00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:00
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:00
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:00
5 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
18:00
6 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:00
5 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Жазылуу
Өлкөдө күйүүчү майдын запасы айдын соңуна чейин жетет, баа 15 пайызга өсүшү ыктымал. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, Россиядагы абалдан улам кыргызстандык май ташуучуларга бөлүнгөн көлөм чектелип, импорт кыйындоодо. Баанын кескин өсүшүнө жол бербөө үчүн Экономика министрлиги бир катар чараларды сунуштады: Салыктын жүгүн убактылуу азайтуу (акциздик салык, КНС, Жол фондуна чегерүү, күйүүчү майды маркалоо, экологиялык төлөм, сертификаттоо ж.б.). Учурда бул төлөмдөр күйүүчү майдын өздүк баасынын болжол менен 20% түзөт Нефтетрейдерлерге жеңилдетилген насыя берүү, аларга Россиянын заводдорунан кымбат баада күйүүчү май сатып алууга мүмкүнчүлүк жаратуу. Бул ыкма мурда да дефицит шартында натыйжалуулугун көрсөткөн
Ден соолукка зыян товарларга акциздик салыкты көтөрүп, калктын ден соолугуна кам көрүүгө болот. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Эркинбек Чечейбаев Бишкекте өткөн жугуштуу эмес ооруларды алдын алууга арналган иш-чарада билдирди. Анын айтымында, мындай чара жугушсуз оорулардан өлүм санын азайтуу максатында жасалып жатат. "Жугуштуу эмес оорулардын түйшүгү толугу менен саламаттык сактоо системасына жүктөлүүдө. Аларды алдын алуу, чечүү жолдору саламаттыкты сактоодон тыш турат. Эң натыйжалуусу — тамеки, алкоголь жана кант кошулган суусундуктарды жеткиликсиз кылып, жаш балдар оңой эле барып сатып ала албагандай болушу керек. Акциздик салыкты көбөйтүп, финансылык жеткиликтүүлүктү азайтабыз. Ошондой эле, мисалы, алкоголь менен тамеки атайын дүкөндөрдө гана сатылышы зарыл", — деди Чечейбаев. Министр бул багытта стратегия даяр болуп калганын кошумчалады. Экономика жана соода министрлигинин маалыматына ылайык, кийинки жылдын башында алкоголдук ичимдиктердин, тамеки каражаттарынын жана таттуу суусундуктардын баасы болжол менен 1,5-2 эсеге чейин жогорулашы мүмкүн.
Өлкөдө браконьерликке каршы иштер улантылууда. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти. Мекеменин маалыматына караганда, 22-октябрда Экологиялык жана техникалык көзөмөл башкармылыгы жана Ысык-Көл регионалдык башкармалыгы Ысык-Көлдү мыйзамсыз орнотулган синтетикалык торлордон тазалоо иштерин жүргүздү. Иш-чаранын жыйынтыгында болжол менен 2100 метр эски торлор алынды.
АКШ президенти Дональд Трамп РФ лидери Владимир Путин менен Будапештте боло турчу жолугушууну жокко чыгарганын билдирди. Бул тууралуу РИА Новости жазды. Америка башчысы Ак үйдө НАТО баш катчысы Марк Рютте менен жолуккандан кийин журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, тараптар тиешелүү натыйжага жетпей тургандай сезим жаралгандыктан ушундай чечимге келгенин айткан. "Президент Путин менен боло турган жолугушуудан баш тарттык. Туура эмес чечимдей сезим пайда болду. Керектүү максатка жетпейт сыяктанабыз", — деген Трамп журналисттерге. Ошол эле учурда РФ президенти менен келечекте жолугушарын, Украина маселесин жөнгө салуу оюнан кайтпаганын кошумчалаган.
Жаңылыктар түрмөгү
0