https://sputnik.kg/20260228/1099994460.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Sputnik Кыргызстан
Саламаттык сактоого багытталган жалпы консолидацияланган бюджеттин көлөмү 2025-жылы 51,9 млрд сомго чейин көбөйдү. Бул тууралуу республикалык кеңешмеде... 28.02.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-02-28T14:59+0600
2026-02-28T14:59+0600
2026-02-28T15:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/02/1c/1099994294_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_06e372d31339ed61babf97d608b3b10d.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Sputnik Кыргызстан
Саламаттык сактоого багытталган жалпы консолидацияланган бюджеттин көлөмү 2025-жылы 51,9 млрд сомго чейин көбөйдү. Бул тууралуу республикалык кеңешмеде министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов билдирди. Анын айтымында, бюджет 2021-жылдагы 26,3 млрд сомду түзүп, былтыркы жылы эки эсеге көбөйгөн. “Жыл ичинде 10 саламаттык сактоо объектиси курулуп бүтсө, 2021–2025-жылдары жалпы 21 объект курулду, дагы 32 ири обьектинин курулушу жүрүп жатат”,-деди орун басар. Ошондой эле 2025-жылы эле аймактарда иштеген дарыгерлерге кошумча төлөө үчүн республикалык бюджеттен дээрлик 1 миллиард сом бөлүнгөн. 2024-жылы 24 жана 2025-жылы 26 трансплантациясы жасалды, анын ичинде бөйрөк, боор жана жилик чучугун алмаштыруу. Кымбат баалуу дары-дармектерди жана медициналык буюмдарды сатып алууга бөлүнгөн каражат 2021-жылга караганда 14 эсеге өскөн.
Учурда 25 шаарда жана 601 айылда суу системалары курулууда. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков республикалык кеңешмеде айтты. Министрдин маалыматына караганда, келерки жылдын аягына чейин дагы 70 айылды жана 3 шаарды таза суу менен камсыз кылуу пландалууда. Министр белгилегендей, суу ресурстарын системалуу өнүктүрүү — өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун жана калктын жашоо сапатын жогорулатуунун негизи. Белгилей кетсек, "Ынтымак ордодо" президент Садыр Жапаровдун катышуусунда 2025-жылдын жыйынтыгын чыгарган республикалык кеңешме өттү.
27-февралга карата 200 миң 677 адам "Түндүк" мобилдик тиркемеси аркылуу кредит алууга өзүнө-өзү тыюу салды. Бул тууралуу Улуттук банктан билдиришти. Белгилей кетсек, бул механизм насыяга байланыштуу алдамчылыктын алдын алуу максатында 2025-жылдын 1-ноябрынан тарта иштей баштаган. Насыя алууга өзүнө-өзү тыюу салуу деген эмне? "Өзүнө-өзү тыюу салуу" – бул жаран үчүн каржы-насыялык уюмдарда анын атына насыя жана займдарды жол-жоболоштуруу мүмкүнчүлүгүн алдын ала өз ыктыяры менен чектөөчү акысыз кызмат.
Ош шаарында 1-марттан 31-майга чейин жазгы үч айлык жарыяланды. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Маалыматка ылайык, анын алкагында шаардын калктуу конуштарынын сырткы көрүнүшүн жакшыртуу, аймактарын көрктөндүрүү, экологиялык жана санитардык абалын талаптагыдай деңгээлде кармоо, жашыл бак-дарактардын аянтын кеңейтүү, калкты жана аймактарды жаратылыш кырсыктарынан коргоо талаптары коюлду. Жыйында мэрдин орун басары Эрнис Толтоев тиешелүү тармактарды жазгы үч айлыкка алдын ала даярдыкта, активдүү катышууга чакырып, жогорку деңгээлде иш алып баруу тапшырмасын берди. Белгилей кетсек, Ош шаарын жашыл шаарга айландыруу калаа башчысы Жанарбек Акаевдин да негизги приоритеттүү багыттарынын бири.
Саламаттык сактоого багытталган жалпы консолидацияланган бюджеттин көлөмү 2025-жылы 51,9 млрд сомго чейин көбөйдү. Бул тууралуу республикалык кеңешмеде министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов билдирди. Анын айтымында, бюджет 2021-жылдагы 26,3 млрд сомду түзүп, былтыркы жылы эки эсеге көбөйгөн. “Жыл ичинде 10 саламаттык сактоо объектиси курулуп бүтсө, 2021–2025-жылдары жалпы 21 объект курулду, дагы 32 ири обьектинин курулушу жүрүп жатат”,-деди орун басар. Ошондой эле 2025-жылы эле аймактарда иштеген дарыгерлерге кошумча төлөө үчүн республикалык бюджеттен дээрлик 1 миллиард сом бөлүнгөн. 2024-жылы 24 жана 2025-жылы 26 трансплантациясы жасалды, анын ичинде бөйрөк, боор жана жилик чучугун алмаштыруу. Кымбат баалуу дары-дармектерди жана медициналык буюмдарды сатып алууга бөлүнгөн каражат 2021-жылга караганда 14 эсеге өскөн.Учурда 25 шаарда жана 601 айылда суу системалары курулууда. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков республикалык кеңешмеде айтты. Министрдин маалыматына караганда, келерки жылдын аягына чейин дагы 70 айылды жана 3 шаарды таза суу менен камсыз кылуу пландалууда. Министр белгилегендей, суу ресурстарын системалуу өнүктүрүү — өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун жана калктын жашоо сапатын жогорулатуунун негизи. Белгилей кетсек, "Ынтымак ордодо" президент Садыр Жапаровдун катышуусунда 2025-жылдын жыйынтыгын чыгарган республикалык кеңешме өттү.27-февралга карата 200 миң 677 адам "Түндүк" мобилдик тиркемеси аркылуу кредит алууга өзүнө-өзү тыюу салды. Бул тууралуу Улуттук банктан билдиришти. Белгилей кетсек, бул механизм насыяга байланыштуу алдамчылыктын алдын алуу максатында 2025-жылдын 1-ноябрынан тарта иштей баштаган. Насыя алууга өзүнө-өзү тыюу салуу деген эмне? "Өзүнө-өзү тыюу салуу" – бул жаран үчүн каржы-насыялык уюмдарда анын атына насыя жана займдарды жол-жоболоштуруу мүмкүнчүлүгүн алдын ала өз ыктыяры менен чектөөчү акысыз кызмат.Ош шаарында 1-марттан 31-майга чейин жазгы үч айлык жарыяланды. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Маалыматка ылайык, анын алкагында шаардын калктуу конуштарынын сырткы көрүнүшүн жакшыртуу, аймактарын көрктөндүрүү, экологиялык жана санитардык абалын талаптагыдай деңгээлде кармоо, жашыл бак-дарактардын аянтын кеңейтүү, калкты жана аймактарды жаратылыш кырсыктарынан коргоо талаптары коюлду. Жыйында мэрдин орун басары Эрнис Толтоев тиешелүү тармактарды жазгы үч айлыкка алдын ала даярдыкта, активдүү катышууга чакырып, жогорку деңгээлде иш алып баруу тапшырмасын берди. Белгилей кетсек, Ош шаарын жашыл шаарга айландыруу калаа башчысы Жанарбек Акаевдин да негизги приоритеттүү багыттарынын бири.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/02/1c/1099994294_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_1f371ce48537bc49abf2a545ff583b3c.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио