https://sputnik.kg/20260317/kyrgyzstan-psikhika-ooru-zhabyrkayt-1100271245.html
Кыргызстанда канча адам психикалык оорулардан жабыркайт? Расмий маалымат
Кыргызстанда канча адам психикалык оорулардан жабыркайт? Расмий маалымат
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 17-мар. — Sputnik. Кыргызстанда психиатриялык илдет менен ооругандардын саны жыл сайын 10-11 пайызга өсүүдө. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан маалымат... 17.03.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-03-17T13:31+0600
2026-03-17T13:31+0600
2026-03-17T13:53+0600
кыргызстан
психиатр
оору
бейтап
деменция
депрессия
маалымат борбор
https://sputnik.kg/img/07e8/08/04/1087596593_0:123:1920:1203_1920x0_80_0_0_e38f04f4d37e7423a9ed0fe159b358aa.jpg
БИШКЕК, 17-мар. — Sputnik. Кыргызстанда психиатриялык илдет менен ооругандардын саны жыл сайын 10-11 пайызга өсүүдө. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан маалымат борборунда өткөн брифингде Саламаттык сактоо министрлигинин Медициналык жардамды уюштуруу жана дары-дармек саясаты башкармалыгынын алгачкы медициналык-санитардык жардам бөлүмүнүн башчысы Нургүл Ибраева билдирди. Ал Электрондук саламаттык сактоо борборунун маалыматтарына таянып ушул жылдын 1-январына карата психикалык жактан жабыркаган 50 миңден ашуун адам катталганын билдирди. Айтымында, жыл сайын болжол менен 3-4,5 миң бейтапка ушул диагноз коюлат. Ибраева өсүш 2021-жылдан бери байкалып жатканын белгиледи. №6 Үй-бүлөлүк медицина борборунун психиатры Борис Ли психикасы жабыркаган учурда адамда диагностикалык критерийлерге туура келген белгилер пайда болорун айтты. Мындай учурда дарылоо талап кылынат. Адистин айтымында, депрессиялык абал жана тынчсыздануу көбүнчө жаштар жана орто жаштагы адамдар арасында кездешет. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун 2022-жылдагы маалыматына ылайык, өспүрүмдөрдүн 33 пайыздан ашыгы жыл ичинде эки жумадан ашык убакыт бою дээрлик күн сайын терең кайгыга чөккөн же үмүтү өчкөн абалды башынан өткөргөн. Ал эми 15 жаштагы кыздар арасында бул көрсөткүч 47 пайызга жеткен. Улгайган адамдарда көбүнчө когнитивдик бузулуулар жана деменция басымдуулук кылат. "Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматына ылайык, Кыргызстан калкынын болжол менен 11 пайызы психикалык дарттан жабыркайт. Ошол эле учурда медициналык жардам алып, дарыланууга кайрылгандардын арасында эркектер аялдарга караганда бир аз көбүрөөк. Жалпысынан мындай бузулууларга чалдыккан адамдардын болгону бештен бири гана жардам сурап кайрылат", — деди Ли.
https://sputnik.kg/20260206/archalyda-baldarga-reabilitatsiyalyk-shaarcha-kurulat-1099565789.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e8/08/04/1087596593_207:0:1920:1285_1920x0_80_0_0_4421af94bb5ac34a7096f7a08703dda6.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, психиатр, оору, бейтап, деменция, депрессия
кыргызстан, психиатр, оору, бейтап, деменция, депрессия
БИШКЕК, 17-мар. — Sputnik. Кыргызстанда психиатриялык илдет менен ооругандардын саны жыл сайын 10-11 пайызга өсүүдө. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан маалымат борборунда өткөн брифингде Саламаттык сактоо министрлигинин Медициналык жардамды уюштуруу жана дары-дармек саясаты башкармалыгынын алгачкы медициналык-санитардык жардам бөлүмүнүн башчысы Нургүл Ибраева билдирди.
Ал Электрондук саламаттык сактоо борборунун маалыматтарына таянып ушул жылдын 1-январына карата психикалык жактан жабыркаган 50 миңден ашуун адам катталганын билдирди. Айтымында, жыл сайын болжол менен 3-4,5 миң бейтапка ушул диагноз коюлат.
Ибраева өсүш 2021-жылдан бери байкалып жатканын белгиледи.
№6 Үй-бүлөлүк медицина борборунун психиатры Борис Ли психикасы жабыркаган учурда адамда диагностикалык критерийлерге туура келген белгилер пайда болорун айтты. Мындай учурда дарылоо талап кылынат.
"Көбүнчө бейтаптарда депрессия жана тынчсыздануу аныкталат. Мындай абал маанайдын түшүшү, адаттагы иш-аракеттерге болгон кызыгуунун жоголушу, алсыроо жана социалдык активдүүлүктүн төмөндөшү менен коштолот. Белгилердин жыйындысы психопатологиялык синдромду түзөт, ал эми синдромдордун жыйындысы белгилүү бир психикалык ооруну жаратат", — деди ал.
Адистин айтымында, депрессиялык абал жана тынчсыздануу көбүнчө жаштар жана орто жаштагы адамдар арасында кездешет. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун 2022-жылдагы маалыматына ылайык, өспүрүмдөрдүн 33 пайыздан ашыгы жыл ичинде эки жумадан ашык убакыт бою дээрлик күн сайын терең кайгыга чөккөн же үмүтү өчкөн абалды башынан өткөргөн. Ал эми 15 жаштагы кыздар арасында бул көрсөткүч 47 пайызга жеткен.
Улгайган адамдарда көбүнчө когнитивдик бузулуулар жана деменция басымдуулук кылат.
"Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматына ылайык, Кыргызстан калкынын болжол менен 11 пайызы психикалык дарттан жабыркайт. Ошол эле учурда медициналык жардам алып, дарыланууга кайрылгандардын арасында эркектер аялдарга караганда бир аз көбүрөөк. Жалпысынан мындай бузулууларга чалдыккан адамдардын болгону бештен бири гана жардам сурап кайрылат", — деди Ли.