00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
3 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
20:00
5 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Эмгектери дүйнө китепканаларында турса да эли толук тааный элек Азиз Салиев. 9 факт

© Photo / Unsplash / Debby HudsonКитептер. Иллюстративдик сүрөт
Китептер. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.11.2025
Жазылуу
Өлкөбүздүн коомчулугу 100 жылдыгын белгилеп жаткан Азиз Салиев абдан билимдүү, эрудициясы бай, чыгармачылыгы бир тармакка батпай, адабият таануу, эстетика, психология, философия, логика багыттарында эмгектерин жазган, Кыргыз ССРинин жазуучулар союзун жетектеген, академиялык илимдин өнүгүшүнө өзгөчө эмгек сиңирген, журналист-публицист, жазуучу, котормочу болгон. Анын эмгектери ушул тапта Брюсселде, АКШ Конгрессинин китепканасында, дүйнөнүн эң атактуу окуу жайлары Гарвард жана Оксфорд университеттеринде окуу үчүн коюлган. Бирок, ырасын айтуу керек, даңазалуу жердешибиздин эмгектерин өзүбүз жакшы өздөштүрө элекпиз...
Төмөндө окурмандарыбызга академик Азиз Салиев тууралуу 9 фактыны сунуш этебиз.
Туулган жери, балалыгы. Азиз Салиев 1925-жылы 10-ноябрда Ысык-Көлдүн Тоң районундагы Кольцовка айлында туулган. Азыркы Бөкөнбаев атындагы кыштак. Тосор айылындагы тоо арасында туулган деген да маалыматтар бар. Атасы Абдыкасым Бекбоев мугалим болгон. Азиз Саруу айылындагы жети жылдык мектепти бүтүргөн. Ал кездеги айылдар үчүн бул чоң окуу эле. Ошол билим менен 1940-жылы Фрунзедеги бирден-бир жогорку окуу жайы болгон педагогикалык институттун даярдоо бөлүмүнө келип кирген.
Согушта калган жаштыгы. Атасы согуш башталары менен майданга кетип, бир жыл өтпөй "кара кагаз" келет. Мына ошондо баланын оюна "фашисттерден атамдын өчүн алышым керек" деген чечим келет. Райондун борбору Кольцовкадагы чакыруу пунктуна келсе, 17деги жигитти "жашың толо элек экен" деп албай коёт. Көгөрүп туруп алганда аргасыздан аскерге алып, "өлүм майданына" эмес, Түркмөнстандын Термез шаарына окууга жиберишет. Бул 1942-жыл эле. Улан аскердик-пулёметчулар окуу жайына түшүп, жалпы курсту эки айда тездетилген программа менен окуп бүтүп, лейтенант деген аскердик наам алып "өч алуу" үчүн 2-Украина фронтунун 110-гвардиялык дивизиясынын пулёметчулар расчетуна командир болуп урушка кирет. Согушта Румыния, Венгрия, Батыш Украина жерлерин фашисттерден бошотууга катышат. Пулёметчулар чабуулдун алдыңкы чегинде жүргөн. 1943-жылы Будапешт шаарын алуу үчүн салгылашта катуу жарадар болот да, тогуз ай ооруканада жатып, андан соң майыптыгы (контузия) боюнча жерине кайтарылат. Ошондон кийин көзү да жакшы болбойт, 1970-жылы I топтогу майыптык берилип, эмгектерин бирөөлөрдүн жардамы менен кагазга түшүрүп жүрөт.
Студенттик жана аспиранттык жылдары. Ал согуштан келгенден кийин пединституттагы окуусун улантып, анын орус тили жана адабияты бөлүмүн 1947-жылы артыкчылык менен бүтүрүп, СССР Илимдер академиясынын Философия институтунун аспирантурасына кирген. Орусча мыкты жаза билген илбериңки жигитке белгилүү философ жана коомдук ишмер Дмитрий Чеснаков жетекчи болот. Марксистик-лениндик философиянын көрүнүктүү теоретигинин жана кадыр-барктуу окумуштуунун жетекчилигинде 1951-жылы орус тилинде кыргыз социалисттик улутунун калыптанышы жана өнүгүшү боюнча ("Формирование и развитие киргизской социалистической нации" деген темада) философия илимдеринин кандидаты деген окумуштуулук даражага жеткен.
Окутуучулук жана илимий иштер. 1952-1953-жылдары Кыргыз мамлекеттик университетинин марксизм-ленинизм кафедрасында улук окутуучу, Кыргызстан КП Борбордук Комитетинин алдындагы республикалык партиялык мектептин тарых, диалектикалык материализм кафедрасынын башчысы болуп иштеди. Бул жерде республиканын жетекчи кадрлары даярдалган, ошолордун көбү бул кишинин сабактарын өмүр бою эстен чыгарбай жүргөндүгүн айтышчу.
Жазуучулар союзуна төрага болуп шайланган. XX кылымдын 50-жылдарында адабияттагы советтик идеологияга туура келбеген көп нерселер айтылып жатты. 1952-жылы "Манас" эпосунун элдүүлүгү жөнүндө Бүткүл союздук конференция өттү, Кубанычбек Маликовдун "Балбай" поэмасы катуу сындалды, ж.б.у.с. окуялар Жазуучулар союзуна жаңы, таза, адабият теориясын мыкты билген адамдын жетекчи болуп келишин шарттады. Бул ишти Кыргызстан КП БКнын биринчи катчысы Исхак Раззаков өзү колго алып, 1953-жылы Азиз Салиевге жазуучуларга жетекчилик кылуу кызматы тапшырылган. Жазуучу журту бул кезде токомбаевчилер, сыдыкбековчулар ж.б. болуп бөлүнүп, биринин үстүнөн бири арызданып эле жаткан. Мына ушул "ызы-чуулуу" жерге келип, Салиев жазуучуларды бир аз болсо да араздаштырбай турган. Жазуучулар союзун жетектеп турган кезде бир убакта катуу сындалган Аалы Токомбаевдин "Кандуу жылдар" романы "Таң алдында" деп, Түгөлбай Сыдыкбековдун "Кең-Суу" романы "Тоо арасында" болуп оңдолуп чыкты. Биринчи чыгарма Токтогул атындагы республикалык мамлекеттик сыйлыкка, экинчи чыгарма СССРдин сталиндик сыйлыгына татыды, Касымалы Жантөшев "Каныбек" романын оңдоп чыкты, Төлөгөн Касымбековдун "Адам болгум келет" повестинин жана "Сынган кылыч" романынын чыгышына шарт түзүп берди. Шүкүрбек Бейшеналиев, Насирдин Байтемиров, Омор Султанов сыяктуу таланттардын жолун ачты. Адабият таануу жана адабий сын жыйнактары чыга баштады (Кеңешбек Асаналиев, Шаршенбек Үмөталиев, Бүбү Керимжанова, Мухтар Борбугулов), "Манас" эпосунун бириктирилген кошмо варианты төрт китеп болуп жарык көрдү. 1957-жылы 18-20-январда КЖСтин IV пленуму кыргыз прозасынын маселелерине арналып, Азиз Салиевдин "КПССтин XX съездинин чечимдерине ылайык кыргыз совет адабиятынын милдеттери" деген темада даярдаган доклады партиялык төбөлдөр тарабынан да, жазуучулар тарабынан да жогору бааланган. Ал 28 жашынан 1959-жылга чейин жазуучулар армиясын офицерлердей башкарган, адабияттын Аалы Токомбаев, Түгөлбай Сыдыкбеков, Темиркул Үмөталиев, Кубанычбек Маликов сыяктуу дөө-шаалары аны "биздин бала жетекчи" деп коюшчу экен. Дал ушул Азиз Салиев Кыргызстан Жазуучулар союзунун төрагасы болгон алты жыл кыргыз адабиятынын "гүлдөө доору" болду, "алтымышчылар" генерациясы адабиятыбызга дүйнөлүк классикалык адабияттын эстетикалык сабактарын алып келди.
Скульптор-монументалист, педагог-профессор Тургунбай Садыков. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.11.2025
Кыргызда жок өнөрдүн ээси Тургунбай Садыков 90 жашта. Фактылар
Илимдер академиясындагы тоодой эмгектери. Ал көрүү жагынан көп кыйналган, ошого карабай илим дүйнөсүнө баш-оту менен кирди. 1954-жылы Кыргыз ССРинин Илимдер академиясы өзүнчө бөлүнүп чыкканда бул уюмдун академиктерин жана мүчө-корреспонденттерин шайлоо керек болду. Ошентип биринчи курамда мүчө-корреспондент болуп шайланды. Адатта, илимдин доктору болбосо мүчө-корреспондент да, андан жогору академик да болбойт. Таң каларлыгы — бул кишиге доктор болбой туруп эле бул эки наамды тең ыйгарып келишкен. 1960-жылы Кыргыз ССРинин Илимдер академиясынын 13 кызматкерден турган Философия жана укук институтуна башчы болуп, ишин улантты. Дал ушул мекемеде ал фундаменталдуу эмгектерин жазды, аспиранттарды даярдап чыгарды, 1985-жылы Кыргыз ССРинин илимине эмгек сиңирген ишмери наамын алып, 1993-жылы КР УИАнын ардактуу мүчө-академиги болуп шайланган, 1997-2002-жылдары КР УИАнын вице-президенти кызматында иштеди. Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыкка татыды.
Адабий сындын эстетикалык деңгээлин жогорулаткан. Ал 1952-жылы Аалы Токомбаевдин "Ырлар" деп аталган тандалмаларына көлөмдүү баш сөз жазат, ошондон соң "Советтик чындыкты бурмалоого каршы", "Адабий сынды турмуштун өсүп бараткан талаптарынын деңгээлине көтөрөлү", "Поэзия жөнүндө пикирлер", "Советтик кыргыз адабиятынын абалы жана милдеттери", "Азыркы турмуш жана көркөм адабият" деген макалаларын жаратат. Булардын бир тобу кызматтык ишине байланыштуу баяндама, доклад түрүндө жазылса, айрымдары атайын жазылган. Анын ушул эмгектери аркылуу адабият таануунун профессионалдык арымы кеңейген, адабий сын адабий көрүнүштөрдү эстетикалык багытта талдоого өткөн, мурунку балтиндик-самагановдук-нуровдук "найзакер" вульгардык "шылып түшмө" сындан арылуунун жолун көрсөткөн. Кыргыз адабий сыны эстетикалык табит менен талдоонун маданиятын үйрөнгөн. Ошол 50-60-жылдарда анын макалалары жалпы союздук деп эсептелген "Дружба народов" журналына, "Литературная газетага", "Литературная Россия" деген басылмаларга чыгып, жалпы союзда кыргыз адабий сыны да, эстетик сынчысы да бар экенин ушул киши көрсөтүп берген. Жалпы эле СССРдеги илимде жаңылык болгон "Жизнь – в стихих (Заметки об эстетической природе поэзии)" деген китебин 1962-жылы чыгарды. Бул эмгектен жалпы союздагы гана эмес, чет өлкөлөрдөгү көптөгөн философтор, эстетиктер шилтемелерди ала баштады. Жаш акындар поэзиянын эстетикасын ушул китептен үйрөндү. Кыргыз тилинде жазган "Илим динди ашкерелейт" (1961) жана "Акыл-эс дүйнөсү жана көркөм элес" (1981) деген эмгектери анын өз эне тилинде да илимий ой жүгүртө аларын жана татаал философиялык түшүнүктөрдү, терминдерди кыргызча сонун эле чагылдырууга болорун көрсөттү. "Что такое мысль" (1970 жана 1971), "Мышление как система" (1974), "Человеческая психология и искусство" (1980), "Человек входит в мир" (1983), "Разум и время" (1986) деген орус тилинде жазылган эмгектери философиялык, эстетикалык, психологиялык ойлордун айкашы менен ширетелип, орусча илимий-публицистикалык стилде жазылгандыгы менен кыргыз окумуштуусунун даңазасын өз тармагында дүйнөлүк алкакка чыгарды.
Чыңгыз Айтматов жана Азиз Салиев. Жаш жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 1952-жылдан баштап орус тилинде гезиттерге чыккан макалаларын, аңгемелерин Азиз Салиев сынчы, философ жана жазуучу катары дыкаттык менен көз салып турган. Анын жазгандарын кол жазма түрүндө да окуп чыгып, зоотехник болуп иштеп жаткан кезде Москвадагы жогорку адабий курстан окуп келүүгө үндөгөн, өз колу менен жолдомо жазып берген, жаш адисти коё бергиси келбеген чарба жетекчилерин кадыр-баркы менен көндүргөн. "Эл душманынын" баласын Москвага окууга жиберүү үчүн жолдомо берүү ал кезде баталгага баш коюу менен барабар эле. Жаштык кубаты жана адабиятты зирек талдаган билгичтиги, көрөгөчтүгү менен Чыңгыз Айтматовдун дүйнөлүк адабиятка барар жолун ачкан. Жолдомодо Айтматов кыргыз жазуучуларынын бир нече чыгармасын орус тилине которгонун өзгөчө белгилеген. Кийин 1958-жылы, "Жамийла" повести чыкканда, аны лениндик сыйлыкка сунуш кылгандардын башында да ушул киши турган, ал жолу сыйлык албай калганда дагы бир жолу "Повести гор и степей" деген китебин сунуш кылган. Лениндик сыйлыкты алып келгенде Дагестанда ушундай эле сыйлык алган Расул Гамзатовго чоң там беришкенин айтып, жакшы бир үй берүүнү өкмөткө сунуш кылган. 1965-жылы Андрей Кончаловский "Мосфильм" киностудиясында жазуучунун повестин негиз кылып тарткан "Биринчи мугалим" фильминде улуттук салттар, жергиликтүү адамдар шылдыңдалып калган деп Москвага КПСС БКга арыз кат жазгандардын ичинде Азиз Салиев да болгон. Бул окуяда жазуучу экөө бир аз араздашып да жүргөн дешет.
Музыкалык мектептердин ачылышына салым кошкон. Эстетик сынчы кыргыздардын музыкага жакын болушун, музыкалык билим алуусун өзгөчө жактырган. Кийин өзүнүн ысымы ыйгарылган Тоң районундагы мектепте кеңейтилген программа менен музыкалык билим берүү тутумун иштеп чыккан, ал жерде дүйнөлүк классикалык композиторлордун чыгармаларын окутууга сунуштаган. Ак-Суу районундагы Кереге-Таш айлындагы мектепке да комузчулар ансамблин уюштурууга көмөк кылган, азыр кыргыз өнөрүн дүйнөгө таанытып жүргөн "Камбаркан" фольклордук-этнографиялык ансамблин, Карамолдо Орозов атындагы эл аспаптар, "Элес" эстрадалык ансамблдеринин түзүлүшүнө жана өнүгүшүнө да ушул киши салым кошкон. Азиз Салиев демилгелеп уюштурган музыкалык мектептер окуучулардын эстетикалык табитинин, эмоционалдык жана руханий сезимдеринин өсүшүнө оң таасирин тийгизген. Азиз Салиев 2012-жылы дүйнөдөн кайткан, быйыл анын 100 жылдыгы илимпоздор чөйрөсүндө белгиленди.
Геолог Муса Адышев жубайы Тенти Адышева менен. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.09.2025
Алымбек датканын чөбөрөсү, аты чокуга коюлган геолог Муса Адышев тууралуу 9 факт
Жаңылыктар түрмөгү
0