https://sputnik.kg/20260110/tuyak-aziz-saliyevdin-omuru-1098952381.html
"Сынган кылычтын" чыгышына себеп болгон Азиз Салиев. Окумуштууну эскерүү
"Сынган кылычтын" чыгышына себеп болгон Азиз Салиев. Окумуштууну эскерүү
Sputnik Кыргызстан
Азиз Салиев — ой, ой чабыт тууралуу Аристотель, Гегель, Канттын агымын изилдеген залкар окумуштуу. 2025-жылы анын 100 жылдыгы илимий чөйрөдө белгиленди... 10.01.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-01-10T20:14+0600
2026-01-10T20:14+0600
2026-01-10T20:14+0600
кыргызстан
туяк
азиз салиев
философ
окумуштуу
академик
нур саралаев
кадыркул карабукаев
өскөнбай козубаев
https://sputnik.kg/img/07e9/0c/1f/1098952779_0:14:800:464_1920x0_80_0_0_75f01ae069e5b01fc4d1409d975d27ce.jpg
Азиз Салиев — ой, ой чабыт тууралуу Аристотель, Гегель, Канттын агымын изилдеген залкар окумуштуу. 2025-жылы анын 100 жылдыгы илимий чөйрөдө белгиленди. Академиктин ишмердиги философиялык ой жүгүртүүнүн заманбап багыттарын изилдөөгө, коомдун интеллектуалдык өнүгүүсүнө таасир эткен теориялык маселелерди талдоого багытталган. Sputnik Кыргызстан радиосунун "Туяк" программасында Улуттук илимдер академиясынын Философия институтунун директору, философия илимдеринин доктору, профессор Нур Саралаев, философия илимдеринин доктору, профессор Кадыркул Карабукаев жана философия илимдеринин доктору Өскөнбай Козубаев мейманда болду. Биз академик Азиз Салиевди эскердик. — Азиз Салиевдин өмүрүнө сереп салсак, айрым урунттуу учурларга бөлүнөт экен. Эрте билим алып, турмушка да эрте аралашып калыптыр... Нур Саралаев: — Алтымышбаев атындагы институт Азиз Салиевдин 100 жылдыгын белгиледи. Бул киши кыргыз илимине, Улуттук илимдер академиясынын калыптанышына, уюштуруу иштерине активдүү катышкан. Окумуштуу, философ Азиз Салиев бир канча жыл азыркы Алтымышбаев атындагы Философия институтун жетектеген. Жаш кезинде согушка кетип, андан кийин Москвада билим алып, 1953-жылдан баштап кыргыз илимине аралашкан аттын кашкасындай таанымал окумуштуу, белгилүү инсан эле. 1955-жылдары Жазуучулар союзунун башчылыгын аркалап, СССР Жогорку Советинин депутаты болуп, Кыргыз улуттук илимдер академиясынын уюштурулушуна чоң салым кошкон. Андан кийин биздин институтта директор, 1993-жылы академиянын академиги болду. 1997-жылдан 2002-жылга чейин вице-президенттик милдетти аткарган. Агай философия менен искусствону чогуу алып жүрчү. Чыгармачылыгынын күч алган убагы 1970-жылдарга туура келет. Ушул жылдары "Что такое мысль?", "Разум и время", "Мышления как система" эмгегин, ошондой философия менен психологиянын контекстинде "Человеческая психология и искусство" деген китеп жазган. Андан кийин "Учения о мысли" деген китеби чыккан. Ал ойдун калыптанышын, пайда болушун, ой кантип тышкы дүйнөнү кабыл аларын, сөз, символ деген эмне экенин жана ой менен аң-сезимдин айырмасын түп-тамырынан изилдеп караган киши. Москвада окуп жүргөндө орустардын менмендеген мыкты философ окумуштуулары менен байланышта болгон. Исхак Раззаковдун сунушу менен Жазуучулар союзунда да катчы болуп иштеген. Аты гана Азиз болбостон, өзү да азиз эле. Себеби согуштан контузия алып, ошондон улам кийин көрбөй калган. Бирок анын дүйнөнү кандай кабыл алганы кызык. Бул кишинин эмгектерин дүйнөлүк философиянын корифейлеринин эмгектери менен салыштырса болот. Ой маселеси философия пайда болгондон бери эле талаштуу эмеспи. Агайдын "Адам эртең менен турганда ой менен туруп, кечинде ой менен жатат" деген сөзүндө чоң маани бар. — Ар тараптуу адис экен да... Өскөнбай Козубаев: — Дүйнөлүк философия чексиз океандай. Ошол океанда сүзүп жүргөн илимпоздордун бири — академик Азиз Салиев. Бул киши Көлдүн Тоң районунда туулган. 17 жашында согушка кеткен. Алгач Термездеги үч айлык командирлик курста окуп, аны бүтө калып, 1942-жылы минометтук взводдун командири иретинде согушка кирет. Орус тилин жакшы билген. 1943-жылы Будапештти бошотууда башынан жаракат алат. Согуштан келгенден кийин 9 ай дарыланып жатыптыр. Ага чейин Кыргыз педагогикалык окуу жайында окуган. Майыптыгын алып келгенден кийин ошол окуусун артыкчылык менен бүтүрүп, 1948-жылы Москвага аспирантурага кеткен. Үч жылдан кийин "Советтик кыргыз улутунун калыптанышы" деген темада кандидаттык ишин жазган. Ал эми кийинки иштери философиянын көөнө классикалык темаларына багытталат. Аристотель ой жүгүртүүнүн мыйзамдарын аныктап, окуунун өзөгүн ачып берген. Орто кылымда Аль-Фараби аң-сезим, ой чабыт маселесинин, лингво-лингвистикалык жагын баштаган ойчул. Андан бери келгенде, идеалисттик классикалык немец философиясынын негизин түзгөн — Кант. 1981-жылы Канттын "Таза акыл-эстин сыны" деген аталыштагы 11 жыл жазган китеби чыккан. Бул багытта кийин Гегель чыкты. Ал эми кыргыз философиясында бул темага тиш салган илимпоздордон Азиз Салиев эле болуш керек. Мен бул кишини 1976-жылдан бери билем. Тынбай отуруп иштечү. Чарчаганда коридордо мени колтуктап алып, ары-бери басчу эле. Ошол кезде жанына шакирт алып, окутуп баштаган экен. Алардын бири Алымбек Асанбаев "Түшүнүк түшүнүгүнүн философиясы" деген темада докторлук ишин жазып, жактаарына эки жума калганда өтүп кетти. Экинчи окуучусу Марс Сариев болчу. Азиз Салиев музыканы жакшы көрчү. Кабинетине коюп алып, чарчаганда угуп эс алар эле. Айрыкча өзү көрүп калган Дмитрий Шостаковичти катуу мактачу. Бетховен менен Салиевдин тагдырында окшоштук бар, Бетховен өзүнүн 3, 7 жана 9-симфонияларын укпай калганда жазыптыр. Бул чоң трагедия да. Ал эми Салиев дагы мыкты эмгектерин көрбөй калганда акылдын күчү менен жазды. Бул темага азыр бизде батынып кирген философ жок. Салиев улгайганда Тоңдун бир мектебинде музыканы окутуу боюнча эксперименттерди өткөрүп жүрдү. Бул Союзда чоң колдоого татыды. Салиевди философ катары гана карап койсок, аны өтө чектеп койгон болобуз. Биринчиден, ал гуманитардык окумуштуу. Экинчиден, жазуучу, сынчы, психолог, логик. Ушундай жалпы комплексти алып жүргөн киши. Москвадагы илимий жетекчиси чоң философ окумуштуу, мамлекеттик ишмер Дмитрий Чесноков болгон. Салиевди алып калууга аябай аракет кылышкан экен. Азиз Салиевди учурдун Сократындай эле кабылдачубуз. — Дүйнөлүк дөө-шаалар негиздеген илимий багытка коркпой баш баккан академик Азиз Салиевдин 100 жылдыгы белгиленди. Кандай иштер аткарылуудат? Кадыркул Карабукаев: — Бул абдан эрктүү киши болгон экен. Убагында Чыңгыз Айтматовду бийикке чыгарган адамдардын бири. Бул тууралуу Айтматов дагы "бул киши мени эки жылдык окууга жибербесе, ушундай жазуучу боло алат белем" деп жазганы бар. Жазуучулар союзунда да бир топ жакшы иштерди жасаган. Төлөгөн Касымбековдун басмада эки жыл жаткан "Сынган кылыч" романы да агайдын сунушу менен жарыкка чыккан. Эл артисти Роберт Уразгелдиев "Азиз Салиевдин аркасы менен доктордук ишимди бүтүрдүм" деп жазган. Агайдын жарыгы көп адамга тийди. Ал эми эксперимент мектепти өзү туулуп-өскөн айылында жана Ак-Суу районунун Кереге-Таш айылында ачкан экен. Танапис учурунда классикалык музыкаларды коюп, ойдун, ой чабыттын өзгөрүшүн аныктаган. Мен агай менен беш жыл иштештим. "Камбаркан" этнографиялык ансамблинин музыкасын изилдегендердин бири болгон. Бул киши чоң сынчы болгондуктан баары аны менен эсептешип турар эле. Салиевдин 100 жылдыгын жок дегенде илимий чөйрөдө белгилөө максатында жалпы философтор чогулуп эскердик. Илимий конференция өттү. — Эмгеги убагында бааландыбы? К.К.: — Ооба, убагында Манас ордени жана эки жолу Ардак белгиси менен сыйланды. Согуштан да алган медаль, ордендери бар. Ө.К: — Бул киши атайын докторлукту жактаган жок. Ар бир китеби он докторлукка татыйт. Кандидат, академик болгон жалгыз ушул Азиз Салиев. Н.С.: — Мен 1993-жылдан 1996-жылга чейин академияда иштеп калдым. 1995-жылы биздин мурунку директор, академик Осмон Тогузаков мени Азиз Абдыкасымовичке ээрчитип барып, "бүгүндөн баштап кечинде ушул жигит сизди үйүңүзгө алып барат" деди. Кечинде бешке беш мүнөт калганда бардым, ошондо агай колу менен саатынын жебесин кармалап көрүп, "сен кандай баласың. Саат бешке беш мүнөт калган экен. Бар, дагы беш мүнөттөн кийин келесиң" деди. Чыгып кеттим. Кошуна кабинетте элем, беш мүнөт өтүп кайра келдим. Келсем, агай даяр экен. Эшикке чыктык, Илимдер академиясынын алдындагы аялдамага агайды жетелеп баратам. Дайыма сол жагында жүрчү элем, бир убакта мени капталга бир койду да, "мени каякка алып баратасың" деди. "Агай, аялдамага, троллейбуска түшпөйбүзбү" десем, "бар, жогол. Чакыр Тогузаковду" деди. "Анда эмне кылабыз?" десем, жолду түшүндүрүп берди. Ошону менен жетелеп алып келдим, короосуна жеткенде "бар, кете бер" деп койду. 1,5 жыл чогуу жүрдүм. Бул киши менен философия, кыргыз интеллигенциясы тууралуу көп сүйлөшкөнбүз. Теоретик гана эмес, практик да эле. Тоңдогу мектепке ысымы ыйгарылган. "Кыргыз искусствосу" деген эки жолу басылып чыккан китеби азыркыга чейин пайдаланылат. Ал эми агайдын ойго карата берген аныктамасы дүйнөлүк корифейлерден бир аз айырмаланат. — Агайды кырс адам болчу деп мүнөздөдүңүздөр. Достору кимдер эле? Ө.К.: — Өзү да, достору да фронтчулар эле... Ошол кездеги мамлекеттин жетекчилери эсептешип турушчу. Бир окуясына өзүм да күбө болгом. Той өткөрүү жана сөөктү жерге берүү боюнча эки китеп жазды. Жетекчилик менен макулдашылган окшойт. Бир ирет кабинетинде Абсамат Масалиевге чалып, "мына, китептер чыкты" деп айткан эле. Кийин Аскар Акаевге чалып кадимкидей эле көрсөтмө берип койгонун көргөм. Бул жагынан алганда кандан, бектен кайра тартпаган киши болгон. Өтө жөнөкөй киши эле. Муктар Ауэзов, Саякбай Каралаев жана биздин залкар акындарыбыз тууралуу көп айтып берчү. Академияда Азиз Нарынбаев экөө жакын достордон эле. Экөө тең согуштун залакасын тартышкан.
https://sputnik.kg/20251129/aziz-saliyev-tuuraluu-faktylar-1098108994.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Нурайым Рысмамбетова
https://sputnik.kg/img/07e7/02/08/1072723228_634:137:847:350_100x100_80_0_0_47f290b43cbec9e6c1b1dd64bcedc9c3.jpg
Нурайым Рысмамбетова
https://sputnik.kg/img/07e7/02/08/1072723228_634:137:847:350_100x100_80_0_0_47f290b43cbec9e6c1b1dd64bcedc9c3.jpg
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/0c/1f/1098952779_43:0:800:568_1920x0_80_0_0_ee84eea7645fca99d1cdf86da81a46d8.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Нурайым Рысмамбетова
https://sputnik.kg/img/07e7/02/08/1072723228_634:137:847:350_100x100_80_0_0_47f290b43cbec9e6c1b1dd64bcedc9c3.jpg
кыргызстан, туяк, азиз салиев, философ, окумуштуу, академик, нур саралаев, кадыркул карабукаев, өскөнбай козубаев
кыргызстан, туяк, азиз салиев, философ, окумуштуу, академик, нур саралаев, кадыркул карабукаев, өскөнбай козубаев
Азиз Салиев — ой, ой чабыт тууралуу Аристотель, Гегель, Канттын агымын изилдеген залкар окумуштуу. 2025-жылы анын 100 жылдыгы илимий чөйрөдө белгиленди. Академиктин ишмердиги философиялык ой жүгүртүүнүн заманбап багыттарын изилдөөгө, коомдун интеллектуалдык өнүгүүсүнө таасир эткен теориялык маселелерди талдоого багытталган.
Sputnik Кыргызстан радиосунун "Туяк" программасында Улуттук илимдер академиясынын Философия институтунун директору, философия илимдеринин доктору, профессор Нур Саралаев, философия илимдеринин доктору, профессор Кадыркул Карабукаев жана философия илимдеринин доктору Өскөнбай Козубаев мейманда болду. Биз академик Азиз Салиевди эскердик.
— Азиз Салиевдин өмүрүнө сереп салсак, айрым урунттуу учурларга бөлүнөт экен. Эрте билим алып, турмушка да эрте аралашып калыптыр...
Нур Саралаев: — Алтымышбаев атындагы институт Азиз Салиевдин 100 жылдыгын белгиледи. Бул киши кыргыз илимине, Улуттук илимдер академиясынын калыптанышына, уюштуруу иштерине активдүү катышкан. Окумуштуу, философ Азиз Салиев бир канча жыл азыркы Алтымышбаев атындагы Философия институтун жетектеген. Жаш кезинде согушка кетип, андан кийин Москвада билим алып, 1953-жылдан баштап кыргыз илимине аралашкан аттын кашкасындай таанымал окумуштуу, белгилүү инсан эле. 1955-жылдары Жазуучулар союзунун башчылыгын аркалап, СССР Жогорку Советинин депутаты болуп, Кыргыз улуттук илимдер академиясынын уюштурулушуна чоң салым кошкон. Андан кийин биздин институтта директор, 1993-жылы академиянын академиги болду. 1997-жылдан 2002-жылга чейин вице-президенттик милдетти аткарган.
Агай философия менен искусствону чогуу алып жүрчү. Чыгармачылыгынын күч алган убагы 1970-жылдарга туура келет. Ушул жылдары "Что такое мысль?", "Разум и время", "Мышления как система" эмгегин, ошондой философия менен психологиянын контекстинде "Человеческая психология и искусство" деген китеп жазган. Андан кийин "Учения о мысли" деген китеби чыккан. Ал ойдун калыптанышын, пайда болушун, ой кантип тышкы дүйнөнү кабыл аларын, сөз, символ деген эмне экенин жана ой менен аң-сезимдин айырмасын түп-тамырынан изилдеп караган киши. Москвада окуп жүргөндө орустардын менмендеген мыкты философ окумуштуулары менен байланышта болгон. Исхак Раззаковдун сунушу менен Жазуучулар союзунда да катчы болуп иштеген.
Аты гана Азиз болбостон, өзү да азиз эле. Себеби согуштан контузия алып, ошондон улам кийин көрбөй калган. Бирок анын дүйнөнү кандай кабыл алганы кызык. Бул кишинин эмгектерин дүйнөлүк философиянын корифейлеринин эмгектери менен салыштырса болот. Ой маселеси философия пайда болгондон бери эле талаштуу эмеспи. Агайдын "Адам эртең менен турганда ой менен туруп, кечинде ой менен жатат" деген сөзүндө чоң маани бар.
— Ар тараптуу адис экен да...
Өскөнбай Козубаев: — Дүйнөлүк философия чексиз океандай. Ошол океанда сүзүп жүргөн илимпоздордун бири — академик Азиз Салиев. Бул киши Көлдүн Тоң районунда туулган. 17 жашында согушка кеткен. Алгач Термездеги үч айлык командирлик курста окуп, аны бүтө калып, 1942-жылы минометтук взводдун командири иретинде согушка кирет. Орус тилин жакшы билген. 1943-жылы Будапештти бошотууда башынан жаракат алат. Согуштан келгенден кийин 9 ай дарыланып жатыптыр. Ага чейин Кыргыз педагогикалык окуу жайында окуган. Майыптыгын алып келгенден кийин ошол окуусун артыкчылык менен бүтүрүп, 1948-жылы Москвага аспирантурага кеткен. Үч жылдан кийин "Советтик кыргыз улутунун калыптанышы" деген темада кандидаттык ишин жазган. Ал эми кийинки иштери философиянын көөнө классикалык темаларына багытталат. Аристотель ой жүгүртүүнүн мыйзамдарын аныктап, окуунун өзөгүн ачып берген. Орто кылымда Аль-Фараби аң-сезим, ой чабыт маселесинин, лингво-лингвистикалык жагын баштаган ойчул. Андан бери келгенде, идеалисттик классикалык немец философиясынын негизин түзгөн — Кант. 1981-жылы Канттын "Таза акыл-эстин сыны" деген аталыштагы 11 жыл жазган китеби чыккан. Бул багытта кийин Гегель чыкты. Ал эми кыргыз философиясында бул темага тиш салган илимпоздордон Азиз Салиев эле болуш керек. Мен бул кишини 1976-жылдан бери билем. Тынбай отуруп иштечү. Чарчаганда коридордо мени колтуктап алып, ары-бери басчу эле. Ошол кезде жанына шакирт алып, окутуп баштаган экен. Алардын бири Алымбек Асанбаев "Түшүнүк түшүнүгүнүн философиясы" деген темада докторлук ишин жазып, жактаарына эки жума калганда өтүп кетти. Экинчи окуучусу Марс Сариев болчу.
Азиз Салиев музыканы жакшы көрчү. Кабинетине коюп алып, чарчаганда угуп эс алар эле. Айрыкча өзү көрүп калган Дмитрий Шостаковичти катуу мактачу. Бетховен менен Салиевдин тагдырында окшоштук бар, Бетховен өзүнүн 3, 7 жана 9-симфонияларын укпай калганда жазыптыр. Бул чоң трагедия да. Ал эми Салиев дагы мыкты эмгектерин көрбөй калганда акылдын күчү менен жазды. Бул темага азыр бизде батынып кирген философ жок. Салиев улгайганда Тоңдун бир мектебинде музыканы окутуу боюнча эксперименттерди өткөрүп жүрдү. Бул Союзда чоң колдоого татыды. Салиевди философ катары гана карап койсок, аны өтө чектеп койгон болобуз. Биринчиден, ал гуманитардык окумуштуу. Экинчиден, жазуучу, сынчы, психолог, логик. Ушундай жалпы комплексти алып жүргөн киши. Москвадагы илимий жетекчиси чоң философ окумуштуу, мамлекеттик ишмер Дмитрий Чесноков болгон. Салиевди алып калууга аябай аракет кылышкан экен. Азиз Салиевди учурдун Сократындай эле кабылдачубуз.
— Дүйнөлүк дөө-шаалар негиздеген илимий багытка коркпой баш баккан академик Азиз Салиевдин 100 жылдыгы белгиленди. Кандай иштер аткарылуудат?
Кадыркул Карабукаев: — Бул абдан эрктүү киши болгон экен. Убагында Чыңгыз Айтматовду бийикке чыгарган адамдардын бири. Бул тууралуу Айтматов дагы "бул киши мени эки жылдык окууга жибербесе, ушундай жазуучу боло алат белем" деп жазганы бар. Жазуучулар союзунда да бир топ жакшы иштерди жасаган. Төлөгөн Касымбековдун басмада эки жыл жаткан "Сынган кылыч" романы да агайдын сунушу менен жарыкка чыккан. Эл артисти Роберт Уразгелдиев "Азиз Салиевдин аркасы менен доктордук ишимди бүтүрдүм" деп жазган. Агайдын жарыгы көп адамга тийди. Ал эми эксперимент мектепти өзү туулуп-өскөн айылында жана Ак-Суу районунун Кереге-Таш айылында ачкан экен. Танапис учурунда классикалык музыкаларды коюп, ойдун, ой чабыттын өзгөрүшүн аныктаган. Мен агай менен беш жыл иштештим. "Камбаркан" этнографиялык ансамблинин музыкасын изилдегендердин бири болгон. Бул киши чоң сынчы болгондуктан баары аны менен эсептешип турар эле. Салиевдин 100 жылдыгын жок дегенде илимий чөйрөдө белгилөө максатында жалпы философтор чогулуп эскердик. Илимий конференция өттү.
— Эмгеги убагында бааландыбы?
К.К.: — Ооба, убагында Манас ордени жана эки жолу Ардак белгиси менен сыйланды. Согуштан да алган медаль, ордендери бар.
Ө.К: — Бул киши атайын докторлукту жактаган жок. Ар бир китеби он докторлукка татыйт. Кандидат, академик болгон жалгыз ушул Азиз Салиев.
Н.С.: — Мен 1993-жылдан 1996-жылга чейин академияда иштеп калдым. 1995-жылы биздин мурунку директор, академик Осмон Тогузаков мени Азиз Абдыкасымовичке ээрчитип барып, "бүгүндөн баштап кечинде ушул жигит сизди үйүңүзгө алып барат" деди. Кечинде бешке беш мүнөт калганда бардым, ошондо агай колу менен саатынын жебесин кармалап көрүп, "сен кандай баласың. Саат бешке беш мүнөт калган экен. Бар, дагы беш мүнөттөн кийин келесиң" деди. Чыгып кеттим. Кошуна кабинетте элем, беш мүнөт өтүп кайра келдим. Келсем, агай даяр экен. Эшикке чыктык, Илимдер академиясынын алдындагы аялдамага агайды жетелеп баратам. Дайыма сол жагында жүрчү элем, бир убакта мени капталга бир койду да, "мени каякка алып баратасың" деди. "Агай, аялдамага, троллейбуска түшпөйбүзбү" десем, "бар, жогол. Чакыр Тогузаковду" деди. "Анда эмне кылабыз?" десем, жолду түшүндүрүп берди. Ошону менен жетелеп алып келдим, короосуна жеткенде "бар, кете бер" деп койду. 1,5 жыл чогуу жүрдүм.
Бул киши менен философия, кыргыз интеллигенциясы тууралуу көп сүйлөшкөнбүз. Теоретик гана эмес, практик да эле. Тоңдогу мектепке ысымы ыйгарылган. "Кыргыз искусствосу" деген эки жолу басылып чыккан китеби азыркыга чейин пайдаланылат. Ал эми агайдын ойго карата берген аныктамасы дүйнөлүк корифейлерден бир аз айырмаланат.
— Агайды кырс адам болчу деп мүнөздөдүңүздөр. Достору кимдер эле?
Ө.К.: — Өзү да, достору да фронтчулар эле... Ошол кездеги мамлекеттин жетекчилери эсептешип турушчу. Бир окуясына өзүм да күбө болгом. Той өткөрүү жана сөөктү жерге берүү боюнча эки китеп жазды. Жетекчилик менен макулдашылган окшойт. Бир ирет кабинетинде Абсамат Масалиевге чалып, "мына, китептер чыкты" деп айткан эле. Кийин Аскар Акаевге чалып кадимкидей эле көрсөтмө берип койгонун көргөм. Бул жагынан алганда кандан, бектен кайра тартпаган киши болгон. Өтө жөнөкөй киши эле. Муктар Ауэзов, Саякбай Каралаев жана биздин залкар акындарыбыз тууралуу көп айтып берчү. Академияда Азиз Нарынбаев экөө жакын достордон эле. Экөө тең согуштун залакасын тартышкан.

29 Жетинин айы 2025, 19:04