00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:00
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:00
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:00
5 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
18:00
6 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
7 мин
Стимул
Бишкектин ышын азайта турган жабдык ойлоп тапкан Амантур Салымбаев
15:08
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
5 мин
Стоп-кадр
34 Өлкөдөн барган 350 тасманын ичинен кыргыз фильмдери алдыңкы орундарды алды
17:06
40 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
45 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Жазылуу
БУУ Кыргызстанды өлүм жазасын киргизүү ниетинен тез арада кайтууга чакырды.БУУнун Адам укуктары боюнча Жогорку комиссары Фолькер Тюрк мындай кадам эл аралык укукту олуттуу буза турганын эскертти. Анын айтымында, дүйнөдөгү бир дагы сот системасы идеалдуу эмес, ошондуктан өлүм жазасы кайтарылса мамлекеттин колу менен күнөөсүз адам өлтүрүлүшү мүмкүн. Ал бул эл аралык документтерден чыгуунун жол-жобосу каралбаганын белгилеп, өлүм жазасын жокко чыгарган мамлекет кайра аны киргизе албай турганын белгилеген.“Кыргызстан көп жылдан бери өлүм жазасын жоюу боюнча позитивдүү тенденциянын бөлүгү болуп келди. Азыркы демилгелер өлкөнүн эл аралык милдеттенмелерине каршы келет”, — деди жогорку комиссар. Ошондой эле ал өлүм жазасы оор кылмыштарды азайтат же алдын алат деген далилдер жок экенин кошумчалаган.Кыргызстанда педофилдерге жана зордуктап өлтүргөндөргө өлүм жазасын киргизүү сунушталып, Конституцияга өзгөртүү киргизүү коомдук талкууга чыгарылган.
Кыргызстандын 150 мектебинде тиш дарылаган кабинеттерди ачуу пландалууда. Бул тууралуу Sputnik маалымат борборунда өткөн брифингде саламаттык сактоо министринин орун басары Каарманбек Байдавлетов билдирди. Анын айтымында, учурда тийиштүү эсептөөлөр жүргүзүлүүдө. Бишкек жана Ош шаарларында майыптыгы бар балдар үчүн клиникалар жана стоматологиялык бөлүмдөр иштеп жатат."Облустун борборлорунда, ири райондордо стоматологиялык кабинеттерди ачууну пландап жатабыз. Миңден ашык окуучусу бар мектептерде да пайда болот", — деди Байдавлетов. Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын балдар стоматологиясы кафедрасынын доценти Гүлнара Чолокова татаал кариес азыр бир жаштагы балдарда да байкалып жатканын белгиледи.
Электрондук навигациялык пломбалар чек арадан өтүүнү тездетип, жолдогу текшерүүлөрдүн санын азайтат. Бул тууралуу Евразиялык экономикалык комиссиянын бажылык кызматташуу министри Руслан Давыдов билдирди. ЕЭКтин коллегиясы кабыл алган чечимге ылайык, уюм ичиндеги жүк ташууларда 2026-жылдын февралынан тарта навигациялык пломбалар колдонула баштайт. Давыдовдун айтымында, навигациялык пломбалар товардын санын жана рынокту көзөмөлдөөгө жардам берет. "Чек арада бир күн туруп калган жүк ИДПнын өсүү темпин бир пайызга чейин жайлатат. Ал эми электрондук навигациялык пломбалар чек арадан өтүүнү тездетип, жолдогу текшерүүлөрдүн санын азайтат. Ошол эле учурда ак ниет ишкерлердин санын көбөйтөт", — деди ал. Эске салсак, навигациялык пломбаларды колдонуу боюнча келишимге 2022-жылдын 19-апрелинде кол коюлган. Документ 2023-жылдын 3-апрелинде күчүнө кирген. Аны ташылган товардын категориясына жана транспорттун түрүнө жараша акырындык менен киргизүү каралган.
Саламаттык сактоо министрлиги россиялык "гриппол+" вакцинасынан 63,7 миң доза сатып алып, аймактарга бөлүштүрдү. Бул тууралуу ведомствонун маалымат кызматы билдирди. Биринчилерден болуп медкызматкерлер, өнөкөт оорусу барлар, көп ооруган балдар, 65 жаштан жогору курактагылар жана кош бойлуулар эмделет. Бишкекте каалоочулар вакцинаны жеке медициналык борборлордо акы төлөп сайдыра алышат. Эмдөөнүн баасы 400 сомдон 1000 сомго чейин болот. Саламаттык сактоо министрлиги Кыргызстанда сентябрь айынын аягында сасык тумоо менен ооругандар көбөйгөнүн, анткен менен өлкөдө учурда эпидемиологиялык абал туруктуу экенин кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0