Согуштан кийин сөзсүз илимде чоң секирик болот. СССРде мамлекет башында турган адамдардын илимге болгон мамилеси, көз карашы өтө жогору эле. Алгачкылардан болуп Юрий Гагарин "Восток" космос кемеси менен 1961-жылдын 12-апрелинде Байкоңурдан учуп, Жер планетасын толугу менен айланып чыкты. Ошол маалда өкмөт тарабынан космосту эле эмес, бүтүндөй планеталарды изилдөө тапшырмалары коюлган.
1970-жылдары Жерге эң жакын жайгашкан Ай изилдене баштайт. Айдын топурагы, атмосферасы, температурасын изилдөө керек эле. Анда Советтер Союзунун аскердик-өнөр жай комплексинде илим дагы, өндүрүш дагы бирдей жүргөн. 1960-жылдары Кыргызстанда тоо-кен өндүрүшү, көмүр, кен казуу иштери күчөгөн. Ошол мезгилде Фрунзедеги Илимдер академиясынын Автоматика институтуна Томск политехникалык институтунун тоо-кен машиналары кафедрасынын башчысы, академик, профессор Олег Алимов машина куруу тармагын өнүктүрүүгө көмөктөшүү үчүн чакырылган. Жаңы аппаратты түзүү үчүн инженерлер мурда кездешпеген көптөгөн маселелерди чечиши керек болгон. Биринчи кезекте таптакыр жаңы бургулоочу түзүлүш талап кылынган. Ал убакта Айга бир килограмм жүк жеткирүүгө миллион, миллиарддаган каражат сарпталган. Тобокелчилик өтө чоң эле, Москвадагы илимий институттар бул тапшырманы аткарууга даай алышкан эмес. Анын үстүнө тапшырма толук кандуу аткарылбаса жаза дагы күтүп турган. Ошентип бул миссияны коркпостон профессор Олег Алимов алган. Жогору жактан токтом чыгып, уруксат берилип, Илимий техникалык комитет тарабынан акча бөлүнгөн. Алимовдун тегерегинде окумуштуулар топтолуп, бургулоочу машиналарды изилдөө башталган.
— Окумуштуулар күткөндөй болдубу?
— Биринчи эксперименталдык бургулоочу машина эки ай өткөндөн кийин даяр болгон, үч жыл бою сыналып, өркүндөтүлгөн. Кыргызстанда аппаратты жасоочу ишкана жок эле. Бул абдан татаал иш болгондуктан Ташкенттеги завод тартылган. 1973-жылы жыйынтыктар заводго өткөрүп берилип, алар он стандарттуу бургулоочу машина чыгарган. Он үлгүнүн жетөө талкаланып кеткичекти сыноодон өткөн. Ошол учурда институтта бургулоочу машиналар өркүндөтүлүп жаткан эле. Кум, чопо, таш бургуланып, эксперименталдык сыноолор жүргөн. Ошентип, машина эмнени бургулап жатканын таанууга үйрөтүлгөн. Биринчи ирет "Луна-23" бургулоочу космос станциясы 1974-жылы Айга учурулуп, максатына жетпей калган. Айдын бети тегиз болбогондуктан станция конуу учурунда кулап, бургулоо жүргөн эмес. 1976-жылы августта "Луна-24" космос станциясы учурулуп, 2,25 метр тереңдикке чейин бургулап, узундугу 160 сантиметр, салмагы 170 грамм болгон кутуга кумдуу кыртыш топуракты алып келишкен. Станция Айдын бетинен ийгиликтүү учурулуп, контейнер Жерге кайтарылган. Бул советтик илимдин укмуштуудай жетишкендиги болгон.
Космосту изилдөөдө биз АКШдан ашып түштүк. Бул иштер СССРде АКШ менен дээрлик бир убакта башталган, бирок ыкмалары таптакыр башка эле. АКШда Айдын топурагын астронавттар аркылуу алуу пландалса, СССРде автоматтык бургулоочу аппараттар колдонулуп, алар адам катышпастан өз алдынча үлгү алып, кайра Жерге кайта алган. Мисалы, Американын "Аполлон" программасынын негизинде Айга космонавт кошо барып, бургулап жатканда жабдыгы иштебей калып, айланасындагы таштарды чогултуп алып келе берген. Айдын топурагынын катмарын эмнеден турары тууралуу маалыматты Советтер Союзунан алар сатып алышкан. Айдын топурагы, климаты, абасы, рельефи тууралуу жазылган чоң китеп чыккан.
Космосту изилдөөгө кошкон олуттуу салымы үчүн академик Алимов, космос программасына катышкан башка советтик окумуштуулар сыяктуу эле 1977-жылы СССРдин Мамлекеттик сыйлыгына ээ болгон. Лабораториянын директорлору Фролов менен Манжосов, изилдөөчү Кудрук орден-медалдар менен сыйланышкан. Бургулоочу машиналар лабораториясынын жаш адистери: Филипповский, Абдраимов, Мамасаидов, Еремянц жана Шевченко Кыргыз ССРинин Ленин комсомолу сыйлыгына ээ болушкан.
— Андан соң Кыргызстан мындай илимий-техникалык потенциалды натыйжалуу колдоно алдыбы?
— Кийинки жылдары Механика жана тоо-кен инженериясы кафедрасы Механикалык инженерия институту болуп түзүлгөн. Анда Айды бургулоо үчүн тереңдиги 10 метрге жеткен агрегаттарды иштеп чыгууга мүмкүнчүлүк жаралган. 1976-жылы мен студент элем. Академик Алимов Политехникалык институттун студенттерин илим-изилдөө тобуна топтогон. Биз лабораторияда жарым ставкада иштечүбүз. Ошол учурда бизге Айга, Галлей кометасына, Венерага жана Марска уча турган бургулоочу агрегаттарды иштеп чыгуу тапшырмасы берилген. Мен дипломдук ишимде Айдын бетин 10 метрге чейин бургулоочу агрегаттын конструкциясын иштеп чыгып, аны изилдегем. Кийинчерээк Марс үчүн да бургулоочу аппараттар иштелип чыккан. 1982-жылы академик Фролов жетектеген кыймылдаткычтар жана башкаруу системалары лабораториясы бургулоо жана топурак алуу түзүлүштөрүнүн жардамы менен Венеранын тоо тектеринин касиетин изилдөө үчүн "Венера-13" жана "Венера-14" илимий космостук эксперименттерди даярдап өткөрүүгө катышкан. Ал эми 1985-жылы бул лаборатория Венеранын бетин изилдөө үчүн уюштурулган "Вега-1" жана "Вега-2" эл аралык космостук миссияларына да активдүү катышкан. Тилекке каршы, Союздун кулашы менен бул иштеп чыгуулар толук ишке ашпай, көбүнчө план боюнча калып калган.
— Келечекте Кыргызстан астрономия илимине кайра кайтып келе алабы?
— Учурда дүйнө бардык тараптан ачык болуп, абал таптакыр өзгөрдү. Чет өлкөлүк окумуштуулар жана адистер менен биргеликте иштөө зарыл. Бирок азыр биздин өлкө космос ааламынан таптакыр алыс. 2025-жылы, 47 жылдык тыныгуудан кийин, Россия Айга болгон изилдөөлөрүн жандантып, "Луна-25" станциясы аркылуу анын үстүңкү катмарынын алгачкы сүрөттөрүн тартып алды. Ошол иш-чаранын алдында бизди да конференцияларга чакырышкан, шартка жараша онлайн катыштык. Азыр технология таптакыр башка деңгээлге чыкты. Спутниктик байланыш, жасалма интеллект сыяктуу мүмкүнчүлүктөр көп иштерди жеңилдетти. Биздин окумуштуулардын ар кандай багытта изилдөө жүргүзүүгө кызыгуусу жогору. Бирок Улуттук илимдер академиясынын алдында олуттуу көйгөйлөр турат. Биз өз аймагыбызды да толук кандуу изилдей албай жатабыз. Экономикага салым кошо турган техникалык тармактарда эң негизгиси — заманбап жабдуулар жана наноматериалдар менен иштей турган эксперименталдык база. Азыр макродүйнө изилденип бүттү, эми микродүйнөгө көңүл буруу маанилүү. Бул үчүн атомдук микроскоптор сыяктуу так аспаптар зарыл. Эгер техникалык базабыз жетишсиз болсо, нанотехнология тууралуу сөз кылуу да кыйын. 2020-жылы мен Улуттук илимдер академиясынын президенти болуп турган учурда өлкө башчысы Садыр Жапаров келип, биздин аткарган иштерибиз менен таанышкан. Жетишпеген нерсебизди сураганда мен айлык акы менен жаш кадрлардын жетишсиздигинен мурда аспаптык база керектигин айткам. Себеби база болсо окумуштуулар кызыгып иштеп, дүйнө көз алдына тартылат. Андай шартта биз өзүбүз эле долбоорлорду аткарып, каражат таба баштамакпыз. Президент окумуштуулардын көйгөйүн угуп, 500 миллион сом бөлүү боюнча чечим кабыл алган. Биз абдан кубанганбыз. Тиешелүү кат жөнөтүлүп, документ Финансы министрлигине да жеткен. Бирок ушул күнгө чейин жыйынтык жок. Министрлер кабинетинин мурдагы төрагасы Акылбек Жапаров бул иштерди аткара аларыбызды далилдөөнү талап кылган. Бирок колдо мүмкүнчүлүк болбосо кантип далилдейбиз? Учурдагы абалыбыз ушундай.
Луна-10 станциясы дүйнөдө биринчилерден болуп Айдын жасалма спутнигине айланган - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.04.2026
СССР учурган "Луна-10" станциясынын тарыхы
Жаңылыктар түрмөгү
0