https://sputnik.kg/20251016/1097196002.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Sputnik Кыргызстан
Борбордук шайлоо комиссиясы парламенттик шайлоону өткөрүүгө 700 миллион сом сарптайт. Бул боюнча тийиштүү токтом 15-октябрда кабыл алынган. Ага ылайык... 16.10.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-10-16T13:00+0600
2025-10-16T13:00+0600
2025-10-16T13:16+0600
https://sputnik.kg/img/07e9/0a/10/1097195836_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_1ca0b65170875d78aef0582bc16c6f9a.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Sputnik Кыргызстан
Борбордук шайлоо комиссиясы парламенттик шайлоону өткөрүүгө 700 миллион сом сарптайт. Бул боюнча тийиштүү токтом 15-октябрда кабыл алынган. Ага ылайык, мөөнөтүнөн мурда өтө турган парламенттик шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө жалпы 700 миллион сом жумшалат. Каражат төмөнкүчө бөлүштүрүлөт: 382,7 млн сом — БШК чыгымына; 259,2 млн сом — округдук шайлоо комиссияларынын чыгымына; 58 млн сом — чет өлкөлөрдө жүргөн кыргыз жарандарынын добуш берүүсүнө шарт түзүүгө. Бул өнөктүккө 30 округдук шайлоо комиссиясы жана 2 622 участкалык комиссия (анын ичинде 100ү чет өлкөлөрдө), жалпысынан 25 миңден ашуун киши иштейт.
Социалдык контракттын жаңы ыңгайлуу жол-жоболорун иштеп чыгуунун үстүндө иштер жүрүп жатат. Бул тууралуу эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Канат Сагынбаев бүгүн социалдык коргоо жана профсоюз кызматкерлеринин кесиптик күнүнө арналган салтанаттуу иш-чарада билдирди. Анын айтымында, буга чейин социалдык контракт долбоору ийгиликтүү ишке ашып, анын негизинде каржылык жардам алган жарандар арасында кирешесин миллиондогон суммаларга жеткиргендер да болгон. "Ошондуктан бул долбоорду дагы да ыңгайлуу жана жеткиликтүү кылуу максатында жаңы жол-жоболорду иштеп чыгып жатабыз. Мындан тышкары, министрлик социалдык кызматкерлер үчүн да шарттарды жакшыртуу боюнча иш алып барууда. Кызматкерлердин айлык маянасы жогорулатылып, иштөө шарттары жакшыртылууда. Унаалар менен камсыздалып, кызматкерлердин саны көбөйтүлүп жатат", - деп белгиледи министр.
Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери Бишкек шаарында жасалма спирт ичимдигин чыгарган цехти аныкташты. Мекеменин билдиришинче цехти текшерүү учурунда эски үлгүдөгү жана шектүү акциздик маркалар, куюу үчүн бош идиштер, капкактар жана белгилүү алкоголдук продукциялардын этикеткалары табылган. Алдын ала маалыматтарга ылайык, бул цехте даярдалган продукция жергиликтүү базарларда таратылып, сатылып келген. Салык кызматкерлери жеринде тиешелүү актыларды түзүп, материалдар юридикалык баа берүү үчүн укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилет.
Украинада тынчтык орнотууга Владимир Зеленскийди улам шыкактап жаткан Евробиримдиктин лидерлери жолтоо болууда. Бул тууралуу Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан маек куруп жатып айтканын РИА Новости жазды. Анын айтымында, эгер Батыш биримдиктүү болгондо кырдаал эчак жөнгө салынмак. "Европалыктар көшөгө артынан Зеленскийди улам шыкактап турбаганда Трамп эбак тынчтык орнотмок. Азыркы кырдаал ушундай. Эгер алар Трамптын саясатына каршы чыкпаганда биздин, европалыктардын, америкалыктар менен сөзүбүз бир болуп турганда тынч жашоо келет эле. Бирок европалык лидерлер согуштун уланышын каалап жатышат. Кадимкидей аскердик позициясы, аскердик стратегиясы, планы иштелип чыккан, бул тууралуу ачык эле айтышууда. Ушу тапта Трампты согушту улантууга ынандыруу аракети күч. Батыш биримдиктүү болгондо Россия менен Украина токтомок", — деген саясатчы.
Борбордук шайлоо комиссиясы парламенттик шайлоону өткөрүүгө 700 миллион сом сарптайт. Бул боюнча тийиштүү токтом 15-октябрда кабыл алынган. Ага ылайык, мөөнөтүнөн мурда өтө турган парламенттик шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө жалпы 700 миллион сом жумшалат. Каражат төмөнкүчө бөлүштүрүлөт: 382,7 млн сом — БШК чыгымына; 259,2 млн сом — округдук шайлоо комиссияларынын чыгымына; 58 млн сом — чет өлкөлөрдө жүргөн кыргыз жарандарынын добуш берүүсүнө шарт түзүүгө. Бул өнөктүккө 30 округдук шайлоо комиссиясы жана 2 622 участкалык комиссия (анын ичинде 100ү чет өлкөлөрдө), жалпысынан 25 миңден ашуун киши иштейт.Социалдык контракттын жаңы ыңгайлуу жол-жоболорун иштеп чыгуунун үстүндө иштер жүрүп жатат. Бул тууралуу эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Канат Сагынбаев бүгүн социалдык коргоо жана профсоюз кызматкерлеринин кесиптик күнүнө арналган салтанаттуу иш-чарада билдирди. Анын айтымында, буга чейин социалдык контракт долбоору ийгиликтүү ишке ашып, анын негизинде каржылык жардам алган жарандар арасында кирешесин миллиондогон суммаларга жеткиргендер да болгон. "Ошондуктан бул долбоорду дагы да ыңгайлуу жана жеткиликтүү кылуу максатында жаңы жол-жоболорду иштеп чыгып жатабыз. Мындан тышкары, министрлик социалдык кызматкерлер үчүн да шарттарды жакшыртуу боюнча иш алып барууда. Кызматкерлердин айлык маянасы жогорулатылып, иштөө шарттары жакшыртылууда. Унаалар менен камсыздалып, кызматкерлердин саны көбөйтүлүп жатат", - деп белгиледи министр.Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери Бишкек шаарында жасалма спирт ичимдигин чыгарган цехти аныкташты. Мекеменин билдиришинче цехти текшерүү учурунда эски үлгүдөгү жана шектүү акциздик маркалар, куюу үчүн бош идиштер, капкактар жана белгилүү алкоголдук продукциялардын этикеткалары табылган. Алдын ала маалыматтарга ылайык, бул цехте даярдалган продукция жергиликтүү базарларда таратылып, сатылып келген. Салык кызматкерлери жеринде тиешелүү актыларды түзүп, материалдар юридикалык баа берүү үчүн укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилет.Украинада тынчтык орнотууга Владимир Зеленскийди улам шыкактап жаткан Евробиримдиктин лидерлери жолтоо болууда. Бул тууралуу Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан маек куруп жатып айтканын РИА Новости жазды. Анын айтымында, эгер Батыш биримдиктүү болгондо кырдаал эчак жөнгө салынмак. "Европалыктар көшөгө артынан Зеленскийди улам шыкактап турбаганда Трамп эбак тынчтык орнотмок. Азыркы кырдаал ушундай. Эгер алар Трамптын саясатына каршы чыкпаганда биздин, европалыктардын, америкалыктар менен сөзүбүз бир болуп турганда тынч жашоо келет эле. Бирок европалык лидерлер согуштун уланышын каалап жатышат. Кадимкидей аскердик позициясы, аскердик стратегиясы, планы иштелип чыккан, бул тууралуу ачык эле айтышууда. Ушу тапта Трампты согушту улантууга ынандыруу аракети күч. Батыш биримдиктүү болгондо Россия менен Украина токтомок", — деген саясатчы.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/0a/10/1097195836_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_74d815ce05b6cac2508053991b27525d.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио